1Жер бетинде адамдар көбөйө баштаганда, алардан кыздар төрөлдү.
2Кудайдын уулдары адамдардын кыздары чырайлуу экенин көрүп, ар бири өзүнүн тандаганын аялдыкка ала баштады.
3Ошондо Теңир: «Менин Рухум адамдын ичинде түбөлүккө болбойт, анткени алар – дене. Алардын жашы жүз жыйырма жыл болсун», – деди.
4Ошол кезде жер бетинде алп адамдар болгон. Кудайдын уулдары адамдардын кыздарына жакындашканда, алар төрөп, алп адамдар көбөйгөн. Алар байыртадан эле күчтүү, атактуу адамдар болушкан.
5Теңир жер бетиндеги адамдардын абдан бузулганын, алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык экенин көрдү.
6Ошондо Теңир жер бетине адамды жаратканына өкүнүп, Өз ичинен өтө кайгырды.
7Анан Теңир мындай деди: «Мен Өзүм жараткан адамдарды жер бетинен жок кылам, адамдан тартып малга чейин: жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, асман канаттууларын жок кылам, анткени Мен аларды жаратканыма өкүнүп жатам».
8Нух болсо Теңирдин алдында ырайым тапты.
9Нухтун жашоосу мындай эле: Нух өз замандаштарынын ичинен адил, кемчиликсиз адам болгон. Нух Кудайдын алдында түз жүргөн.
10Нухтун Шем, Хам, Жепет деген үч уулу болгон.
11Жер бети Кудайдын алдында бузулуп, жаман иштерге толуп кетти.
12Кудай жерге көз жиберип, жердин абдан бузулганын, жердеги ар бир жандын терс жолго түшкөнүн көрдү.
13Ошондо Кудай Нухка мындай деди: «Менин алдымда ар бир жандын күнү бүттү, анткени жер бети алардын жаман иштерине толуп кетти. Эми Мен аларды жер бетинен жок кылам.
14Сен өзүңө гофер жыгачынан туюк кеме жаса. Кеменин ичин бөлүктөргө бөлүп, ичи-тышын чайыр менен капта.
15Сен аны мындай жаса: кеменин узундугу үч жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, ал эми бийиктиги отуз чыканак болсун.
16Кеменин жогору жагын оюп, бир чыканак терезе чыгар, капталына эшик жаса. Ичин үч кабат кылып кур.
17Эми Мен асман астындагы өмүр деми бар тирүү жандын баарын жер бетинен жок кылыш үчүн, топон суу каптатам. Жер бетиндегинин бардыгы өмүрүнөн ажырайт.
18Бирок Мен сени менен келишим түзөм. Кемеге сени менен кошо уулдарың, аялың жана уулдарыңдын аялдары кирсин.
19Ошондой эле сени менен бирге тирүү калыш үчүн, кемеге бардык жаныбарлардан эркек-ургаачы кылып, түгөйлөп киргиз.
20Тирүү калышы үчүн, канаттуулардын түр-түрүнөн, малдардын түр-түрүнөн, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын түр-түрүнөн түгөйү менен киргиз.
21Анан жегенге жарактуу ар кандай азыктан жыйып ал. Ал сага да, аларга да азык болот».
22Нух бардыгын жасады: Кудай кандай буйруса, ал так ошондой жасады.