Башталыш 33:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Жакып көз чаптырып, Эйсаптын келе жатканын көрдү. Анын жанында төрт жүз адам бар экен. Ошондо ал Леянын, Рахелдин жана эки күңдүн балдарын өз-өзүнчө бөлүп койду.

2Күңдөрүн жана алардын балдарын алдыга койду, Леяны жана анын балдарын алардын артына, ал эми Рахел менен Жусупту алардын артына койду.

3Өзү болсо алардын алдына өтүп, бир тууганына жакын келгенче, жети ирет жерге чейин башын ийип таазим этти.

4Ошондо Эйсап ага утурлай чуркап, аны мойнунан кучактап өпкүлөдү, анан экөө тең ыйлашты.

5Эйсап анын аялдары менен балдарын көрүп: «Буларың ким?» – деп сурады. «Кудайдын кулуңа берген балдары», – деп жооп берди Жакып.

6Ошондо күңдөр менен алардын балдары жакын келип, ага таазим кылышты.

7Лея да балдары менен келип таазим этти. Акырында Жусуп менен Рахел да келип таазим этишти.

8Анан Эйсап андан: «Сен бул көп сандаган малды кандай максат менен жибердиң?» – деп сурады. Жакып ага: «Мырзамдын алдында ырайым табуу үчүн», – деп жооп берди.

9Ошондо Эйсап ага: «Бир тууганым, өзүмдүкү жетиштүү, өзүңдүкү өзүңдө калсын», – деди.

10«Жок, эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, белектеримди кабыл ал, анткени жүзүңдү көргөндө, Кудайдын жүзүн көргөндөй болдум, сен мага ырайым кылдың.

11Менин сага алып келген тартуумду кабыл ал, анткени Кудай мага берди, менде баары бар», – деп, Жакып аны көндүрдү, Эйсап кабыл алды.

12Анан Эйсап: «Ордубуздан туруп жөнөйлү. Мен сени менен жөнөйүн», – деди.

13Жакып ага: «Мырзам өзү көрүп турат, балдарым жаш, ал эми майда жана бодо малым саан. Эгерде малды күнү бою айдасак, анда бардык мал өлүп калат.

14Мырзам өз кулунун алдында кете берсин, ал эми мен алдымда бара жаткан малдын жүрүшүнө жараша, балдарымдын басыгына жараша жай жол жүрүп, мырзама, Сеирге келейин», – деди.

15«Жанымдагы кишилердин бир нечесин сени менен калтырайын», – деди Эйсап. «Алардын кереги эмне? Мен мырзамдын алдында ырайым тапсам эле болду», – деди Жакып.

16Ошентип, Эйсап ошол эле күнү өз жолу менен Сеирге кайтты.

17Жакып болсо Сукотко келип, ошол жерде өзүнө үй куруп, малына бастырма тургузду. Ошондуктан ал жерди Сукот деп атады.

18Жакып Месопотамиядан чыккандан кийин, Канаан жериндеги Шекем шаарына аман-эсен жетип, ошол шаарга жакын жайланышты.

19Анан ал Шекемдин атасы Хамордун балдарынан жүз тыйынга жер сатып алып, чатырын тикти.

20Ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ал жерди «Ысрайылдын Кудайы – кудуреттүү Кудай» деп атады.

>