1Ошондон кийин Жусупка: «Атаң ооруп жатат», – дешти. Ошондо ал Менаше жана Эпрайым деген эки уулун алып, атасына жөнөдү.
2Жакыпка: «Сага уулуң Жусуп келе жатат», – деп кабарлашты. Ысрайыл бар күчүн жыйнап, төшөгүнө отурду.
3Анан Жакып Жусупка мындай деди: «Кудуреттүү Кудай Канаан жериндеги Лузда мага келип, батасын берген.
4Кудай мага: “Мен сени укум-тукумдуу кылам, сенден көптөгөн элдерди жаратам, бул жерди сенин тукумуңа түбөлүк ээлик кылууга берем”, – деген.
5Мисирге, сага келгениме чейин, сенин Мисир жеринде туулган эки уулуң – Эпрайым менен Менаше эми менин уулдарым болот, Рубейин менен Шымон сыяктуу эле булар меники болот.
6Сенден төрөлө турган, булардан кийинки балдар сеники болот. Ал балдар өз үлүштөрүндө өз бир туугандарынын аттары менен аталышат.
7Мен Месопотамиядан келе жатканда, Канаан жеринде, жолдо, Эфратага бир аз жете бербей, өз колумда Рахелим көз жумду. Мен анын сөөгүн ошол жерге, Эфратага бара жаткан жолдо жашырдым, азыр ал жер Бейт-Лехем деп аталат».
8Анан Ысрайыл Жусуптун балдарын көрүп: «Булар кимдер?» – деп сурады.
9Жусуп атасына: «Булар менин уулдарым, буларды Кудай мага ушул жерден берди», – деп жооп берди. Ошондо Жакып ага: «Аларды мага жакын алып келчи, мен аларга батамды берейин», – деди.
10Карылыктан Ысрайылдын көзүнүн курчу кетип, жакшы көрө албай калган эле. Жусуп уулдарын ага жакын алып келди. Жакып аларды кучактап өптү.
11Ошондо Ысрайыл Жусупка: «Сенин жүзүңдү көрөм деп үмүттөнгөн эмес элем, бирок Кудай мага уулдарыңды да көрсөттү», – деди.
12Жусуп уулдарын атасынын алдынан алып, ага башын ийип таазим этти.
13Анан Жусуп Эпрайымды оң колуна алып, Ысрайылдын сол колуна алып келди, Менашени сол колуна алып, Ысрайылдын оң колуна алып келди.
14Эпрайым кичүү болсо да, Ысрайыл оң колун анын башына, ал эми сол колун Менашенин башына койду. Менаше тун уул экенин билип турса да, ал колдорун ошондой койду.
15Анан Жусупка батасын берип, мындай деди: «Аталарым Ыбрайым менен Ыскак табынган Кудай, мени жаралганымдан бүгүнкүгө чейин сактап келген Кудай,
16мени ар кандай жамандыктан куткарган Периште бул балдарга батасын берсин. Булар менин атым менен, аталарым Ыбрайым менен Ыскактын аты менен аталышсын, жер бетинде укумдап-тукумдап көбөйүшсүн».
17Жусуп атасынын оң колун Эпрайымдын башына койгонун көрүп, капа болду. Ал Эпрайымдын башынан атасынын колун алып, Менашенин башына коймокчу болуп, атасынын колун кармады да:
18«Ата, андай эмес! Туну – бул. Оң колуңду мунун башына кой», – деди.
19Бирок атасы ага макул болбой: «Билем, уулум, билем, андан да эл чыгат, ал да улуу эл болот, бирок кичүүсү андан чоң болот, андан чоң уруу тарайт», – деди.
20Ысрайыл ошол күнү аларга батасын берип, мындай деди: «Ысрайыл сенин атыңды атап: Кудай сага Эпрайым менен Менашеге кылганындай кылсын», – деп батасын берет. Ошентип, ал Эпрайымды Менашеден жогору койду.
21Анан Ысрайыл Жусупка мындай деди: «Менин көзүм өтүп баратат. Бирок Кудай силер менен болот, силерди ата-бабаңардын жерине кайра алып барат.
22Аморлуктардын колунан кылычым менен, жаам менен тартып алган бир тилке жерди сени бир туугандарыңан артык көрүп, сага берем».