Башталыш 42:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Жакып Мисирде эгин бар экенин угуп, уулдарына: «Эмне бири-бириңерди карап отурасыңар?

2Мен Мисирде эгин бар деп уктум. Өлбөй тирүү калышыбыз үчүн, ошол жакка барып, эгин сатып келгиле», – деди.

3Ошондо Жусуптун он бир тууганы Мисирге эгин сатып келгени жөнөп кетишти.

4Бирок Жусуптун бир тууганы Бенжеминди Жакып аларга кошуп жиберген жок. Анткени ал: «Бул да кырсыкка учурап калбасын», – деди.

5Ошентип, Ысрайылдын уулдары башкалар менен кошо эгин сатып алууга келишти, анткени Канаан жеринде ачарчылык болуп жаткан эле.

6Жусуп болсо ал жердин башкаруучусу болгондуктан, жер жүзүндөгү бардык элге эгин сатып жаткан. Жусуптун бир туугандары келип, жерге чейин ийилип, ага таазим этишти.

7Ошондо Жусуп бир туугандарын көрүп, аларды тааныды, бирок таанымаксан болуп: «Кайдан келдиңер?» – деп, зекий сурады. Алар: «Канаан жеринен, азык сатып алганы келдик», – дешти.

8Жусуп бир туугандарын тааныды, бирок алар аны таанышкан жок.

9Ошондо Жусуп алар жөнүндө көргөн түштөрүн эстеп, аларга: «Силер чалгынчысыңар, бул жердин начар жерлерин көргөнү келдиңер», – деди.

10Алар: «Андай эмес, таксыр, кулдарың азык сатып алганы келишти.

11Биз бардыгыбыз бир атанын балдарыбыз. Биз чынчыл адамдарбыз. Кулдарың чалгынчы болгон эмес», – дешти.

12Жусуп аларга: «Жок, силер бул жердин начар жерлерин көргөнү келдиңер», – деди.

13Алар: «Биз, сенин кулдарың, он эки бир тууганбыз. Биз Канаан жеринде жашаган бир адамдын балдарыбыз, кенже бир тууганыбыз азыр атабыздын жанында, ал эми бирөө жок болду», – дешти.

14Жусуп аларга: «Силер чалгынчысыңар деп, мен ошон үчүн айткам.

15Эми силер минтип сыналасыңар: фараондун өмүрү менен ант берем, эгерде бул жерге кенже бир тууганыңар келбесе, силер бул жерден чыкпайсыңар.

16Араңардан бирөөнү жибергиле, ал барып, бир тууганыңарды алып келсин. Силер болсо камала турасыңар. Ошондо силердин айтканыңар чын же калп экени билинет. Чын болбосо, фараондун өмүрү менен ант берем, силер чалгынчысыңар», – деди.

17Ошентип, Жусуп аларды үч күнгө каматып койду.

18Yчүнчү күнү Жусуп мындай деди: «Эми мындай кылсаңар, тирүү каласыңар, анткени мен Кудайдан корком.

19Эгерде силер чынчыл адамдар болсоңор, анда бирөөңөр силер камалган үйдө камалып турсун. Калганыңар ачка отурган үй-бүлөңөргө эгинди жеткиргиле.

20Айтканыңар чын болсо, өлгүңөр келбесе, кенже бир тууганыңарды алып келгиле». Алар так ошондой кылышты.

21Ошондо алар бири-бирине: «Биз бир тууганыбызга кылган күнөөбүз үчүн жазаланып жатабыз. Биз анын жаны кыйналып турганын көргөнбүз, ал бизге жалынып-жалбарганда, аны укпай койгонбуз, ошон үчүн башыбызга ушул кайгы түштү», – дешти.

22Рубейин аларга мындай деди: «“Балага каршы күнөө кылбагыла”, – деп айтпадым беле? Бирок силер тил албай койгонсуңар. Мына эми анын каны үчүн жазаланып жатабыз».

23Алар болсо Жусуптун түшүнүп турганын билишкен жок, анткени алардын ортосунда тилмеч бар эле.

24Жусуп бурулуп, нары басты да, ыйлап жиберди. Анан кайра келип, алар менен сүйлөшүп, алардын ичинен Шымонду алып, бир туугандарынын көзүнчө байлатып салды.

25Анан Жусуп: «Булардын каптарына эгин толтуруп, ар биринин каптарына күмүштөрүн кайра салып, жолго жетерлик азык бергиле», – деп буйрук берди. Аларга так ошондой кылышты.

26Алар эгиндерин эшектерине артып, ал жерден жөнөп кетишти.

27Жолдо түнөгөнү токтошкондо, алардын бири эшегине жем бермек болуп, каптын оозун чечип, оозунан өзүнүн күмүшүн көрдү.

28Анан ал бир туугандарына: «Менин күмүшүмдү кайра салып коюшуптур. Мына, ал менин кабымда экен», – деди. Ошондо алардын тынчы кетип, коркконунан калтырашып, бири-бирине: «Кудайдын бизге бул эмне кылганы?» – дешти.

29Алар Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, болгон окуялардын баарын мындай деп айтып беришти:

30«Ал жердин башкаруучусу зекий сүйлөп, бизди чалгынчы катары эсептеди.

31Ошондо биз ага: “Биз чынчыл адамдарбыз, биз чалгынчы болуп көргөн эмеспиз.

32Биз бир атадан он эки бир тууганбыз. Бир бир тууганыбыз жок болгон, кенже бир тууганыбыз азыр Канаан жеринде, атабыздын жанында”, – дедик.

33Анан ал жерди башкарган адам бизге: “Силердин чынчыл адам экениңерди мен мындан билейин: бир туугандарыңардын бирин мага калтырып, калганыңар эгинди алып, ачка отурган үй-бүлөңөргө жеткиргиле.

34Анан кенже бир тууганыңарды мага алып келгиле. Силердин чалгынчы эмес, чынчыл экениңерди ошондо билип, бир тууганыңарды колуңарга берем, ошондо силер бул өлкөгө ээн-эркин келип-кетсеңер болот”, – деди».

35Алар каптарын бошотуп жатканда, ар биринин кабынан күмүш салынган түйүнчөктөрү чыкты. Күмүш салынган түйүнчөктөрүн көрүшкөндө, өздөрү да, атасы да коркуп кетти.

36Ошондо атасы Жакып аларга: «Силер мени балдарымдан айрыдыңар. Жусуптан айрылдым, Шымондон да айрылдым, эми Бенжеминди алып кеткиңер барбы?! Мунун баары менин башыма түшкөн мүшкүл!» – деди.

37Рубейин атасына мындай деди: «Эгерде мен сага Бенжеминди алып келбесем, эки уулумду өлтүрүп сал. Аны менин колума тапшыр, мен аны кайра алып келем».

38Жакып аларга: «Уулум силер менен барбайт, анткени агасы өлүп, өзү жалгыз калды. Эгерде силер бараткан жолдо бул да кырсыкка учураса, ак баскан башыма кайгы кошуп, өлгөндөр жаткан жайга жибересиңер», – деди.

>