1Ошол убакта Жүйүт өз бир туугандарынан бөлүнүп кетип, адуламдык Хира деген кишинин жанына отурукташты.
2Жүйүт ал жерден Шуа деген канаандык кишинин кызын көрдү. Аны аялдыкка алып, ага жакындады.
3Анын боюна бүтүп, уул төрөдү. Жүйүт анын атын Эйир койду.
4Дагы боюна бүтүп, уул төрөдү. Анын атын Онан койду.
5Анан дагы уул төрөп, анын атын Шейла койду. Аны төрөгөн учурда Жүйүт Хезипте болчу.
6Анан Жүйүт тун уулу Эйирге аял алып берди. Анын аты Тамар эле.
7Жүйүттүн тун уулу Эйир Теңирге жакпагандыктан, Теңир аны өлтүрүп салды.
8Ошондо Жүйүт Онанга мындай деди: «Бир тууганыңдын аялына жакында, кайын ини катары ага үйлөнүп, бир тууганыңдын тукумун ула».
9Онан ал тукумдун өзүнүкү болбосун билгендиктен, бир тууганынын аялына жакындаганда, бир тууганынын тукумун улабаш үчүн, уругун жерге агызып салчу.
10Анын бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болгондуктан, Ал аны да өлтүрүп салды.
11Ошондо Жүйүт келини Тамарга: «Уулум Шейла эр жеткиче, өз атаңдыкында жесир катары жашап тур», – деди. «Ал да улуу агаларындай болуп өлүп калбасын», – деп ойлоду Жүйүт. Тамар кетип, өз атасыныкында жашап калды.
12Көп убакыт өткөндөн кийин Шуанын кызы – Жүйүттүн аялы өлдү. Жүйүт сооронгондон кийин, койлорун кыркып жаткандарга өзү менен кошо досу адуламдык Хираны алып, Тимнага кетти.
13Ошондо Тамарга: «Кайын атаң Тимнага койлорун кырктырганы келе жатат», – деп кабарлашты.
14Тамар үстүндөгү жесирдин кийимин чечип, чүмбөт жамынып, кымтыланып алып, Тимнага баруучу жолго, Эйнайим дарбазасынын жанына отуруп алды. Анткени Шейла эр жетсе да, өзүнүн ага аялдыкка алып берилбегенин көрдү.
15Жүйүт аны көргөндө, сойку деп ойлоду. Анткени аял жүзүн жаап алган эле.
16Жүйүт ага кайрылып келип: «Мен сени менен жатайын», – деди. Анткени келини экенин билген жок. Тамар андан: «Мени менен жатсаң, мага эмне бересиң?» – деп сурады.
17«Короомдон бир улак берип жиберейин», – деди Жүйүт. Тамар андан: «Улагыңды берип жибергенче, күрөөгө бирдеме калтырасыңбы?» – деп сурады.
18«Күрөөгө эмне берейин?» – деп сурады Жүйүт. «Мөөрүңдү, куруңду, колуңдагы таягыңды бер», – деди Тамар. Ал анын сураганын берип, ага жакындады. Андан Тамардын боюна бүттү.
19Тамар турду да, чүмбөтүн алып таштап, жесирдин кийимин кийди.
20Жүйүт болсо адуламдык досунан улакты берип жиберип, аялдан күрөөнү алдырмакчы болду, бирок ал аялды таппай койду.
21Ал ошол жердин тургундарынан: «Эйнайимге бара жаткан жолдун боюндагы сойку кайда?» – деп сурады. Алар ага: «Бул жерде сойку болгон эмес», – деп жооп беришти.
22Ал досу Жүйүткө кайрылып келип: «Мен аны таппай койдум. Ал жердин тургундары да: “Бул жерде сойку болгон эмес”, – дешти», – деди.
23Ошондо Жүйүт: «Мейли, мен бергендерди ала берсин, элге күлкү болбосок эле болду. Мен улакты берип жибердим, бирок сен аны таппай келдиң», – деди.
24Арадан үч айга жакын убакыт өткөндөн кийин, Жүйүткө мындай дешти: «Келиниң Тамар бузулуп кетиптир, атүгүл, анын боюна да бүтүп калыптыр». Ошондо Жүйүт: «Аны элдин алдына алып чыгып, өрттөп жибергиле», – деди.
25Тамарды алып жөнөшкөндө, ал кайын атасына мындай деп айттырды: «Бул буюмдар кимдики болсо, ошондон боюма бүттү». Анан мындай деди: «Бул мөөр, кур, таяк кимдики экенин таанычы».
26Жүйүт таанып: «Ал мага караганда адилеттүүрөөк, анткени мен аны уулум Шейлага алып берген эмесмин», – деди. Андан кийин ал ага жакындаган жок.
27Төрөт учурунда аялдын боюнда эгиз бала бар экени билинди.
28Аял төрөп жатканда, кол көрүндү. Аначы кемпир: «Бул биринчи чыкты», – деп, анын колуна кызыл жип байлап койду.
29Бирок ал колун кайра тартып алды. Ошондо анын бир тууганы чыкты. Аначы кемпир ага: «Сен кантип биринчи чыктың?» – деди. Анын атын Перес коюшту.
30Андан кийин колуна кызыл жип байланган бир тууганы чыкты. Анын атын Зерак коюшту.