Башталыш 30:1-43 KYB2004 - Bible AI

1Рахел өзүнүн Жакыпка бала төрөп бербей жатканын көрүп, эжесине көз артып, Жакыпка: «Мага бала бер, болбосо мен өлөм», – деди.

2Жакып Рахелге ачууланып: «Сага бала бербеген Кудай менминби?» – деди.

3Рахел ага: «Менин кызматчым Билага жакында, ал менин тиземе төрөп берсин, ал аркылуу мен да балалуу болоюн», – деди.

4Ошентип, ал өзүнүн кызматчысы Биланы ага аялдыкка берди. Жакып ага жакындады.

5Биланын боюна бүтүп, Жакыпка уул төрөп берди.

6Ошондо Рахел: «Кудай мага калыстык кылып, менин үнүмдү угуп, уул берди», – деп, анын атын Дан койду.

7Рахелдин кызматчысы Биланын дагы боюна бүтүп, Жакыпка экинчи уулун төрөп берди.

8Ошондо Рахел: «Эжем менен катуу кармашып, жеңип чыктым», – деп, анын атын Напталы койду.

9Лея өзүнүн төрөтү токтоп калганын көрүп, өз кызматчысы Зилпаны Жакыпка аялдыкка берди.

10Леянын кызматчысы Зилпа да Жакыпка уул төрөп берди.

11Ошондо Лея: «Баш кошулду», – деп, анын атын Гат койду.

12Леянын кызматчысы Зилпа Жакыпка экинчи уулун төрөп берди.

13Ошондо Лея: «Бул менин багыма. Эми аялдар мени бактылуу дешет», – деп, анын атын Ашыр койду.

14Рубейин буудайды оруп-жыюу маалында талаага чыгып, мандрагор таап алып, энеси Леяга берди. Ошондо Рахел Леяга: «Уулуң алып келген мандрагорлорду мага берчи», – деди.

15Бирок Лея ага: «Күйөөмдү тартып алганың аз келгенсип, уулум алып келген мандрагорлорду да тартып алгың келип жатабы?» – деди. Рахел ага: «Андай болсо уулуңдун мандрагорлору үчүн Жакып бүгүн түнү сени менен жатсын», – деди.

16Жакып кечинде талаадан келе жатканда, Лея алдынан тосуп чыгып: «Меникине кир, анткени мен сени уулумдун мандрагорлоруна сатып алдым», – деди. Бул түнү Жакып Лея менен жатты.

17Ошондо Кудай Леяны укту. Анын боюна бүтүп, Жакыпка бешинчи уулун төрөп берди.

18Анан Лея: «Кызматчымды күйөөмө бергеним үчүн Кудай мага тиешемди берди», – деп, анын атын Исахар койду.

19Леянын дагы боюна бүтүп, Жакыпка алтынчы уулун төрөп берди.

20Ошондо Лея: «Кудай мага эң сонун белек берди. Эми күйөөм меникинде жашайт, анткени мен ага алты уул төрөп бердим», – деп, анын атын Забулун койду.

21Андан кийин кыз төрөп, анын атын Дина койду.

22Кудай Рахелди эстеди. Кудай анын үнүн угуп, аны балалуу кылды.

23Рахелдин боюна бүтүп, уул төрөп: «Кудай мени шылдыңдан арылтты», – деди.

24Ал: «Теңир мага дагы башка уул берет», – деп, анын атын Жусуп койду.

25Рахел Жусупту төрөгөндөн кийин, Жакып Лабанга мындай деди: «Эми мени коё бер, мен өз ордума, өз жериме барайын.

26Мага аялдарым менен балдарымды бер, мен алар үчүн сага кызмат кылдым. Эми мен кетейин, анткени сен менин сага кылган кызматымды билесиң».

27Ошондо Лабан: «О, мен сенин алдыңда ырайым тапсам кана! Теңир мага сен үчүн бата бергенин билип турам», – деди.

28Анан дагы: «Кызмат акыңды айт, эмне сурасаң, ошону берейин», – деди.

29Жакып ага: «Мен сага кандай кызмат кылганымды, менин убагымда малың кандай көбөйгөнүн билесиң.

30Мага чейин сенин малың аз эле, азыр көп болуп калды. Мен келгенден тартып, Теңир сага батасын берди. Эми мен качан өз үйүм үчүн иштейм?» – деди.

31Ошондо Лабан: «Сага эмне берейин?» – деди. «Мага эч нерсе бербей эле кой. Менин айтканымды гана кылсаң, сенин койлоруңду кайрадан кайтарам.

32Мен бүгүн койлоруңдун баарын аралап чыгам. Сен андан темгили бар, тагы бар малдын баарын, кара койлорду, ошондой эле темгили бар, тагы бар эчкилерди бөлүп кой. Ушундай мал менин кызмат акым болсун.

33Кийин сен менин кызмат акымды көргөнү келгениңде, сага менин ордума адилеттигим айтып турсун. Мендеги темгили жок, тагы жок ар кандай эчкилер жана кара эмес койлор уурдалган болуп эсептелет», – деди Жакып.

34«Жакшы болот, сен айткандай болсун», – деди Лабан.

35Ошентип, Лабан ошол күнү бардык ала-була, тагы бар текелерди, темгили бар, тагы бар эчкилерди, бир аз агы бар эчки-текелердин баарын, кара койлорду бөлүп алып, өзүнүн уулдарынын колуна өткөрүп берди.

36Анан ал өзү менен Жакыптын ортосуна үч күн жол жүрчү аралыкты белгиледи. Жакып болсо Лабандын калган кой-эчкилерин кайтарып калды.

37Жакып жаш тал, бадам, чынар чырпыктарын алып, алардын кабыгын тилке-тилке кылып кесип, кесилген жерлерди агарта аарчыды.

38Анан тилке салынган чыбыктарды малдын алдына, суу куюлуучу аштоолорго таштап койду. Ал жерге мал суу ичкени келчү. Алар ал жерге суу ичкени келип, чыбыктардын бет маңдайында уруктанышчу.

39Ошентип, чыбыктардын бет маңдайында уруктанган малдан ала-була, темгили, тагы бар мал туулду.

40Ошондо Жакып козуларды бөлүп алып, алардын бет маңдайына Лабандын ала-була жана кара койлорун койду. Ал өз малын өзүнчө кармап, Лабандын малына кошчу эмес.

41Тыңыраак мал уруктанарда, чыбыктардын бет маңдайында уруктанышы үчүн, Жакып чыбыктарды малдын алдына, аштоолордун ичине таштап койчу.

42Ал эми чабыр мал уруктанарда, чыбыктарды таштачу эмес. Ошондуктан Лабанга чабыр мал, Жакыпка тың мал тийип турду.

43Ошентип, Жакып өтө бай адам болду. Анын көптөгөн майда малы, күңдөрү, кулдары, төөлөрү, эшектери болгон.

>