1Арадан эки жыл өткөндөн кийин фараон түш көрдү. Түшүндө ал дарыянын жээгинде туруптур.
2Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрүптүр.
3Алардан кийин көрүнүшү начар, арык жети уй чыгып, дарыянын жээгинде оттоп жүргөн тиги уйларга кошулду.
4Анан көрүнүшү начар, арык уйлар көрүнүшү жакшы, семиз уйларды жеп салды. Ошондо фараон ойгонуп кетти.
5Анан ал кайра уктап, дагы түш көрдү. Түшүндө бир сабактан бадырайган, жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты.
6Алардан кийин чүрүшкөн, чыгыш шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай өсүп чыкты.
7Анан чүрүшкөн буудай баштары бадырайган, дандуу жети баш буудайды жеп салды. Ошондо фараон ойгонуп кетип, мунун түш экенин түшүндү.
8Эртең менен фараондун тынчы кетип, Мисирдин бардык сыйкырчылары менен акылмандарын киши жиберип чакыртып алып, аларга өзүнүн түшүн айтып берди, бирок эч ким анын түшүн чечмелей алган жок.
9Ошондо башкы шарап сунуучу тура калып, фараонго мындай деди: «Күнөөмдү азыр эстеп жатам.
10Фараон кулдарына ачууланып, мени жана башкы нан сунуучуну сакчылардын башчысынын үйүндөгү зынданга каматып салган эле.
11Ошондо биз бир түндө түш көргөнбүз, ага да, мага да өзгөчө мааниси бар түштөр кирген.
12Ал жерде сакчылардын башчысынын кулу, жаш эврей жигит биз менен бирге болгон. Биз ага көргөн түштөрүбүздү айтып бергенбиз, ошондо ал ар бирибизге түшүбүздү чечмелеп берген.
13Ал кандай чечмелесе, ошондой болуп чыкты: мен өз ордума кайтып келдим, тигини болсо асышты».
14Ошондо фараон киши жиберип, Жусупту алдыртты. Аны зындандан шашылыш түрдө чыгарышты. Ал чачын алдырып, кийимин которуп, фараонго келди.
15Фараон Жусупка мындай деди: «Мен түш көрдүм, бирок аны эч ким чечмелей алган жок. Сени түш чечмелей алат деп уктум».
16Жусуп фараонго мындай деп жооп берди: «Мен эмес, Кудай аны фараонго жакшылыкка чечмелеп берет».
17Анан фараон Жусупка түшүн айтты: «Түшүмдө мен дарыя жээгинде туруптурмун.
18Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрдү.
19Алардан кийин арык, көрүнүшү эң начар, кыржыйган жети уй чыкты. Мен бүтүндөй Мисир жеринен андай арык уйларды көргөн эмесмин.
20Анан жети арык уй мурдагы жети семиз уйду жеп салды.
21Семиз уйлар алардын ичине кирип кетти, бирок алардын ичине кирип кеткени билинген жок. Алардын көрүнүшү баштагыдай эле арык бойдон калды. Анан мен ойгонуп кеттим.
22Анан дагы түш көрдүм. Түшүмдө бир сабактан бадырайган, жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты.
23Алардан кийин ичке, чүрүшкөн, чыгыш шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай өсүп чыкты.
24Анан чүрүшкөн буудай баштары бадырайган жети баш буудайды жеп салды. Мен муну сыйкырчыларга айттым, бирок эч кимиси чечмелей алган жок».
25Ошондо Жусуп фараонго мындай деди: «Фараондун түштөрүнүн мааниси бир: Кудай эмне кыларын фараонго билдириптир.
26Жети семиз уй – бул жети жыл. Жети баш дандуу буудай – бул жети жыл. Экөө бир түш.
27Семиз уйлардын артынан чыккан кыржыйган, арык жети уй – бул да жети жыл. Ошондой эле чүрүшкөн, чыгыштын шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай – бул ачарчылыктын жети жылы.
28Мына ошондуктан мен фараонго: “Кудай эмне кыларын фараонго көрсөттү”, – дедим.
29Азыр бүткүл Мисир жерине мол түшүмдүү жети жыл келе жатат.
30Андан кийин жети жылдык ачарчылык келет. Мисир жериндеги бул мол түшүмдүн баары унутулуп, жерди ачарчылык жабыркатат.
31Ошондо молчулуктан кийин келген ачарчылыктын кесепетинен жердеги мурунку молчулук билинбей калат, анткени ачарчылык аябай катуу болот.
32Ал эми фараондун түшүнүн эки ирет кайталанышы Кудай сөзүнүн чындык экенин жана жакын арада Кудай аны орундатарын билдирет.
33Эми фараон акылдуу, даанышман адам караштырып көрүп, аны Мисир жерине эл башчы кылып койсун.
34Фараон жер-жерлерге көзөмөлдөөчүлөрдү коюп, мол түшүмдүү жети жылда Мисир жериндеги түшүмдүн бештен бир бөлүгүн жыйноого буйрук берсин.
35Алар келе жаткан жакшы жылдардагы эгиндин баарын азык үчүн фараондун карамагына жыйнап, шаарларга чогултуп алышсын да, сактап турушсун.
36Бул азык Мисир жеринде боло турган жети жылдык ачарчылыкта жер жүзү ачарчылыктан кырылып калбаш үчүн камдалган азык болсун».
37Бул сөз фараонго жана анын кызматчыларынын бардыгына жакты.
38Ошондо фараон кызматчыларына мындай деди: «Кудайдын Руху бар ушундай адамды таба алабызбы?»
39Анан фараон Жусупка мындай деди: «Кудай сага ушунун бардыгын ачып бергендиктен, сендей акылдуу, сендей даанышман адам жок.
40Сен менин үйүмдү башкарасың, сенин сөзүңдү бүт элим угат, бирок мен сенден тактым менен жогору турам».
41Ошентип, фараон Жусупка: «Мен сени бүткүл Мисир жерине эл башчы кылып коём», – деди.
42Анан фараон колунан шакек мөөрүн чыгарып, Жусуптун колуна салды. Yстүнө зыгыр буласынан кийим кийгизип, мойнуна алтын чынжыр такты.
43Анан аны өзүнүн арабаларынын экинчисине отургузууга, элге: «Таазим кылгыла!» – деп жар салууга буйрук берди. Ошентип, фараон аны бүткүл Мисир жерине эл башчы кылып койду.
44Анан фараон Жусупка: «Мен фараонмун, бүткүл Мисир жеринде сенсиз эч ким эч нерсе кылбайт», – деди.
45Фараон Жусупка Сапенат-Панейах деген ат койду. Ага аялдыкка Оондун буткана кызматчысы Потипердин кызы Асинатты алып берди. Жусуп бүткүл Мисир жерин аралаганы чыкты.
46Жусуп Мисир падышасы фараондун алдына келгенде, отуз жашта эле. Жусуп фараондон чыгып, бүткүл Мисир жерин аралап чыкты.
47Жер мол түшүмдүү жети жылда ар бир баш буудайдан кочуш толтура дан берип жатты.
48Ошондо ал Мисир жеринде болгон түшүмдүү жети жылдын ичиндеги бардык эгинди жыйнап, шаарларга жыйып койду. Ар бир шаарга ошол шаардын тегерегиндеги талаанын эгинин жыйдырды.
49Ошентип, Жусуп абдан көп эгин жыйды. Эгин деңиз кумундай көп болгондуктан, санаганын да токтотту, анткени санак жетпей калды.
50Ачарчылык келгенге чейин, Жусуп эки уулдуу болду. Аларды ага Оондун буткана кызматчысы Потипердин кызы Асинат төрөп берди.
51«Кудай менин бардык азабымды, атамдын үйүн унуттурду», – деп, Жусуп тун уулунун атын Менаше койду.
52«Кудай мени азап чеккен жеримде жемиштүү кылды», – деп, экинчисинин атын Эпрайым койду.
53Ошентип, Мисир жериндеги мол түшүмдүү жети жыл өтүп кетти.
54Анан Жусуп айткан жети жылдык ачарчылык келди. Бардык жерде ачарчылык болду, бирок Мисир жери нандан өксүгөн жок.
55Мисир жеринде да ачарчылык башталганда, эл фараондон эгин сурап боздой баштады. Ошондо фараон бүткүл мисирликтерге: «Жусупка баргыла, ал эмне десе, ошону кылгыла», – деди.
56Бүт жер жүзүндө ачарчылык болду. Жусуп бардык кампаларды ачып, Мисир элине эгин сата баштады. Ачарчылык Мисир жеринде күчөгөндөн күчөй берди.
57Ошондо Мисирге Жусуптан эгин сатып алыш үчүн, бардык өлкөлөрдөн келип жатышты, анткени ачарчылык бүт жер жүзүндө күчөп турган эле.