Башталыш 44:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Анан Жусуп үй башкаруучусуна мындай деп буйрук берди: «Бул адамдардын каптарына алып кете алышынча эгин толтуруп, ар биринин күмүшүн өз-өз кабына салып кой.

2Ал эми менин күмүш чөйчөгүмдү кенжесинин кабынын оозуна эгин сатып алган күмүшү менен кошо салып кой». Yй башчысы Жусуптун айтканындай кылды.

3Эртең менен жарык киргенде, аларды эшектерине мингизип жөнөтүп жиберишти.

4Алар шаардан узай электе, Жусуп үй башкаруучуга мындай деди: «Жөнө, бул адамдарды кууп жет. Кууп жеткениңде, аларга: “Эмне үчүн жакшылыкка жамандык менен жооп бердиңер?

5Бул мырзамдын аш иче турган чөйчөгү эмеспи? Ал бул чөйчөк менен төлгө ачат. Силер жаман иш кылдыңар!” – де».

6Ал кууп жетип, аларга ушул сөздөрдү айтты.

7Алар ага: «Мырзабыз эмне үчүн мындай сөздөрдү айтып жатат? Жок, кулдарың мындай иштерди кылбайт.

8Каптарыбыздын ооздорунан тапкан күмүштөрдү биз Канаан жеринен сага кайра алып келбедик беле. Эми кантип мырзаңдын үйүнөн күмүш же алтын уурдамак элек?

9Сенин кулдарыңдын кимисинен табылса, ал өлүм жазасына тартылсын жана биз мырзабызга кул бололу», – дешти.

10Ал: «Жакшы болот, силер кандай айтсаңар, ошондой болсун: чөйчөк кимден табылса, ал мага кул болуп калат, ал эми силер айыптуу болбойсуңар», – деди.

11Алар каптарын шашылыш түрдө жерге түшүрүштү. Ар бири өз кабын ачты.

12Үй башчысы бир туугандардын каптарын улуусунукунан баштап кичүүсүнүкүнө чейин тинтип чыкты. Чөйчөк Бенжеминдин кабынан табылды.

13Ошондо алар өз кийимдерин айрып, ар бири өз жүгүн эшегине артып, шаарга кайтып келишти.

14Анан Жүйүт бир туугандары менен Жусуптун үйүнө келди. Ал үйүндө экен. Алар анын алдына келип, жерге жыгылышты.

15Жусуп аларга: «Бул эмне кылганыңар? Силердин эмне кылганыңарды мендей адам, сөзсүз, билип коёрун билген жок белеңер?» – деди.

16«Мырзабызга эмнени айтмак элек? Эмне демек элек? Эмне деп актанмак элек? Кудай кулдарыңдын айыбын ачты. Эми биз да, чөйчөктү алган адам да мырзабыздын кулу болобуз», – деди Жүйүт.

17Бирок Жусуп мындай деди: «Жок, мен мындай кылбайм. Кимдин колунан чөйчөк табылса, ошол мага кул болот, ал эми силер атаңарга тынчтык менен бара бергиле».

18Ошондо Жүйүт ага басып келип, мындай деди: «Мырзам, кулуңдун сөзүнө кулак салсаң экен. Кулуңа каарданбасаң экен, анткени сен фараондай эле адамсың.

19Мырзам кулдарынан: “Атаңар же бир тууганыңар барбы?” – деп сурады эле.

20Биз мырзабызга: “Биздин карыган атабыз жана анын карыганда көргөн кенже уулу бар, бир тууганы өлүп, ал бир энеден жалгыз калды. Аны атасы жакшы көрөт”, – дегенбиз.

21Сен болсо кулдарыңа: “Аны мага алып келгиле, мен көрөйүн”, – дедиң.

22Биз мырзабызга: “Бала атасын таштай албайт. Эгерде ал атасын таштап кетсе, анда атасы өлүп калат”, – дедик.

23Бирок сен кулдарыңа: “Эгерде кенже иниңер силер менен кошо келбесе, мындан ары көзүмө көрүнбөгүлө”, – дедиң.

24Биз сенин кулуңа – атабызга барып, мырзабыздын сөздөрүн айттык.

25Анан атабыз: “Дагы барып, бир аз эгин сатып келгиле”, – деди.

26Биз ага: “Биз бара албайбыз. Эгерде кенже бир тууганыбыз биз менен барса, барабыз, анткени кенже бир тууганыбыз биз менен барбаса, тиги кишинин жүзүн көрүүгө болбойт”, – дедик.

27Ошондо сенин кулуң – биздин атабыз мындай деди: “Аялым мага эки уул төрөп бергенин силер билесиңер.

28Бирөөнөн ажырадым, ошондо: “Чын эле, ал жырткычка таланса керек”, – дедим эле. Анткени мен аны бүгүнкү күнгө чейин көрө элекмин.

29Эми муну да алсаңар, бул да бир кырсыкка учураса, карыган кезимде кайгыга салып, өлгөндөр жаткан жайга жибересиңер”.

30Эгерде мен сенин кулуңа – атама барганда, жанындай көргөн баласы жаныбызда болбосо,

31анда ал баласы жок экенин көрүп, өлүп калат, кулдарың сенин кулуңду – чачын ак баскан атабызды кайгыга малып, өлгөндөр жаткан жайга жиберет!

32Анын үстүнө, мен, кулуң, бала үчүн жооп берүү милдетин алып: “Эгерде аны сага алып келбесем, анда мен сенин алдыңда өмүр бою айыптуу болоюн”, – деген элем.

33Ошондуктан мен, кулуң, бул баланын ордуна сага, мырзама, кул болуп калайын, бала болсо бир туугандары менен кете берсин.

34Анткени бала жанымда болбосо, атама кантип барам? Атамдын башына түшкөн кайгыны кантип карап турам?»

>