Башталыш 50:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Жусуп атасын басып жыгылып, ыйлап, аны өпкүлөдү.

2Анан Жусуп дарыгер кызматчыларына атасын бальзамдоого буйрук берди. Дарыгерлер Ысрайылды бальзамдашты.

3Арадан кырк күн өттү, анткени бальзамдап катырууга кырк күн керек эле. Мисирликтер жетимиш күн аза күтүп ыйлашты.

4Аны жоктоп ыйлаган күндөр аяктагандан кийин, Жусуп фараон сарайындагыларга мындай деп кайрылды: «Эгерде мен силердин алдыңарда ырайым тапкан болсом, анда фараонго мындай дегиле:

5“Атам менден мындай деп ант алган эле: "Менин көзүм өтүп бара жатат. Мени Канаан жеринде өзүм үчүн казган көргө койгула". Мен эми ошол жерге барып, атамды коюп келүүнү каалар элем”».

6Ошондо фараон: «Атаңа берген антың боюнча барып, атаңды коюп кел», – деди.

7Жусуп атасын койгону жөнөдү. Аны менен фараондун кызматчылары, үйүндөгү аксакалдар жана Мисир жериндеги аксакалдар,

8өзүнүн бүт үй-бүлөсү, бир туугандары жана атасынын үйүндөгүлөр кетишти. Гошен жеринде балдары менен майда жана бодо малдарын гана калтырышты.

9Аны менен бирге арабалар менен атчандар кошо жөнөшкөндүктөн, эл абдан көп болду.

10Алар Иордандын жанындагы Горен-Аататка жеткенде, ал жерде да чоң ый, чоң өкүрүк болду. Жусуп атасын жоктоп жети күн ыйлады.

11Ошондо ал жерде жашаган канаандыктар Горен-Аататтагы ыйды угуп: «Мисирликтер аябай жоктоп ыйлашты», – дешти. Ошондуктан ал жер Иордандагы «мисирликтердин ыйы» деп аталып калды.

12Жакыптын уулдары атасы кандай айтса, ошондой кылышты.

13Уулдары аны Канаан жерине алып барып, Мамрейдин алдындагы, Махпел талаасындагы үңкүргө коюшту. Ыбрайым аны талаа менен бирге хеттик Эпрондон менчик көрүстөн кылыш үчүн сатып алган.

14Атасын койгондон кийин, Жусуп бир туугандары менен, өзү менен бирге атасын койгону баргандар менен Мисирге кайтып келди.

15Жусуптун бир туугандары атасы өлгөндөн кийин: «Жусуп бизди жек көрүп калса эмне болот? Ага кылган жамандыгыбыз үчүн өч алгысы келсечи?» – дешип,

16Жусупка мындай деп айттырып жиберишти: «Атаң өлөр алдында:

17“Жусупка минтип айткыла: "Бир туугандарың сага жамандык кылышты, алардын айыбы менен күнөөсүн кечир", – деген. Эми атаңдын Кудайынын кулдарынын айыбын кечир”». Бул сөздөрдү айтып жатышканда, Жусуп ыйлады.

18Бир туугандары өздөрү да келип, анын алдына жыгылып: «Эми биз сенин кулуңбуз», – дешти.

19Жусуп аларга: «Коркпогула, анткени мен Кудайдан корком.

20Силер мага жамандык ойлодуңар эле, Кудай аны жакшылыкка айлантты. Көп сандаган адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн, ушуну ишке ашырды.

21Ошондуктан коркпогула. Мен силерди бала-бакыраңар менен кошо багам», – деди. Ошентип, Жусуп алардын көңүлүн тынчтандырып, жүрөк жылыткан сөздөрдү айтты.

22Жусуп Мисирде атасынын үй-бүлөсү менен жашады. Ал жүз он жыл жашады.

23Ал Эпрайымдын үчүнчү тукумуна чейин көрдү, ошондой эле Менашенин уулу Махирдин уулдары да анын көзү тирүүсүндө төрөлүштү.

24Жусуп бир туугандарына мындай деди: «Менин ичер суум, көрөр күнүм аз калды, бирок Кудай силерге келип, силерди бул жерден алып чыгып, Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка убада кылган жерге жеткирет».

25Анан Жусуп Ысрайыл уулдарынан мындай деп ант алды: «Кудай силерге келет, ошондо силер менин сөөгүмдү бул жерден алып кеткиле».

26Ошентип, Жусуп жүз он жашында көз жумду. Аны Мисирде бальзамдап, табытка салып коюшту.

>