Башталыш 39:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Жусуп болсо Мисирге жеткирилди. Аны алып келген Ысмайыл уулдарынын колунан фараондун сарай кызматчысы, сакчылардын башчысы, мисирлик Потипар сатып алды.

2Теңир Жусуп менен болду. Ал иштеринде ийгиликке жетти, мисирлик мырзанын үйүндө жашады.

3Теңир Жусуп менен экенин, кандай иш кылбасын, Теңир анын колуна ийгилик берип жатканын мырзасы көрдү.

4Ошентип, Жусуп мырзасынан ырайым таап, ага кызмат кылып жүрдү. Ал Жусупту өз үйүнө башкаруучу кылып койду, өзүнүн колундагысынын баарын ага тапшырды.

5Ал Жусупту өзүнүн үйүнө, колундагысынын баарына башкаруучу кылып койгондон тартып, Теңир Жусуп үчүн мисирлик мырзанын үйүнө батасын берди. Теңирдин батасы анын үйүндөгү жана талаасындагы бардык мал-мүлкүнүн үстүндө болду.

6Ошентип, ал колундагысынын баарын Жусупка тапшырды. Анын барында ал жеген нанынан башка эч нерсе менен иши болбоду. Жусуп келишимдүү, сулуу жигит эле.

7Мырзасынын аялынын Жусупка көзү түшүп, ага: «Мени менен жат», – деди.

8Бирок ал каршы болуп, мырзасынын аялына: «Мырзам менин барымда үйүндө эч нерсе менен иши жок, болгон нерсесинин бардыгын мага тапшырды.

9Бул үйдө менден чоң эч ким жок. Ал сенден башкасына тыюу салган жок, анткени сен анын аялысың. Кантип мен ушундай жаман ишти кылып, Кудай алдында күнөөгө батам?» – деди.

10Ал аял Жусупка күн сайын ушинтип айта берсе да, ал аны менен жатууга, аны менен бирге болууга макул болгон жок.

11Бир күнү Жусуп өз иштерин кылганы үйгө кирди. Ошол учурда үйдүн ичинде үйдөгүлөрдөн эч ким жок эле.

12Аял аны кийиминен кармап: «Мени менен жат», – деди. Бирок ал сырткы кийимин аялдын колуна калтырып, сыртка качып чыкты.

13Аял болсо Жусуптун сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып чыкканын көрүп,

14үйүндөгүлөрүн чакырып алып: «Карагылачы, ал биздикине бул эврейди бизди шылдыңдатмакка алып келиптир. Ал мени менен жатканы келиптир, бирок мен катуу кыйкырып жибердим.

15Ал менин кыйкырганымды угуп, сырткы кийимин калтырып, сыртка качып чыкты», – деди.

16Ошентип, аял мырзасы үйүнө келгенге чейин, Жусуптун сырткы кийимин өзүнө калтырып койду.

17Анан күйөөсүнө ушул эле сөздөрдү кайталады: «Сен биздикине алып келген эврей кулуң мени шылдыңдаганы келди.

18Бирок мен чуу көтөрүп кыйкырып жибергенде, ал сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып кетти».

19Мырза аялынын оозунан «Сенин кулуң мага ушундай кылды» деген сөздү укканда, абдан ачууланды.

20Ошондо мырзасы Жусупту падышанын туткундары жаткан зынданга салдырды. Ошентип, ал ошол зынданда жатты.

21Теңир Жусуп менен болду. Ага ырайымын төгүп, зындан башчысынан ырайым таптырды.

22Ошондо зындан башчысы зындандагы туткундардын бардыгын Жусуптун колуна берди. Жусуп ал жердеги бардык иштин үстүнөн башкаруучу болду.

23Зындан башчысы ага тапшырылган иштерге кийлигишчү эмес, анткени Теңир Жусуп менен болуп, ал эмне кылбасын, бардык ишине ийгилик берип жатты.

>