Башталыш 46:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Ошентип, Ысрайыл өзүнүн бардык мал-мүлкү менен жолго чыгып, Бейер-Шебага келди да, атасы Ыскактын Кудайына курмандык чалды.

2Ошондо Кудай Ысрайылды түнкү көрүнүштө: «Жакып! Жакып!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен», – деп жооп берди.

3Кудай ага мындай деди: «Мен Кудаймын, атаңдын Кудайымын. Мисирге баргандан коркпо, анткени ошол жерде Мен сенден улуу эл жаратам.

4Мен Мисирге сени менен барам. Мен сени ал жерден кайра алып чыгам. Жусуп сенин көзүңдү өз колу менен жабат».

5Ошондо Жакып Бейер-Шебадан чыкты. Ысрайылдын уулдары атасы Жакыпты, балдарын, аялдарын арабаларга салып, алып жөнөштү. Жакыпты алып келүү үчүн, ал арабаларды фараон жиберген эле.

6Ошентип, алар Канаан жеринде тапкан мал-мүлкүн алып, Мисирге келишти. Ал жерге Жакып жана анын бүт тукуму келди.

7Ал өзү менен бирге Мисирге уулдары менен неберелерин, кыздары менен жээндерин, бардык тукумун алып келди.

8Мисирге келген Ысрайыл уулдарынын аттары мындай: Жакып жана анын уулдары: Жакыптын туну Рубейин.

9Рубейиндин уулдары: Ханох жана Палу, Хесрон жана Карми.

10Шымондун уулдары: Жемуел, Жамин, Ойат, Жахин, Сохар жана канаандык аялдан төрөлгөн Шабул.

11Лебинин уулдары: Гейиршон, Каат жана Мерари.

12Жүйүттүн уулдары: Эйир, Онан, Шейла, Перес жана Зерак, бирок Эйир менен Онан Канаан жеринде өлгөн. Перестин уулдары: Кесрон менен Хамул.

13Исахардын уулдары: Тола жана Пуба, Аюб жана Шимрон.

14Забулундун уулдары: Серет, Эйлон жана Жахлиел.

15Булар – Месопотамияда Леянын Жакыптан төрөгөн уулдары жана анын кызы Дина. Анын бардык уул-кыздары – отуз үч жан.

16Гаттын уулдары: Сипон жана Хаги, Шуни жана Эспон, Эйри, Ароту жана Арейли.

17Ашырдын уулдары: Имна жана Ишпа, Ишпи жана Бирия, алардын карындашы Серак. Бириянын уулдары: Хебер жана Малкиел.

18Булар – Зилпанын уулдары. Зилпаны Лабан өз кызы Леяга берген. Ал Жакыпка он алты бала төрөп берген.

19Жакыптын аялы Рахелдин уулдары: Жусуп жана Бенжемин.

20Мисир жеринде Жусуптан Менаше менен Эпрайым төрөлдү. Аларды ага оондук буткана кызматчысы Потипердин кызы Асинат төрөп берди.

21Бенжеминдин уулдары: Бела, Бехер жана Ашбел. Гейра жана Нааман, Эйхи жана Рош, Мупим, Хупим жана Арт.

22Булар – Рахелдин Жакыптан төрөгөн уулдары, бардыгы болуп он төрт жан.

23Дандын уулу: Хушим.

24Напталынын уулдары: Жахсиел жана Гуни, Жетсер жана Шилем.

25Булар – Биланын уулдары. Биланы Лабан өз кызы Рахелге берген. Ал Жакыпка бардыгы болуп жети бала төрөп берген.

26Жакып менен бирге Мисирге келгендердин, Жакыптын уулдарынын аялдарынан башка, анын өз канынан чыккандардын саны бардыгы болуп алтымыш алты жан эле.

27Жусуптан Мисирде эки уул төрөлгөн. Жакыптын Мисирге келген кишилеринин саны бардыгы болуп жетимиш жан.

28Гошенге жол көрсөтсүн деп, Жакып Жүйүттү Жусупка өзүнөн мурун жиберди. Алар Гошенге келишти.

29Жусуп арабасын кошуп, атасы Ысрайылды тосуп алганы Гошенге жөнөп кетти. Ал атасын көргөндө, аны мойнунан кучактап, көпкө чейин ыйлады.

30Ошондо Ысрайыл Жусупка: «Эми өлсөм болот, сенин жүзүңдү көрдүм, сен тирүү экенсиң», – деди.

31Жусуп бир туугандарына жана атасынын үй-бүлөсүнө: «Мен барып, фараонго кабарлап: “Канаан жериндеги бир туугандарым менен атамдын үй-бүлөсү мага келишти.

32Алар – койчулар, мал багышат. Алар майда жана бодо малын, бардык мал-мүлкүн ала келишти”, – деп айтайын.

33Эгерде фараон силерди чакырып: “Силердин кесибиңер эмне?” – деп сураса,

34силер: “Сенин кулдарың биз да, аталарыбыз да жаш чагыбыздан бүгүнкү күнгө чейин мал багып келгенбиз”, – деп айткыла. Ошондо Гошен жеринде жашап каласыңар. Анткени мисирликтер үчүн койчулардын баары жийиркеничтүү», – деди.

>