Башталыш 27:1-46 KYB2004 - Bible AI

1Ыскак картайып, көзү начарлап калганда, тун уулу Эйсапты чакырып: «Уулум!» – деди. Ал ага: «Мына мен», – деди.

2Ыскак уулуна мындай деди: «Мен эми картайып калдым, качан өлөрүмдү билбейм.

3Сен азыр куралдарыңды, саадагыңды, жааңды алып, талаага барып, мага илбээсин атып кел.

4Мен жакшы көргөн тамакты бышырып, алдыма алып кел. Өлөрдөн мурун сага батамды берейин».

5Ыскак уулу Эйсапка ушул сөздөрдү айтып жатканда, Ребека угуп турган эле. Эйсап талаага илбээсин атып келгени жөнөп кетти.

6Ребека болсо уулу Жакыпка: «Мен азыр бир тууганың Эйсапка атаңдын:

7“Илбээсин атып келип, мага тамак бышырып бер. Мен аны жеп, өлөр алдымда Теңир алдында сага батамды берейин”, – дегенин уктум.

8Эми, уулум, сага айта турган сөзүмө кулак салып, айтканымды аткар.

9Жайытка барып, эки жакшы улак алып кел. Мен алардын этинен атаңа жакшы көргөн тамагын жасап берейин.

10Аны атаңа алып бар, ал жеп, өлөр алдында сага батасын берсин», – деди.

11Жакып апасы Ребекага: «Бир тууганым Эйсап түктүү, мен болсо түксүзмүн.

12Атам мени сыйпалап көрсө, мен анын алдында алдамчы болуп, бата ордуна каргыш алып калбайын», – деди.

13Апасы уулуна: «Уулум, сага тие турган каргыш мага тийсин. Менин сөзүмдү гана угуп, айтканымды алып кел», – деди.

14Ал барып, апасына айтканын алып келди. Апасы анын атасына жакшы көргөн тамагын жасап берди.

15Анан Ребека үйүнөн тун баласы Эйсаптын жакшы кийимдерин алып, кенже уулу Жакыпка кийгизди.

16Ал эми колдору менен мойнун улактардын териси менен ороп койду.

17Анан өзү жасаган тамак менен нанды уулу Жакыптын колуна берди.

18Ал атасына кирип: «Ата!» – деди. Атасы: «Мына мен, сен кимсиң, уулум?» – деди.

19Жакып атасына: «Мен тун уулуң Эйсапмын. Айтканыңды аткардым. Өйдө болуп отуруп, мен алып келген илбээсиндин этинен же, анан мага батаңды бер», – деди.

20Ошондо Ыскак уулунан: «Кантип бат эле таап келе койдуң, уулум?» – деп сурады. Ал ага: «Сенин Кудай-Теңириң Өзү алдыман чыгарды», – деп жооп берди.

21Анан Ыскак Жакыпка: «Жакын келчи, уулум, мен сени сыйпалап көрөйүн, сен уулум Эйсапсыңбы же ал эмессиңби?» – деди.

22Жакып атасы Ыскакка жакын келди. Ал аны сыйпалап көрүп: «Yнү – Жакыптын үнү. Колу – Эйсаптын колу», – деди.

23Ошентип, ал аны тааныган жок, анткени анын колдору бир тууганы Эйсаптыкындай түктүү эле. Анан ага батасын берди.

24Ал дагы бир жолу: «Эйсап, бул сенсиңби?» – деп сурады. Жакып болсо: «Ооба, менмин», – деп жооп берди.

25Ошондо Ыскак ага: «Алып бер, мен уулум алып келген илбээсиндин этинен жеп, ага батамды берейин», – деди. Жакып ага тамакты алып берди, ал жеди. Ал шарап да алып келди, ал аны да ичти.

26Анан атасы Ыскак ага: «Уулум, жакын келип, мени өпчү», – деди.

27Ал ага жакын барып, аны өптү. Ошондо Ыскак анын кийиминин жытын сезип, ага мындай деп батасын берди: «Бул – Теңир батасын берген талаанын жытындай болгон уулумдун жыты.

28Кудай сага асман шүүдүрүмүн, жердин семизин берсин, нан менен шарапты мол берсин.

29Элдер сага кызмат кылышсын, уруулар сага баш ийип таазим этишсин. Бир туугандарыңдын төрөсү бол, энеңдин уулдары сага баш ийип таазим этишсин. Сени каргагандар каргышка калышсын, алкагандар бата алышсын».

30Ыскак Жакыпка батасын берип бүткөндөн кийин, Жакып атасы Ыскактын алдынан чыгып кетери менен, бир тууганы Эйсап аңчылыктан келди.

31Ал да атасына тамак бышырып алып келип: «Тур, ата, уулуң алып келген илбээсиндин этинен же, анан мага батаңды бересиң», – деди.

32Атасы Ыскак андан: «Сен кимсиң?» – деп сурады. Ал: «Мен тун уулуң Эйсапмын», – деп жооп берди.

33Ошондо Ыскак аябай коркуп, калтырап кетип, мындай деди: «Сен келерден мурда мага илбээсиндин этин алып келген ким эле? Сен келгиче, мен анын бардык тамагынан жеп, ага батамды бердим, эми ал баталуу болот».

34Эйсап атасынын сөздөрүн укканда, боздоп ыйлап жиберди. Анан: «Ата! Мага да батаңды бер», – деди.

35Бирок ал: «Бир тууганың куулук менен келип, сенин батаңды алып кетти», – деди.

36Ошондо Эйсап: «Ага Жакып деген ат бекеринен коюлган эмес тура, анткени ал мени эки жолу алдап кетти. Ал менин тунгучтугумду алды, эми менин батамды да алды», – деди. Анан ал атасынан: «Кантип эле сен мага батаңдан калтырган жоксуң?» – деп, дагы сурады.

37Ыскак Эйсапка: «Мен аны сенин мырзаң кылдым, бардык бир туугандарыңды да ага кулчулукка бердим. Нан менен шарапты мол бердим. Эми сага эмне кыла алам, уулум?» – деп жооп берди.

38Бирок Эйсап атасына: «Ата, кантип эле сенин бир эле батаң болсун? Мага да батаңды бер, ата!» – деп, озондоп ыйлады.

39Ошондо атасы Ыскак ага мындай деп жооп берди: «Сен семиз жерде, асман шүүдүрүмү менен сугарылган жерде жашайсың.

40Кылычың менен жашап, бир тууганыңа кызмат кыласың, бирок ага каршы чыгып, мойнуңдан анын моюнтуругун алып таштай турган мезгил да келет».

41Ошондо Эйсап атасы берген бата үчүн Жакыпты жек көрүп калды. Анан Эйсап ичинен: «Атамды жоктоп ыйлай турган күндөр жакындап калды. Ошондон кийин бир тууганым Жакыпты өлтүрөм», – деди.

42Ребекага тун уулу Эйсаптын сөздөрүн айтып келишти. Ошондо ал киши жиберип, кичүү уулу Жакыпты чакыртып: «Сени бир тууганың Эйсап өлтүргөнү жатат.

43Эми, уулум, менин сөзүмдү угуп, ордуңан тургун да, Харандагы менин бир тууганым Лабандыкына кач.

44Бир тууганыңдын ачуусу тараганча, аныкында бир аз жашай тур.

45Бир тууганыңдын сага болгон ачуусу тарап, ага кылгандарыңды унутсун. Анан мен киши жиберип, ал жактан сени алдырып алам. Бир күндүн ичинде экөөңөн тең ажырап калгым келбейт», – деди.

46Анан Ребека Ыскакка: «Хет кыздарынан улам мен жашоого ыраазы эмесмин. Эгерде Жакып да бул жердин кыздарынан, Хеттин ушундай кыздарынан аял алса, анда мен жашап эмне кылам?» – деди.

>