Башталыш 5:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Адамдын санжырасы мындай: Кудай адамды жаратканда, аны Кудайга окшоштуруп жаратты.

2Аларды эркек-аял кылып жаратып, аларга батасын берди. Жараткан күнү аларды «адам» деп атады.

3Адам жүз отуз жашка чыкканда, анын бейнеси боюнча ага окшош уул төрөлдү. Ал ага Шет деген ат койду.

4Шет төрөлгөндөн кийин, Адам сегиз жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

5Адам бардыгы болуп тогуз жүз отуз жыл жашап көз жумду.

6Шет жүз беш жашка чыкканда, андан Энош төрөлдү.

7Энош төрөлгөндөн кийин, Шет сегиз жүз жети жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

8Шет бардыгы болуп тогуз жүз он эки жыл жашап көз жумду.

9Энош токсон жашка чыкканда, андан Кейнан төрөлдү.

10Кейнан төрөлгөндөн кийин, Энош сегиз жүз он беш жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

11Энош бардыгы болуп тогуз жүз беш жыл жашап көз жумду.

12Кейнан жетимиш жашка чыкканда, андан Маалалел төрөлдү.

13Маалалел төрөлгөндөн кийин, Кейнан сегиз жүз кырк жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

14Кейнан бардыгы болуп тогуз жүз он жыл жашап көз жумду.

15Маалалел алтымыш беш жашка чыкканда, андан Жарет төрөлдү.

16Жарет төрөлгөндөн кийин, Маалалел сегиз жүз отуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

17Маалалел бардыгы болуп сегиз жүз токсон беш жыл жашап көз жумду.

18Жарет жүз алтымыш эки жашка чыкканда, андан Энох төрөлдү.

19Энох төрөлгөндөн кийин, Жарет сегиз жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

20Жарет бардыгы болуп тогуз жүз алтымыш эки жыл жашап көз жумду.

21Энох алтымыш беш жашка чыкканда, андан Матушал төрөлдү.

22Матушал төрөлгөндөн кийин, Энох Кудай алдында үч жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

23Энох бардыгы болуп үч жүз алтымыш беш жыл жашады.

24Энох Кудай алдында түз жүрдү. Анан жок болуп кетти, анткени аны Кудай алып кетти.

25Матушал жүз сексен жети жашка чыкканда, андан Лемек төрөлдү.

26Лемек төрөлгөндөн кийин, Матушал жети жүз сексен эки жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

27Матушал бардыгы болуп тогуз жүз алтымыш тогуз жыл жашап көз жумду.

28Лемек жүз сексен эки жашка чыкканда, андан уул төрөлдү.

29Ал ага Нух деген ат коюп: «Теңир каргаган жерди иштетип, эмгектенип жатканыбызда, ал бизге сооронуч болсун», – деди.

30Нух төрөлгөндөн кийин, Лемек беш жүз токсон беш жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

31Лемек бардыгы болуп жети жүз жетимиш жети жыл жашап көз жумду.

32Нух беш жүз жашка чыкканда, андан Шем, Хам, Жепет төрөлдү.