Башталыш 7:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Ошондо Теңир Нухка мындай деди: «Бүт үй-бүлөң менен кемеге кир, анткени замандаштарыңдын ичинен сени Өзүмдүн алдымда адил деп таптым.

2Жер үстүндө тукумун сактап калыш үчүн, ар бир адал малдын эркек-ургаачысынан жетини, адал эмес малдын эркек-ургаачысынан экини,

3асман канаттууларынын эркек-ургаачысынан жетини ал.

4Анткени жети күндөн кийин Мен жер бетине кырк күн, кырк түн жамгыр төгүп, Өзүм жараткан тирүү жандардын баарын жер бетинен жок кылам».

5Теңир эмнени буйруса, Нух ошонун бардыгын жасады.

6Жер бетин топон суу каптаганда, Нух алты жүз жашта эле.

7Топон суу каптардын алдында Нух уулдары, аялы, келиндери менен кемеге кирди.

8Адал жана адал эмес малдар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлар,

9Кудай Нухка буйрук кылгандай, түгөй-түгөйү менен, эркек-ургаачы болуп, Нухтун кемесине киришти.

10Жети күн өткөндөн кийин жер бетин топон суу каптады.

11Нухтун өмүр сүргөнүнө алты жүз жыл болгондо, экинчи айдын он жетинчи күнү зор туңгуюктун бардык булактары атырылып ачылды, асман терезелери да ачылды.

12Жер бетине кырк күн, кырк түн жамгыр төгүп турду.

13Так ошол күнү Нух уулдары Шем, Хам, Жепет менен, аялы жана келиндери менен кемеге кирди.

14Алар менен кошо бардык жаныбарлар, түр-түрү менен малдар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлар, түр-түрү менен бардык учуп жүрүүчүлөр, бардык канаттуулар, бардык куштар,

15өмүр деми бар тирүү жандыктардын баары түгөйү менен Нухтун кемесине киришти.

16Кудай Нухка буйругандай, бардык жаныбарлар эркек-ургаачы болуп кемеге киришти. Ошондо алардын артынан Теңир эшикти жапты.

17Жер бетинде топон суу кырк күнгө созулду. Суу көбөйүп, кемени көтөрдү. Кеме жерден жогору көтөрүлдү.

18Суу болсо күчөп, көбөйгөндөн көбөйө берди. Кеме суунун үстүндө калкып калды.

19Суу жер бетинде күчөгөндүктөн, асман астындагы бардык бийик тоолор суу астында калды.

20Суу тоолордон он беш чыканактай жогору көтөрүлүп, аларды басып калды.

21Жер бетиндеги кыбыр эткен бардык тирүү жандар: канаттуулар, малдар, жаныбарлар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарлар жана бардык адамдар өмүрүнөн ажырады.

22Кургактыкта жашаган, таноосунда өмүр рухунун деми бар тирүү жандардын бардыгы кырылды.

23Жер үстүндөгү тирүү жандын бардыгы кырылды: адамдан тартып малга чейин, сойлоп жүрүүчү жаныбарлар, асман канаттуулары – бардыгы кырылып, жер бетинен жок болду. Нух менен кемеге киргендер гана тирүү калышты.

24Жер бетинде суунун деңгээли жүз элүү күн бою улам жогорулап турду.