1Анан Жакып ордунан туруп, чыгыш уулдарынын жерине кетти.
2Ал талаадан кудук көрдү, анын жанында үч короо кой жаткан эле, анткени малды ошол кудуктан сугарышчу. Кудуктун оозунда чоң таш бар эле.
3Малдын баары ошол жерге чогулганда, кудуктун оозундагы ташты жылдырып, койлорду сугарышчу. Анан ташты кайрадан өз ордуна, кудуктун оозуна жылдырып коюшчу.
4Жакып алардан: «Бир туугандарым! Силер кайдансыңар?» – деп сурады. Алар: «Биз Харанданбыз», – деп жооп беришти.
5Ошондо Жакып алардан: «Силер Нахордун уулу Лабанды тааныйсыңарбы?» – деп сурады. Алар: «Тааныйбыз», – дешти.
6Ал алардан дагы: «Ал аман-эсен жүрөбү?» – деп сурады. Алар: «Аман-эсен жүрөт. Тигине, кызы Рахел койлорун айдап келе жатат», – деп жооп беришти.
7Жакып аларга: «Күн батканча көп бар. Малды айдап келер маал боло элек. Койлорду сугарып алып, жайганы кеткиле», – деди.
8«Бардык малды чогултмайынча, кудуктун оозундагы ташты жылдырышмайынча, койлорду сугара албайбыз», – дешти алар.
9Жакып алар менен сүйлөшүп турганда, Рахел атасынын майда малын айдап келип калды, анткени ал кой кайтарып жүргөн эле.
10Жакып таякеси Лабандын кызы Рахелди жана анын койлорун көргөндө, жакын келип, кудуктун оозунан ташты жылдырып, таякесинин койлорун сугарды.
11Анан Жакып Рахелди өөп, өксөп ыйлап жиберди.
12Ошондо Жакып Рахелге анын атасынын тууганы экенин, Ребеканын уулу экенин айтты. Рахел болсо чуркап барып, атасына айтты.
13Лабан карындашынын баласы Жакып жөнүндө угуп, анын алдынан чуркап чыгып, кучактап өөп, өз үйүнө киргизди. Анан Жакып Лабанга болгон окуяны айтып берди.
14Лабан болсо ага: «Чынында эле, сен менин өз сөөгүм, өз канымсың», – деди. Жакып аныкында толук бир ай турду.
15Анан Лабан Жакыпка мындай деди: «Сен тууган болгонуң үчүн эле мага бекер кызмат кылышың керекпи? Айтчы, акыңа эмне берейин?»
16Лабандын эки кызы бар эле. Улуусунун аты – Лея, кичүүсүнүн аты – Рахел.
17Леянын көзү начар көрчү, ал эми Рахелдин мүчөсү келишимдүү, өңү татынакай эле.
18Жакып Рахелди сүйүп калып: «Мен кенже кызың Рахел үчүн сага жети жыл кызмат кылам», – деди.
19Лабан ага: «Аны бөлөк бирөөгө бергенден көрө сага бергеним жакшы. Меникинде жашай бер», – деди.
20Ошентип, Жакып Рахел үчүн жети жыл кызмат кылды. Ал аны сүйгөндүктөн, бул жылдар ага бир нече күндөй эле көрүндү.
21Анан Жакып Лабанга: «Эми аялымды бер, анткени ага жакындаганга менин убактым келди», – деди.
22Лабан ал жерде жашаган адамдардын бардыгын чакырып, той өткөрдү.
23Кечинде ал кызы Леяны Жакыпка алып келди. Жакып ага жакындады.
24Лабан өз күңү Зилпаны кызы Леяга кызматчы кылып берди.
25Эртең менен ал Лея болуп чыкты. Ошондо Жакып Лабанга: «Бул эмне кылганың? Мен сага Рахел үчүн кызмат кылбадым беле? Мени эмнеге алдадың?» – деди.
26Лабан ага: «Биздин жерде улуусунан мурда кичүүсүн күйөөгө бербейт.
27Бул жуманы аякта. Андан кийин сага тигинисин да беребиз, сен ал үчүн дагы жети жыл меникинде кызмат кыласың», – деди.
28Жакып ошондой кылды, бир жуманы аяктады. Анан Лабан кызы Рахелди да ага аялдыкка берди.
29Лабан өз күңү Биланы кызы Рахелге кызматчы кылып берди.
30Жакып Рахелге да жакындады. Ал Леяга караганда Рахелди көбүрөөк сүйчү. Лабандыкында ал дагы жети жыл кызмат кылды.
31Анын Леяны сүйбөгөнүн көрүп, Теңир Леяны балалуу кылды. Ал эми Рахелдин согончогу канаган жок.
32Леянын боюна бүтүп, уул төрөп: «Теңир менин бактысыздыгыма назарын салды, эми күйөөм мени жакшы көрөт», – деп, анын атын Рубейин койду.
33Дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мен анын сүйбөгөн аялы экенимди Теңир угуп, мага муну да берди», – деп, анын атын Шымон койду.
34Дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мына эми күйөөм мага жабышат, анткени мен ага үч уул төрөп бердим», – деп, анын атын Леби койду.
35Анан дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мына эми мен Теңиримди даңктайм», – деп, анын атын Жүйүт койду. Ошондон кийин анын төрөтү токтоду.