1Жер жүзүндө ачарчылык күчөдү.
2Алар Мисирден алып келген эгинди жеп бүтүшкөндөн кийин, атасы уулдарына: «Дагы барып, бир аз азык сатып келгиле», – деди.
3Ошондо Жүйүт атасына мындай деди: «Ал киши бизге чечкиндүү түрдө: “Эгерде силер менен кошо бир тууганыңар келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө”, – деген.
4Эгерде инибизди биз менен кошо жиберсең, барып, сага азык сатып келебиз.
5Эгерде жибербей турган болсоң, анда барбайбыз, анткени ал киши: “Эгерде силер менен кошо бир тууганыңар келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө”, – деген».
6Ошондо Ысрайыл аларга: «Эмнеге мага ушундай жамандык кылдыңар? Ал кишиге дагы бир инибиз бар деп, эмнеге айттыңар?» – деди.
7Алар: «Ал киши биз жөнүндө, үй-бүлөбүз жөнүндө сураштырып: “Атаңар дагы эле тирүүбү? Бир тууганыңар барбы?” – деди. Ал бизге суроо бергенинен улам жооп бердик. Анын бизге иниңерди алып келгиле дээрин кайдан билдик?» – деп жооп беришти.
8Жүйүт атасы Ысрайылга: «Баланы мени менен жибер, биз ордубуздан туруп, жолго чыгалы, анан биз да, сен да балдарыбыз менен кошо өлбөй тирүү калабыз.
9Ал үчүн мен жооп берем, аны менден сурайсың. Эгерде мен аны алып келип, алдыңа койбосом, өмүр бою сенин алдыңда айыптуу бойдон калайын.
10Биз минтип кечиктирбегенде, эмгиче эки барып келмекпиз», – деди.
11Атасы Ысрайыл аларга мындай деди: «Андай болсо мындай кылгыла: өзүңөр менен кошо бул жердин мөмө-жемишинен алып, ал кишиге белек катары бир аз бальзам, бир аз бал, стиракс менен ладан жыгачтарынын чайырынан, мистеден, бадам жаңгагынан алып барып бергиле.
12Колуңарга мурункудан башка күмүш алгыла. Ал эми кабыңардын оозуна кайра салып койгон күмүштү өз колуңар менен кайра бергиле, мүмкүн, бул жаңылыштыктан болгондур.
13Бир тууганыңарды алгыла да, туруп, ошол кишиге кайра баргыла.
14Кудуреттүү Кудай силерди ал кишиден ырайым таптырсын, ал Шымон бир тууганыңарды да, Бенжеминди да коё берсин. Эгерде баласыз өтө турган болсом, баласыз эле өтөйүн».
15Ошентип, бул адамдар ушул белектерди, мурункудан эки эсе көп күмүш жана Бенжеминди алып, Мисирге жөнөштү. Алар Жусуптун алдына келишти.
16Жусуп алардын арасынан Бенжеминди көрүп, өз үйүнүн башчысына мындай деди: «Бул адамдарды үйгө киргизип, мал союп, тамак бышыр, анткени бул адамдар мени менен түштөнүшөт».
17Ошондо ал адам Жусуп айткандай кылып, бул кишилерди Жусуптун үйүнө киргизди.
18Жусуптун үйүнө киргизишкенинен улам, бул кишилер коркуп кетишип: «Бул кабыбызга кайра салынган мурунку күмүштөр үчүн болуп жатат. Кыйкым таап, бизди айыпка жыгып, кулга айландырып, эшектерибизди тартып алыш үчүн үйгө киргизишти», – дешти.
19Ошондо алар Жусуптун үй башкаруучусуна жакын келишип, ага эшиктин жанынан мындай деп сүйлөй башташты:
20«Кулак салчы, мырза, биз мурун да азык сатып алганы келгенбиз.
21Жолдо түнөгөн жерибизде каптарыбызды ачсак, ар бирибиздин күмүшүбүз каптарыбыздын оозунда экен, салмагы кемибептир. Азыр биз аларды өз колубуз менен кайра бергени келдик.
22Ал эми азык сатып алыш үчүн, башка күмүш ала келдик. Каптарыбызга күмүшүбүздү ким салып койгонун билбейбиз».
23Ал: «Тынчсызданбай эле койгула, коркпогула. Силердин Кудайыңар, атаңардын Кудайы, кабыңарга кенч салып берди. Мен силердин күмүшүңөрдү алгам», – деди да, аларга Шымонду алып келди.
24Анан ал киши буларды Жусуптун үйүнө киргизип, суу берди. Алар буттарын жуушту. Ал булардын эшектерине да жем берди.
25Алар белектерин түшкө маал, Жусуп келер убакытка жакын даярдап коюшту, анткени ошол жерде тамактанышарын угушкан эле.
26Жусуп үйүнө келгенде, алар колдорундагы белектерин үйгө алып кирип, ага беришти, анан жерге чейин ийилип таазим этишти.
27Жусуп алардын ден соолугун сурады. Анан мындай деди: «Силер айткан кары атаңар күүлүү-күчтүүбү, дагы эле тирүүбү?»
28Алар: «Сенин кулуң, биздин атабыз күүлүү-күчтүү, тирүү», – деп жооп беришти. Анан баш ийип таазим этишти.
29Жусуп өзүнүн энесинин уулу, бир тууганы Бенжеминди көрүп: «Бул силер айткан кенже бир тууганыңарбы?» – деди. Анан ага кайрылып: «Уулум, Кудайдын ырайымы сени менен болсун!» – деди да,
30шашылыш чыгып кетти, анткени бир тууганына болгон сүйүүсү артып, ыйлап жибере жаздаган эле. Ички бөлмөгө кирип, ошол жерде ыйлады.
31Анан бетин жууп, кайра чыкты. Өзүн колго алды да: «Тамак тарткыла», – деди.
32Ага өзүнчө, аларга өзүнчө жана бирге түштөнгөн мисирликтерге өзүнчө тамак тартышты, анткени мисирликтер үчүн эврейлер менен бирге отуруп тамактануу жийиркеничтүү болчу.
33Аларды Жусуптун алдына улуулата отургузушту, ошондо бул адамдар таң калып, бири-бирин карашты.
34Жусуп аларга тамак тарттырып жатты, аларга караганда Бенжеминге беш эсе көп тартылды. Алар Жусуп менен бирге тойгончо ичип-жешти.