1Жусуп фараонго келип, мындай деп кабарлады: «Канаан жеринен атам менен бир туугандарым майда жана бодо малы менен, өздөрүнүн бардык мал-мүлкү менен келишти. Азыр алар Гошен жеринде».
2Анан ал бир туугандарынын арасынан бешөөнү алып барып, фараонго тааныштырды.
3Ошондо фараон анын бир туугандарынан: «Силердин кесибиңер эмне?» – деп сурады. Алар фараонго: «Сенин кулдарың биз да, аталарыбыз да койчубуз», – деп жооп беришти.
4Алар фараонго: «Биз бул жерге жашаганы келдик, анткени кулдарыңдын малына жайыт жок, Канаан жеринде катуу ачарчылык болуп жатат. Ошондуктан кулдарыңа Гошен жеринде жашоого уруксат бер», – дешти.
5Ошондо фараон Жусупка кайрылып, мындай деди: «Атаң менен бир туугандарың сага келди.
6Мисир жери кол астыңда. Атаң менен бир туугандарыңды эң жакшы жерге жайгаштыр. Алар Гошен жеринде жашашсын. Эгерде алардын арасында жөндөмдүү кишилер бар экенин билсең, аларды менин малымдын үстүнөн көз салуучу кылып дайында».
7Анан Жусуп атасы Жакыпты фараонго алып келип тааныштырды. Жакып фараонго батасын берди.
8Фараон Жакыптан: «Канча жашка келдиң?» – деп сурады.
9Жакып фараонго: «Жер бетинде келгин болуп жашаганыма жүз отуз жыл болду. Ата-бабаларымдын жер бетинде келгин болуп жашаган жашына жеткен жокмун, аз жашадым, азаптуу күндөрдү өткөрдүм», – деди.
10Жакып фараонго батасын берип, фараондукунан чыкты.
11Ошентип, Жусуп атасы менен бир туугандарын Мисир жерине жайгаштырып, фараон айткандай, жер соорусу Раамсес аймагын алардын энчисине берди.
12Жусуп атасы менен бир туугандарын, атасынын бүт үй-бүлөсүн ар бир үй-бүлөдөгү кишинин санына жараша эгин менен камсыз кылып турду.
13Ачарчылык аябай күч алгандыктан, бүт жер жүзүндө эгин түгөнүп, Мисир жери да, Канаан жери да жабыркады.
14Жусуп эгин сатып, Мисир жери менен Канаан жериндеги күмүштүн баарын жыйнап, фараондун үйүнө киреше кылып киргизди.
15Ошентип, күмүш Мисир жери менен Канаан жеринде түгөндү. Мисирликтердин бардыгы Жусупка келип: «Бизге нан бер, сенин алдыңда өлгөнүбүздүн эмне кереги бар, анткени күмүшүбүз түгөндү», – дешти.
16Жусуп аларга: «Күмүшүңөр түгөнсө, малыңарды айдап келгиле, эгинди малга айырбаштайм», – деди.
17Ошондо алар Жусупка малдарын айдап келишти. Жусуп аларга жылкыларынын, майда жана бодо малдарынын, эшектеринин ордуна эгин берип турду. Ал жылы аларды берген малынын ордуна эгин менен камсыз кылып турду.
18Ошентип, ал жыл да өттү. Кийинки жылы да алар Жусупка келип: «Мырзабыздан жашырбайбыз, күмүшүбүз түгөндү, бүт малыбыз да мырзабыздын колунда. Мырзабыздын алдында өзүбүз менен жерибизден башка эч нерсебиз калган жок.
19Сенин көз алдыңда өзүбүз өлүп, жерибиздин ээн калганынын эмне кереги бар? Өзүбүздү да, жерибизди да эгинге сатып ал. Биз жерибиз менен фараонго кул бололу, өлбөй тирүү калышыбыз үчүн, жерибиз ээн калбашы үчүн, бизге үрөн бер», – дешти.
20Ошондо Жусуп бүткүл Мисир жерин сатып алып, фараондун карамагына өткөрдү. Ачарчылык кыйнагандыктан, мисирликтердин баары өз талааларын сатышты. Ошентип, жер фараондун карамагына өттү.
21Фараон Мисирдин бир четинен экинчи четине чейин жашаган элди кул кылып алды.
22Жусуп буткана кызматчыларынын гана жерлерин сатып алган жок, анткени буткана кызматчылары фараондон жер алууга тийиш эле. Алар фараон берген жер менен оокат кылышкан, ошондуктан жерлерин сатышкан жок.
23Ошондо Жусуп элге кайрылып: «Мына эми мен силерди да, жериңерди да фараондун карамагына өткөрдүм. Мына бул үрөндү алып, жериңерге эккиле.
24Түшүмдү жыйнаганыңардан кийин, анын бештен бир бөлүгүн фараонго бергиле, ал эми төрт бөлүгү талаага сепкениңерге, өзүңөр жегениңерге, үйүңөрдө жашагандарыңарга, балдарыңардын жегенине калсын», – деди.
25Алар Жусупка: «Сен биздин өмүрүбүздү сактап калдың. Мырзабыздын алдында ырайым табалы, фараонго кул бололу», – дешти.
26Ошентип, Жусуп Мисир жеринде бүгүнкү күнгө чейин күчүндө болгон мындай мыйзам чыгарды: «Фараонго таандык болбогон буткана кызматчыларынын жеринен башка жерлерден алынган түшүмдүн бештен бир бөлүгү фараонго берилсин».
27Ысрайыл Мисирдеги Гошен жерине отурукташып калгандан кийин, укумдап-тукумдап, абдан көбөйдү.
28Жакып Мисир жеринде он жети жыл жашап, жүз кырк жети жашка чыкты.
29Ысрайылдын өлөр убагы жакындаганда, уулу Жусупту чакырып, мындай деди: «Эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, мага ырайым жана акыйкаттык кылып, сенин сөөгүңдү Мисирге калтырбайм деп, колуңду саныма коюп ант бер.
30Ата-бабаларым жаткан жерге жатайын, мени Мисирден алып чыгып, ошолордун көрүстөнүнө кой». Жусуп атасына: «Айтканыңдай кылам», – деди.
31Атасы ага: «Ант бер», – деди. Баласы ага ант берди. Ысрайыл төшөгүнүн башында тизесин бүктү.