1Ошондо Ыскак Жакыпты чакырып, ага батасын берип, мындай деп осуят кылды: «Канаан кыздарынан аял алба.
2Ордуңан туруп, Месопотамияга, апаңдын атасы Бетуелдин үйүнө бар, ал жерден апаңдын бир тууганы Лабандын кыздарынан аял ал.
3Кудуреттүү Кудай сага батасын берсин, сени укум-тукумдуу кылсын, сенден көптөгөн элдер тарасын.
4Кудай Ыбрайымга берген батасын сага да, сенин укум-тукумуңа да берсин. Кудай Ыбрайымга берген, азыр сен жашап жаткан жерди мураска ал».
5Ошентип, Ыскак Жакыпты коё берди. Ал Месопотамияга, Жакып менен Эйсаптын энеси Ребеканын бир тууганы арамейлик Бетуелдин уулу Лабандыкына жөнөп кетти.
6Эйсап Ыскактын Жакыпка бата бергенин, аны Месопотамияга жөнөтүп жатып: «Ошол жерден аял ал, Канаан кыздарынан алба», – деп осуяттаганын,
7Жакып атасы менен апасынын тилин алып, Месопотамияга жөнөп кеткенин көрдү.
8Эйсап ошондой эле Канаан кыздары атасы Ыскакка жакпаганын көрүп,
9Ысмайылга барып, Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын кызы Махалатты, Ныбайоттун карындашын, эки аялынын үстүнө аялдыкка алды.
10Жакып болсо Бейер-Шебадан чыгып, Харанга жөнөдү.
11Анан ал бир жерге келип, ошол жерге түнөмөкчү болду, анткени күн батып калган эле. Ошол жердин таштарынан бирди алып, башына жаздап, ошол жерге жатты.
12Ал уктап жатып, түшүндө жерде тепкич турганын көрдү. Тепкичтин башы асманга тийип туруптур. Кудайдын периштелери тепкич менен түшүп-чыгып жаткан экен.
13Теңир тепкичтин үстүндө туруп: «Мен Теңирмин, атаң Ыбрайым менен Ыскактын Кудайымын. Сен жаткан жерди Мен сага жана сенин укум-тукумуңа берем,
14сенин укум-тукумуң жер кумундай болот. Деңиз тарапка, чыгышка, түндүккө, түштүккө тарайсың. Сен аркылуу, сенин уругуң аркылуу жер бетиндеги бардык уруулар бата алышат.
15Эми Мен сени мененмин. Сен кайда барбагын, бардык жерде сени сактаймын жана сени бул жерге кайра алып келемин. Мен айткандарымды орундатмайынча, сени таштабаймын», – деди.
16Жакып ойгонуп: «Чын эле, Теңир бул жерде экен, мен болсо муну билген эмесмин!» – деди.
17Анан коркуп кетип: «Бул жер өтө коркунучтуу экен. Бул жер жөнөкөй жер эмес, Кудайдын үйү, асман дарбазасы турбайбы!» – деди.
18Жакып эртең менен эрте туруп, башына жазданган ташты алып, аны эстелик кылып коюп, үстүнө зайтун майын куйду.
19Анан ал жерди Бейтел деп атады. Ал эми шаардын мурунку аты Луз эле.
20Ошондо Жакып мындай деп убада берди: «Эгерде Кудай мени менен болсо, бара жаткан ушул жолдо мени сактай турган болсо, мага жей турган нан, кие турган кийим берсе,
21атамдын үйүнө тынчтык менен кайтсам жана Теңир менин Кудайым болсо,
22анда мен эстелик кылып койгон мына бул таш Кудайдын үйү болот. О, Кудайым, ошондо мен Сага Сен берген бардык нерсенин ондон бир бөлүгүн берем».