Башталыш 34:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Леянын Жакыптан төрөгөн кызы Дина ал жердин кыздарын көргөнү чыкты.

2Аны ал жердин төрөсү хибилик Хамордун уулу Шекем көрүп, кармап алып, зордуктап койду.

3Жакыптын кызы Динага анын көңүлү түшүп, сүйүп калгандыктан, кыздын жүрөгүнө жаккан сөздөрдү сүйлөдү.

4Анан Шекем атасы Хаморго: «Бул кызды мага аялдыкка алып бер», – деди.

5Жакып кызы Динанын абийирин Хамордун баласы булгап койгонун укту, бирок уулдары талаада мал менен болгондуктан, алар келгиче унчуккан жок.

6Анан Шекемдин атасы Хамор Жакып менен сүйлөшкөнү чыкты.

7Жакыптын уулдары болсо талаадан келип, бул ишти укканда, капа болуп, аябай ачууланышты, анткени Шекем Жакыптын кызы менен жатып, Ысрайылдын намысын тебеледи, ал мындай кылбашы керек эле.

8Хамор аларга мындай деди: «Уулум Шекемдин кызыңарга көңүлү түшүп калыптыр, аны уулума аялдыкка бергиле.

9Биз менен тууган болгула. Кыз алышып, кыз беришели.

10Биз менен чогуу жашагыла, бул жер силердин алдыңарда турат, ал жерлерге отурукташып, чарба жүргүзүп, ээлик кылгыла».

11Шекем Динанын атасы менен бир туугандарына: «Силердин алдыңарда ырайым тапсам эле болду, силер эмне десеңер, мен баарын берем.

12Кандай калың бычып, эмне талап кылсаңар да берем, мага кызыңарды берсеңер эле болду», – деди.

13Бирок Жакыптын уулдары Шекемге жана анын атасы Хаморго куулук менен жооп беришти, анткени ал алардын карындашы Динанын абийирин булгап койгон эле.

14Жакыптын уулдары аларга: «Анте албайбыз, биз карындашыбызды сүннөткө отургузулбаганга бере албайбыз, анткени бул – биз үчүн маскарачылык.

15Эгерде биздей болуп, силердин да бардык эркек аттууңар сүннөткө отургузулса гана макул болобуз.

16Ошондо биз кыз алышып, кыз беришип, силер менен чогуу жашап, бир эл болобуз.

17Эгерде сүннөткө отургузулганга макул болбосоңор, анда биз кызыбызды алып кетип калабыз», – дешти.

18Бул сөздөр Хаморго жана анын уулу Шекемге жагып калды.

19Улан муну аткарууга токтоосуз киришти, анткени Жакыптын кызын сүйүп калган эле. Шекем атасынын үйүндөгүлөрүнүн ичинен эң кадырлуусу эле.

20Хамор жана анын уулу Шекем шаар дарбазасынын жанына келип, өз шаарынын тургундарына кайрылып, мындай деди:

21«Бул адамдар биз менен тынчтыкта. Алар бул жерге отурукташып, чарба жүргүзө беришсин. Жер кенен. Алар менен кыз алышып, кыз беришели.

22Биздин да бардык эркек аттууларыбыз алардай болуп сүннөткө отургузулган шартта гана бул адамдар биз менен жашап, бир эл болууга макул.

23Алардын үйүр-үйүр малы да, мүлкү да биз үчүн эмеспи? Аларга макул гана болсок, биз менен жашап калышат».

24Ошентип, Хамор менен анын уулу Шекемдин айткандарын шаар дарбазасынан чыккандын бардыгы угуп, эркек аттуулардын бардыгы, шаар дарбазасынан чыккандардын бардыгы сүннөткө отургузулду.

25Yчүнчү күнү, алар ооруп жатканда, Жакыптын эки уулу, Динанын бир туугандары Шымон менен Леби кылычтарын алып, шаарга тартынбастан кол салып, эркек аттуулардын баарын кырып салышты.

26Хамордун өзүн да, уулу Шекемди да кылыч менен өлтүрүшүп, Шекемдин үйүнөн Динаны алып чыгып кетишти.

27Жакыптын уулдары өлтүрүлгөндөрдүн шаарына келишти да, карындашынын абийирин булгагандыгы үчүн, шаарды тоноп кетишти.

28Алар майда жана бодо малын, эшектерин, шаарда эмнеси болсо, талаада эмнеси болсо, бардыгын алып кетишти.

29Алардын байлыктарын, балдарын, аялдарын туткундап, үйлөрүндө болгон нерсесинин бардыгын талап-тоноп кетишти.

30Ошондо Жакып Шымон менен Лебиге мындай деди: «Силер мени кайгыга салдыңар, бул жердин тургундарына, канаандыктар менен периздиктерге мени жек көрүндү кылдыңар. Менин элим аз. Алар мага каршы чогулуп, мени өлтүрүп, үй-жайым менен жок кылышат».

31Алар болсо: «Эмне үчүн ал биздин карындашыбызга сойкуга мамиле кылгандай мамиле кылышы керек?» – дешти.

>