Башталыш 45:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Ошондо Жусуп жанында тургандардын алдында өзүн кармай албай: «Менин жанымда турган адамдардын бардыгы чыксын», – деп кыйкырып жиберди. Жусуп бир туугандарына өзүнүн ким экенин айтканда, жанында эч ким жок эле.

2Ал катуу ыйлап жибергендиктен, аны мисирликтер да, фараондун үй ичи да укту.

3Анан Жусуп бир туугандарына: «Мен Жусупмун, деги атам тирүүбү?» – деди. Бирок бир туугандары жооп бере албай калышты, анткени алар анын алдында коркуп турушту.

4Ошондо Жусуп бир туугандарына: «Мага жакын келгилечи», – деди. Алар жакын келишти. Ал: «Мен Жусупмун, силердин Мисирге сатып жиберген бир тууганыңармын.

5Бирок азыр кайгырбагыла, мени бул жакка сатып жибергениңерге өкүнбөгүлө, анткени Кудай силердин өмүрүңөрдү сактап калыш үчүн, мени бул жакка силерден мурун жиберди.

6Анткени жер үстүндө ачарчылык башталганына эки эле жыл болду, дагы беш жыл жер да айдалбайт, эгин да орулбайт.

7Силерди жер үстүндө калтырыш үчүн жана улуу куткаруу иши менен өмүрүңөрдү сактап калуу үчүн, Кудай мени силерден мурун жиберди.

8Ошондуктан мени бул жакка силер эмес, Кудай жиберди. Ал мени фараондун атасы, анын бүт үйүнүн мырзасы, бүткүл Мисир жеринин эгедери кылып койду.

9Атама тезирээк баргыла да: Уулуң Жусуп мындай дейт дегиле: “Кудай мени бүткүл Мисир жерине мырза кылып койду. Мага тез кел.

10Сен Гошен деген жерде жашайсың. Сен уулдарың, уулдарыңдын уулдары, майда жана бодо малың менен, өзүңдүн бардык мүлкүң менен менин жанымда болосуң.

11Ошол жерде мен сени багам, анткени дагы беш жыл ачарчылык болот. Өзүң да, үйүң да, кишилериң да жакырданып кетпесин”.

12Силерге өз оозум менен айтып жатканымды өзүңөр да, бир тууганым Бенжемин да өз көзү менен көрүп турат.

13Атама Мисирдеги бүткүл атак-даңкымды, көргөнүңөрдүн бардыгын айтып баргыла да, атамды тезирээк бул жерге алып келгиле», – деди.

14Анан ал бир тууганы Бенжеминди мойнунан кучактап ыйлады. Бенжемин да аны мойнунан кучактап ыйлады.

15Анан бардык бир туугандарын өпкүлөп, аларды кучактап ыйлады. Андан кийин бир туугандары аны менен сүйлөшүштү.

16Жусуптун бир туугандары келгендиги тууралуу кабар фараондун үйүнө жетти. Бул кабар фараонго да, анын кулдарына да жакты.

17Ошондо фараон Жусупка мындай деди: «Бир туугандарыңа мындай деп айт: “Малыңарга жүк артып, Канаан жерине жөнөгүлө.

18Атаңарды да, үй-бүлөңөрдү да алып, мага келгиле. Мен силерге Мисирдин эң жакшы жерин берем, силер семиз жердин жемишинен жейсиңер”.

19Сага болсо аларга мындай деп айтууңду буйрук кылам: “Мындай кылгыла де: Балдарыңар менен аялдарыңар үчүн Мисир жеринен араба алгыла, атаңарды алып келгиле.

20Буюмдарыңар үчүн өкүнбөгүлө, анткени силерге бүткүл Мисир жериндеги эң жакшы нерселерди берем”».

21Ысрайыл уулдары ошондой кылышты. Жусуп аларга фараондун буйругу боюнча арабаларды, жол азыктарын берди.

22Ар бирине алмаштырып кийгидей кийим берди. Бенжеминге болсо үч жүз күмүш тыйын жана беш сыйра кийим берди.

23Ал эми атасына Мисирдин эң жакшы жер-жемиштери жүктөлгөн он эшек, эгин жана атасынын жолуна камдалган тамак-аш жүктөлгөн он ургаачы эшек жөнөттү.

24Жусуп бир туугандарын ошентип коё берди. Алар жөнөп кетишти. Аларга: «Жолдо урушпай баргыла», – деди.

25Алар Мисирден чыгып, Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, ага:

26«Жусуп тирүү экен, азыр ал бүткүл Мисир жерин башкарып турат», – дешти. Бирок Жакып кош көңүл мамиле кылып койду, анткени аларга ишенген жок.

27Алар ага Жусуптун айткан сөздөрүнүн бардыгын айтып беришти. Өзүн алып кетиш үчүн Жусуп жөнөткөн арабаларды көргөндөн кийин гана алардын атасы Жакыптын руху жандана түштү.

28Ошондо Ысрайыл мындай деди: «Уулум Жусуп тирүү экенине эми ишендим, көзүм өтө элегинде барып, аны көрүп калайын».

>