Башталыш 4:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Адам аялы Обого жакындады. Обонун боюна бүтүп, Кабылды төрөп: «Теңирдин жардамы менен уулдуу болдум», – деди.

2Андан кийин анын бир тууганы Абылды төрөдү. Абыл койчу болду. Кабыл болсо дыйкан болду.

3Арадан убакыт өттү, Кабыл жер жемиштеринен Теңирге тартуу алып келди.

4Абыл да койлорунун төл башыларынан жана алардын майларынан алып келди. Теңир Абылга жана анын тартуусуна назарын салды.

5Ал эми Кабылга жана анын тартуусуна назарын салган жок. Ошондо Кабылдын аябай ачуусу келип, өңү кумсарып кетти.

6Теңир Кабылга: «Эмнеге ачууландың? Эмнеге өңүң кумсарып кетти?

7Эгерде жакшы иш кылсаң, анда башыңды жерге салбайт элең да. Эгерде жакшы иш кылбасаң, анда босогоңдо күнөө жатат. Ал сени өзүнө тартып жатат, бирок сен ага үстөмдүк кыл», – деди.

8Кабыл бир тууганы Абылга жамандык ойлоду. Талаада жүрүшкөндө, Кабыл өз бир тууганы Абылга кол көтөрүп, аны өлтүрүп салды.

9Ошондо Теңир Кабылдан: «Бир тууганың Абыл кайда?» – деп сурады. Ал: «Билбейм, мен эмне, бир тууганыма кароолчу белем?» – деп жооп берди.

10Теңир ага мындай деди: «Сен эмне кылдың? Жерден бир тууганыңдын каны Мага боздоп жатат.

11Ошондуктан эми сага бир тууганыңдын канын сенин колуңдан кабыл алууга оозун ачкан жердин каргышы тиет.

12Мындан ары жер иштеткениңде, ал сага өз күчүн бербейт. Жер бетинде куулуп, тентип жүргөн адам болосуң».

13Ошондо Кабыл Теңирге: «Менин жазам чоң, көтөрө алгыс.

14Сен азыр мени жер бетинен кууп жатасың. Мен эми Сенин жүзүңдөн жашынып, жер бетинде куулуп, тентип жүргөн адам болом, мага ким жолукса да, ал мени өлтүрөт», – деди.

15Теңир ага: «Кабылды ким өлтүрсө, андан жети эселеп өч алынат», – деди. Кабылга жолуккан адам аны өлтүрүп койбошу үчүн, Теңир ага белги салып койду.

16Ошентип, Кабыл Теңирден кетип, Эйдендин чыгыш жагындагы Нот деген жерге жайланышты.

17Анан Кабыл аялына жакындады. Аялынын боюна бүтүп, Энохту төрөдү. Кабыл шаар куруп, ага өз уулу Энохтун атын берди.

18Энохтон Ират төрөлдү. Ираттан Мыхайел төрөлдү. Мыхайелден Матушал төрөлдү. Матушалдан Лемек төрөлдү.

19Лемек эки аял алды. Биринин аты Ада, экинчисиники Зила эле.

20Ада Жабалды төрөдү, ал чатырда жашап, мал баккандардын атасы болду.

21Анын бир тууганынын аты – Жубал, ал кыякчылар менен чоорчулардын атасы болду.

22Зила Тубал-Кабылды төрөдү, ал жез менен темирден курал жасаган уста болду. Тубал-Кабылдын Наама деген карындашы бар эле.

23Лемек аялдарына мындай деди: «Ада менен Зила! Мага кулак салгыла, Лемектин аялдары! Менин сөзүмө көңүл бургула! Мага жамандык кылган эркекти, мага кайгы алып келген баланы өлтүрүп салдым.

24Эгерде Кабыл үчүн жети эсе өч алынса, анда Лемек үчүн жетимиш жолу жети эсе өч алынат».

25Адам аялына дагы жакындады. Ал уул төрөп: «Кудай мага Кабыл өлтүргөн Абылдын ордуна башка уул берди», – деп, анын атын Шет койду.

26Шеттен да уул төрөлдү. Ал анын атын Энош койду. Ошондон баштап адамдар Теңирдин атын чакыра башташты.