Башталыш 40:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Ошондон кийин Мисир падышасынын шарап сунуучусу менен нан сунуучусу өздөрүнүн мырзасынын – Мисир падышасынын алдында айыптуу болуп калышты.

2Ошондо фараон сарайдагы өзүнүн эки кызматчысына: башкы шарап сунуучусу менен башкы нан сунуучусуна ачууланып,

3аларды сакчылардын башчысынын үйүндөгү Жусуп камалган зынданга каматып салды.

4Сакчылардын башчысы Жусупту аларга кызмат кылууга дайындады. Жусуп аларга кызмат кылды. Алар бир нече убакыт камакта жатышты.

5Бир күнү Мисир падышасынын зынданда камалып жаткан шарап сунуучусу менен нан сунуучусу түш көрүштү. Экөө тең бир түндө өз-өзүнчө түш көрдү. Ар бирине өзгөчө мааниси бар түш кирди.

6Жусуп эртең менен аларга кирип, алардын тынчы кетип турганын көрдү.

7Ошондо ал мырзасынын үйүндө өзү менен бирге камакта жаткан фараон сарайынын кызматчыларынан: «Эмне үчүн бүгүн маанайыңар пас?» – деп сурады.

8Алар ага: «Биз түш көрдүк. Чечмелеп берер киши жок», – дешти. Жусуп аларга: «Түштү Кудай чечмелейт эмеспи? Мага айтып бергилечи», – деди.

9Ошондо Жусупка башкы шарап сунуучу өз түшүн мындай деп айтып берди: «Түшүмдө бет алдымда жүзүм сабагы туруптур.

10Жүзүм сабагынын үч бутагы бар экен. Ал бүрдөп, гүл ачып, мөмө байлады, анан анын мөмөлөрү бышты.

11Фараондун чөйчөгү да менин колумда экен. Мен жүзүмдөн алып, фараондун чөйчөгүнө сыгып, чөйчөктү фараонго сундум».

12Жусуп ага мындай деди: «Түштүн чечмелениши мындай: үч бутак – бул үч күн.

13Yч күндөн кийин фараон сени бошотуп, кайрадан ордуңа коёт. Ошондо сен мурункудай эле ага чөйчөк сунасың.

14Сага жакшы болгондо, мени эсте. Мага жакшылык кылып, мен жөнүндө фараондун эсине салып, мени бул үйдөн чыгарып ал.

15Анткени мен эврейлердин жеринен уурдалып келгем. Зынданга салынгыдай, бул жакта да мен эч нерсе кылган эмесмин».

16Башкы нан сунуучу Жусуптун түштү жакшы чечмелегенин көрүп: «Мен да түш көрдүм. Түшүмдө тордолгон үч себетти башыма көтөрүп алыптырмын.

17Yстүнкү себетте фараондун наабайчы жасаган ар кандай тамагы бар экен. Башымдагы себеттеги тамакты канаттуулар чокулап жатышыптыр», – деди.

18Ошондо Жусуп ага мындай деп жооп берди: «Мунун чечмелениши мындай: үч себет – бул үч күн.

19Yч күндөн кийин фараон сенин башыңды алып, жыгачка асат. Канаттуулар денеңди чокуп жешет», – деди.

20Yч күндөн кийин фараондун туулган күнү болуп, ал өзүнүн бардык кызматчыларына той берди. Ошондо ал өзүнүн башкы шарап сунуучусу менен башкы нан сунуучусун эстеди.

21Шарап сунуучусун мурдагы ордуна койду, ошондо ал чөйчөккө шарап куюп, фараонго сунду.

22Ал эми башкы нан сунуучусун, Жусуп чечмелегендей, жыгачка астырып салды.

23Бирок башкы шарап сунуучу Жусуп жөнүндө эстеген жок, аны унутуп койду.

>