1Эйсаптын, башкача айтканда, Эдомдун санжырасы мындай:
2Эйсап Канаан кыздарынан аял алды. Ал хеттик Эйлон кызы Аданы, хибилик Сибон уулу Ананын кызы Олибаманы жана
3Ысмайыл кызы, Ныбайоттун карындашы Басыматты алды.
4Ада Эйсапка Элипазды төрөп берди. Басымат Ребуелди төрөдү.
5Олибама Жейушту, Жаломду жана Коракты төрөдү. Эйсаптын бул уулдары Канаан жеринде төрөлүштү.
6Эйсап аялдарын, уулдарын, кыздарын, үйүндөгү бардык адамдарын, үйүр-үйүр малын, Канаан жеринде тапкан бардык мал-мүлкүн алып, бир тууганы Жакыптан бөлүнүп, башка жерге кетти.
7Анткени алардын мал-мүлкү аябай көп болгондуктан, бирге жашай албай калышкан эле. Малынын көптүгүнөн аларга жашаган жери тардык кылды.
8Эйсап Сеир тоосуна жайланышты. Эйсап – бул Эдом.
9Сеир тоосундагы эдомдуктардын атасы Эйсаптын санжырасы мындай:
10Эйсаптын уулдарынын аттары: Эйсаптын аялы Аданын уулу Элипаз жана Эйсаптын аялы Басыматтын уулу Ребуел.
11Элипаздын уулдары: Тейман, Омар, Сепо, Гатам жана Кеназ.
12Тимна Эйсаптын уулу Элипаздын күңү болгон. Ал Элипазга Амалыкты төрөп берген. Эйсаптын аялы Аданын уулдары ушулар.
13Ребуелдин уулдары: Нахат менен Зерах, Шама менен Миза. Булар – Эйсаптын аялы Басыматтын уулдары.
14Эйсаптын аялы, Сибондун уулу Ананын кызы Олибама Эйсапка Жейушту, Жаломду жана Коракты төрөп берген.
15Мына булар Эйсаптын уулдарынын башчылары: Эйсаптын тун уулу Элипаздын уулдары: Тейман башчы, Омар башчы, Сепо башчы, Кеназ башчы.
16Корак башчы, Гатам башчы, Амалык башчы. Булар – Эдом жериндеги Элипаздын башчы уулдары. Булар – Аданын уулдары.
17Эйсаптын уулу Ребуелдин уулдары булар: Нахат башчы, Зерах башчы, Шама башчы, Миза башчы. Булар – Эдом жериндеги Ребуелдин башчы уулдары. Булар – Эйсаптын аялы Басыматтын уулдары.
18Эйсаптын аялы Олибаманын уулдары булар: Жейуш башчы, Жалом башчы, Корак башчы. Булар – Эйсаптын аялы, Ананын кызы Олибаманын башчы уулдары.
19Булар – Эйсаптын уулдары жана алардын башчылары. Бул – Эдом өзү.
20Бул жерде жашаган хорилик Сеирдин уулдары булар: Лотан, Шобал, Сибон, Ана,
21Дишан, Эйсер жана Дишон. Булар – Эдом жериндеги Сеирдин уулдары хориликтердин башчылары.
22Лотандын уулдары Хори менен Эймам болгон. Ал эми Лотандын карындашы – Тимна.
23Шобалдын уулдары булар: Албан, Манахат, Эйбал, Шепо жана Онам.
24Сибондун уулдары булар: Айа менен Ана. Атасы Сибондун эшектерин кайтарып жүрүп, чөлдөгү жылуу сууну тапкан Ана ушул.
25Ананын балдары булар: Дишон жана Ананын кызы Олибама.
26Дишондун уулдары булар: Хемдан, Эшпан, Итран жана Керан.
27Эйсердин уулдары булар: Билан, Заабан жана Акан.
28Дишандын уулдары булар: Ус жана Аран.
29Хориликтердин башчылары булар: Лотан башчы, Шобал башчы, Сибон башчы, Ана башчы,
30Дишон башчы, Эйсер башчы, Дишан башчы. Ушулар – Сеир жериндеги хориликтердин башчылары.
31Ысрайыл уулдарынын падышачылык кылуусунан мурда Эдом жеринде падышачылык кылган падышалар булар:
32Эдомдо Бейордун уулу Бела падышачылык кылган. Анын шаарынын аты – Динаба.
33Бела өлгөндөн кийин, анын ордуна ботсралык Зерахтын уулу Жобап падыша болду.
34Жобап өлүп, анын ордуна теймандыктардын жеринен Хушам падыша болду.
35Хушам да өлүп, анын ордуна Маап талаасында мидиандыктарды жеңген Быдаттын уулу Адат падыша болду. Анын шаарынын аты – Абыт.
36Адат да өлүп, анын ордуна Масрейкадан чыккан Самла падыша болду.
37Самла да өлүп, анын ордуна дарыя жээгиндеги Рехоботтон чыккан Шабул падыша болду.
38Шабул да өлүп, анын ордуна Акбардын уулу Баал-Канан падыша болду.
39Акбардын уулу Баал-Канан да өлүп, анын ордуна Хадар падыша болду. Анын шаарынын аты – Пабу. Аялынын аты – Мейтабел, ал – Мей-Зааптын уулу Матрейданын кызы.
40Уруулары боюнча, жерлери боюнча, аттары боюнча Эйсаптын башчы уулдарынын аттары булар: Тимна башчы, Алба башчы, Жетейт башчы,
41Олибама башчы, Эйла башчы, Пинон башчы,
42Кеназ башчы, Тейман башчы, Мипсар башчы,
43Магдиел башчы, Ирам башчы. Булар – Эдом башчылары, өздөрү ээлик кылган жердеги айыл-кыштактардын башчылары. Эдомдуктардын атасы – Эйсап.