Башталыш 3:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Кудай-Теңир жараткан бардык талаа айбанаттарынын ичинен жылан эң куу эле. Ал аялдан: «Кудай чын эле: “Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле”, – деп айтты беле?» – деп сурады.

2Аял жыланга мындай деп жооп берди: «Дарактардын жемиштеринен жесек болот.

3Кудай: “Өлүп калбашыңар үчүн, бейиштин ортосундагы бир гана дарактын жемишинен жебегиле, ага тийбегиле”, – деген».

4Ошондо жылан аялга: «Жок, өлбөйсүңөр,

5бирок Кудай силердин анын жемишинен жеген күнү көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды билет», – деди.

6Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы экенин, көзгө сүйкүм экенин көрдү. Ал билим бергендиктен, аялды өзүнө тартып турду. Аял анын жемишинен алып жеди. Анан күйөөсүнө да берди, ал да жеди.

7Ошондо экөөнүн тең көздөрү ачылып, өздөрүнүн жылаңач экенин билишти да, анжыр жалбырактарын бириктирип тигип, өздөрүнө алжапкыч жасап алышты.

8Күн салкын болуп турганда, бактын ичинде жүргөн Кудай-Теңирдин үнүн угуп, Адам менен аялы Кудай-Теңирдин жүзүнөн качып, бактагы дарактардын арасына жашынып калышты.

9Ошондо Кудай-Теңир Адамды: «Сен кайдасың?» – деп чакырды.

10Адам: «Бактан Сенин үнүңдү угуп, коркуп кеттим, анткени мен жылаңачмын, ошондуктан жашынып калдым», – деди.

11Кудай андан: «Жылаңач экениңди сага ким айтты? Мен сага жегенге тыюу салган дарактын жемишинен жедиңби?» – деп сурады.

12Ошондо Адам: «Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, мен жедим», – деп жооп берди.

13Анан Кудай-Теңир аялдан: «Бул эмне кылганың?» – деп сурады. «Мени жылан азгырды, ошондуктан жедим», – деп жооп берди аял.

14Ошондо Кудай-Теңир жыланга мындай деди: «Ушуну кылганың үчүн бардык малдардын, бардык талаа жаныбарларынын ичинен сага каргыш тийсин. Сен эми бооруң менен жылып, өмүрүң өткөнчө топурак жейсиң.

15Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың».

16Аялга болсо мындай деди: «Кош бойлуу кезиңде кайгыңды көбөйткөндөн көбөйтөм. Балдарыңды ооруп төрөйсүң. Күйөөңө тартылып турасың, ал сага үстөмдүк кылат».

17Адамга болсо мындай деди: «Аялыңдын тилин алып, “андан жебе” деп, Мен сага осуят кылган дарактын жемишинен жегениң үчүн, сенин айыңан жер каргышка калды. Сен эми өмүрүң өткөнчө жерден азап менен азыктанасың.

18Жер сен үчүн тикенек, отоо чөп өстүрүп чыгарат. Талаа өсүмдүктөрү менен азыктанасың.

19Өзүң алынган жерге кайра барганыңча, маңдай териң менен нан таап жейсиң, анткени сен топураксың, топуракка кайра барасың».

20Адам аялынын атын Обо койду, анткени ал жер үстүндө жашагандардын баарынын энеси болуп калды.

21Кудай-Теңир Адамга жана анын аялына терини кийим кылып кийгизди.

22Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Мына, Адам Биздей болуп жакшылык менен жамандыкты билип калды. Эми ал колун сунуп, өмүр дарагынын жемишинен да жеп алып, түбөлүккө жашап калбасын».

23Ошентип, Кудай-Теңир аны өзү жаратылган топуракты иштетсин деп, Эйден багынан кууп чыкты.

24Адамды кууп чыккандан кийин, чыгыштагы Эйден багынын жанына өмүр дарагына баруучу жолду кайтаруу үчүн, керупту жана айланып турган оттуу кылычты коюп койду.