Башталыш 35:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Кудай Жакыпка мындай деди: «Ордуңан туруп, Бейтелге жөнө, ошол жерде жаша. Бир тууганың Эйсаптан качып бара жатканыңда сага келген Кудайга арнап, ошол жерге курмандык чалынуучу жай кур».

2Ошондо Жакып өз үй-бүлөсү менен өз кишилерине мындай деди: «Бөтөн кудайларыңарды таштагыла, тазаланып, кийимиңерди алмаштыргыла.

3Ордубуздан туруп, Бейтелге жөнөйлү. Башыма оор күн түшкөн күнү мени угуп, мен жүргөн жолдо мени менен бирге болгон Кудайга курмандык чалынуучу жай курайын».

4Алар Жакыпка өздөрүнүн бөтөн кудайларын, кулактарындагы сөйкөлөрүн беришти. Жакып аларды Шекемдин жанындагы эмен дарагынын түбүнө көөмп салды.

5Ошентип, алар жөнөп кетишти. Тегерек-четтеги шаарларга Кудайдын коркунучу туулуп, Жакыптын уулдарынын артынан куушкан жок.

6Жакып өзүнүн кишилери менен Канаан жериндеги Лузга, башкача айтканда, Бейтелге келди.

7Анан ал жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ошол жерди Эл-Бейтел деп атады, анткени ал өз бир тууганынан качып бара жатканда, ошол жерде ага Кудай келген.

8Ребеканын эмчек энеси Дебора каза болуп, Бейтелдин төмөн жагындагы эмендин түбүнө коюлду. Жакып аны Алан-Бакут деп атады.

9Жакып Месопотамиядан кайтып келгенден кийин, Кудай дагы келип, ага батасын берди.

10Ошондо Кудай ага мындай деди: «Сенин атың Жакып. Мындан ары сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот». Ошентип, ага Ысрайыл деген ат койду.

11Кудай ага дагы: «Мен Кудаймын, Кудуреттүүмүн. Укумдап-тукумдап көбөйө бер. Сенден көптөгөн элдер, падышалар чыгат.

12Мен Ыбрайым менен Ыскакка берген жерди сага жана сенин укум-тукумуңа берем», – деди.

13Анан Кудай андан, ага сүйлөгөн жерден көтөрүлүп кетти.

14Ошондо Жакып өзүнө Кудай сүйлөгөн жерге таштан эстелик тургузуп, анын үстүнө куюлуучу курмандыкты куюп, анын үстүнө зайтун майын куйду.

15Ошентип, ал Кудай өзүнө сүйлөгөн жерди Бейтел деп атады.

16Анан алар Бейтелден жөнөп кетишти. Эфратага бир аз калганда, Рахел төрөдү. Анын төрөтү оор болду.

17Ал төрөттөн кыйналып жатканда, аначы кемпир мындай деди: «Коркпо, анткени мунуң да уул болот».

18Жаны чыгып бара жаткан Рахел баланын атын Бен-Они койду. Бирок баланын атасы анын атын Бенжемин койду.

19Рахел өлүп, Эфратага бараткан жолдун боюна коюлду, башкача айтканда, Бейт-Лехемге коюлду.

20Жакып анын мүрзөсүнүн үстүнө эстелик койду. Ал мүрзөнүн үстүндөгү эстелик бүгүнкү күнгө чейин турат.

21Анан Ысрайыл жолго чыгып, Эйдер мунарасынын ары жагына чатырын тикти.

22Ысрайыл бул өлкөдө жашап турганда, Рубейин барып, атасынын күңү Била менен жатып алды. Муну Ысрайыл укту. Жакыптын он эки уулу бар эле.

23Леянын уулдары: Жакыптын туну Рубейин, андан кийинкилери Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар жана Забулун.

24Рахелдин уулдары: Жусуп менен Бенжемин.

25Рахелдин күңү Биланын уулдары: Дан менен Напталы.

26Леянын күңү Зилпанын уулдары: Гат менен Ашыр. Жакыптын бул уулдары Месопотамияда төрөлүшкөн.

27Ошентип, Жакып атасы Ыскакка, Ыбрайым менен Ыскак жашаган Мамрейге, Кирийат-Арбага, башкача айтканда, Хебронго келди.

28Ошондо Ыскак жүз сексен жашта эле.

29Ыскак карылыгы жетип, өмүргө тоюп көз жумуп, өз элине кошулду. Аны уулдары Эйсап менен Жакып көргө коюшту.

>