1Ошондо Жакып Лабандын уулдарынын мындай сөздөрүн укту: «Жакып биздин атабыздын бардык нерсесин ээлеп алды, ал ушул байлыктын баарын атабыздын мал-мүлкүнөн жыйып алды».
2Жакып Лабандын жүзүн караса, ал аны мурдагыдай карабай калыптыр.
3Ошондо Теңир Жакыпка: «Ата-бабаларыңдын жерине, өзүңдүн мекениңе кайт. Мен сени менен боломун», – деди.
4Жакып киши жиберип, Рахел менен Леяны талаага, койлорунун жанына чакыртып алды.
5Жакып аларга: «Мен атаңардын мурдагыдай карабай калганын көрүп турам. Бирок атамдын Кудайы мени менен болду.
6Силер менин атаңарга бүт күчүм менен кызмат кылганымды билесиңер.
7Атаңар болсо мени алдап, кызмат акымды он жолу алмаштырды. Бирок анын мага жамандык кылуусуна Кудай жол берген жок.
8Ал мага “Темгилдүү мал сенин кызмат акың болот” дегенде, малдын баары темгил тууду. Ал эми “Сенин кызмат акың ала-була мал болот” дегенде, малдын баары ала-була тууду.
9Ошентип, Кудай малды атаңардан тартып алып, мага берди.
10Бир жолу куут маалында, түшүмдө кууган текелердин баары ала-була, темгили, тактары бар текелер экенин көрдүм.
11Кудайдын периштеси түшүмдө мага: “Жакып!” – деди. Мен: “Мына мен”, – дедим.
12Ал мага: “Башыңды көтөрүп карачы, кууган текелердин баары – ала-була, темгили, тактары бар текелер, анткени Мен Лабандын сага эмне кылып жатканын көрүп турам.
13Мен сага Бейтелде келген Кудаймын, ошол жерде сен эстеликтин үстүнө зайтун майын куюп, ошол жерде Мага убада бергенсиң. Эми ордуңан туруп, бул жерден чыгып, өз мекениңе кайт”, – деди».
14Рахел менен Лея ага: «Атабыздын бизге бергидей, энчи, мурасы бар беле?
15Ал бизди бөтөн катары санайт. Анткени ал бизди сатты, атүгүл, күмүшүбүздү да жеп койду.
16Кудай атабыздан тартып алган байлыктын баары биздики жана балдарыбыздыкы. Ошондуктан Кудай сага айткандын бардыгын кыл», – дешти.
17Ошондо Жакып ордунан туруп, балдары менен аялдарын төөлөргө мингизди.
18Анан Месопотамиядан тапкан өзүнүн бардык мал-мүлкүн алып, Канаан жерине, атасы Ыскакка жөнөп кетти.
19Лабан малын кыркканы кетери менен, Рахел атасынын жасалма кудайларын уурдап алды.
20Жакып болсо арамейлик Лабанга өзүнүн кетерин айтпай, аны алдап кетти.
21Ошентип, ал өзүнүн бардык мал-мүлкүн алып, дарыядан өтүп, Гилат тоосун карай бет алды.
22Жакыптын кеткендигин Лабанга үчүнчү күнү айтышты.
23Ошондо ал жанына туугандарын алып, жети күн бою кууп жүрүп отуруп, ага Гилат тоосуна келгенде жетти.
24Кудай арамейлик Лабанга түн ичинде түшүндө келип: «Байкагын, Жакыпка жаман да, жакшы да айтпа», – деди.
25Лабан Жакыпты кууп жетти. Жакып болсо чатырын тоого тигип алган эле. Лабан да туугандары менен чатырын Гилат тоосуна тикти.
26Ошондо Лабан Жакыпка: «Бул эмне кылганың? Эмне үчүн мени алдадың, кыздарымды туткунга түшкөндөрдөй кылып алып кеттиң?
27Эмне үчүн жашыруун качтың? Эмне үчүн менден жашындың? Эмне үчүн мага айткан жоксуң? Мен сени той-тамаша өткөрүп, ыр ырдап, дап кагып, гусли чертип узатпайт белем?
28Атүгүл, неберелерим менен кыздарымдын бетинен өптүргөн жоксуң. Сен ойлонбой иш кылдың.
29Силерге жамандык кылууга күчүм жетет, бирок атаңардын Кудайы кечээ мага: “Байкагын, Жакыпка жакшы да, жаман да айтпа”, – деди.
30Кете берсең мейли эле, анткени атаңдыкында болууну абдан каалаптырсың, бирок эмне үчүн менин кудайларымды уурдап кеттиң?» – деди.
31Жакып Лабанга мындай деп жооп берди: «Кыздарыңды менден тартып аласың го деп корктум.
32Кудайларыңды кимден тапсаң, ал тирүү калбасын! Туугандарыбыздын көзүнчө меникинен издеп таап ал». Аларды Рахел уурдап алганын Жакып билген эмес эле.
33Ошондо Лабан Жакыптын, Леянын, эки күңдүн чатырларына кирип, издеп таба албады. Анан Леянын чатырынан чыгып, Рахелдикине кирди.
34Рахел болсо жасалма кудайларды төөнүн чомунун астына катып, өзү үстүнө отуруп алган эле. Лабан чатырды бүт аңтарып, таба албады.
35Рахел атасына: «Мырзам менин тура албаганыма ачууланбаса экен, анткени менде аялдарга мүнөздүү нерсе болуп жатат», – деди. Ал издеп-издеп, жасалма кудайларын таба албады.
36Жакып ачууланып, Лабан менен айтыша кетти. Ал Лабанга мындай деди: «Менин артыман кууп келгидей, айыбым кайсы, күнөөм кайсы?
37Менин буюмдарымдын баарын карап чыктың, өзүңдүн кайсы буюмуңду таптың? Ушул жерде менин туугандарым менен өз туугандарыңдын алдында көрсөт. Алар экөөбүздүн ортобузда калыстык кылышсын.
38Сага жыйырма жыл иштеп бердим, кой-эчкилериң бала салган жок, корооңдогу койлоруңдан жеген жокмун.
39Жырткыч жара тарткандарын алып келген эмесмин, алар менин чыгашам эле. Күндүз жоголсо да, түндө жоголсо да, сен менден төлөтүп алып турдуң.
40Күндүз ысыктан, түнкүсүн сууктан жапа чегип кыйналдым, түн уйкумдан калдым.
41Менин жыйырма жылым сенин үйүңдө ушинтип өттү. Мен сенин эки кызың үчүн сага он төрт жыл, малың үчүн алты жыл кызмат кылдым. Сен болсо менин кызмат акымды он жолу алмаштырдың.
42Эгерде атам Ыбрайымдын Кудайы жана Ыскактын Коркунучу мени менен болбогондо, сен мени азыр да эч нерсе бербей, куру кол коё бермексиң. Кудай менин кайгымды жана маңдай тер, таман акымды көрүп, кечээ менин таламымды талашты».
43Ошондо Лабан Жакыпка мындай деп жооп берди: «Кыздар – менин кыздарым. Балдар – менин балдарым. Мал – менин малым. Сен көрүп тургандын баары меники. Мен кыздарыма жана алар төрөгөн балдарга эми бир нерсе кылмак белем?
44Азыр экөөбүз келишим түзөлү, ал сен экөөбүздүн ортобузда күбө болcун».
45Жакып таш алып, аны эстелик кылып койду.
46Анан Жакып өзүнүн туугандарына: «Таш жыйнагыла», – деди. Алар таш жыйнап, дөбө кылып үйүштү да, ошол дөбөгө отуруп алып тамактанышты.
47Лабан аны «Жыгар-Саадут» (Күбө дөбө) деп, Жакып болсо аны Гилат деп атады.
48Анан Лабан: «Бүгүндөн баштап бул таш дөбө экөөбүздүн ортобузда күбө болот», – деди. Ошондуктан ал жерди Гилат деп аташты.
49Ал дөбө Миспа деп да аталат, анткени Лабан: «Сен экөөбүз бири-бирибизден бөлүнүп кеткенден кийин, Теңир менин үстүмөн да, сенин үстүңөн да көз салып турсун.
50Эгерде кыздарыма жаман мамиле кыла турган болсоң же кыздарымдын үстүнө аял ала турган болсоң, байкагын, экөөбүздүн ортобузда күбө болчу адам жок, бирок ортобузда Кудай күбө», – деди.
51Ошентип, Лабан Жакыпка: «Мына бул дөбө менен мен койгон эстелик экөөбүзгө күбө болот.
52Бул дөбө менен бул эстелик күбө: жамандык кылыш үчүн, бул дөбө менен бул эстеликтен сен тарапка мен өтпөйм, мен тарапка сен өтпөйсүң.
53Ыбрайымдын Кудайы, Нахордун Кудайы, алардын ата-бабаларынын Кудайы ортобузда калыс болсун», – деди. Жакып атасы Ыскактын Коркунучу менен ант берди.
54Анан Жакып тоодо курмандык чалып, туугандарын тамакка чакырды. Алар тамактанып, тоодо түнөп калышты.
55Лабан эртеси эртең менен эрте туруп, неберелери менен кыздарын өөп, аларга батасын берип жөнөп кетти. Ошентип, Лабан өз жерине кайтып келди.