1Кудай Нухту жана кемедеги бардык жаныбарлар менен малдарды эстеп, жер бетине шамал жиберди, ошондо суу тартыла баштады.
2Түпсүздүктөгү булактар менен асман терезелери жабылып, асмандан куйган жамгыр басылды.
3Суу болсо акырындап жер бетинен кайта баштады. Жүз элүү күндөн кийин суу тартыла баштады.
4Кеме жетинчи айдын он жетинчи күнү Арарат тоолорунун үстүнө токтоду.
5Суу онунчу айга чейин тынымсыз тартылып, онунчу айдын биринчи күнү тоо чокулары көрүндү.
6Кырк күндөн кийин Нух кемедеги өзү жасаган терезени ачып,
7бир карганы коё берди. Карга кемеден учуп чыгып, жер кургагыча учуп кетип, кайра учуп келип турду.
8Суунун жер бетинен тартылганын билиш үчүн, андан кийин көгүчкөндү коё берди.
9Бирок көгүчкөн бутун коёрго жер таппай, кемеге кайрылып келди, анткени бүт жер бетин дагы эле суу каптап турган эле. Нух колун сунуп, көгүчкөндү кармап, кемеге киргизип алды.
10Анан дагы жети күн коё туруп, көгүчкөндү кайрадан коё берди.
11Көгүчкөн ага кечке маал кайрылып келди. Анын тумшугунда зайтун дарагынын жаңы үзүлгөн жалбырагы бар эле. Ошондо Нух жер бетиндеги суунун тартылганын билди.
12Ал дагы жети күн коё туруп, көгүчкөндү коё берди, бирок ал ага кайрылып келген жок.
13Нух алты жүз бир жашка чыкканда, биринчи айдын биринчи күнүнө караганда, жер бетиндеги суу тартылды. Нух кеменин үстүн ачып караса, жердин үстү кургап калыптыр.
14Экинчи айдын жыйырма жетинчи күнүнө караганда, жер кургады.
15Ошондо Кудай Нухка мындай деди:
16«Кемеден сени менен кошо аялың, уулдарың жана келиндериң чыксын.
17Жаныңдагы бардык тирүү жандыктарды: жаныбарларды, канаттууларды, малдарды, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларды кошо алып чык. Алар жер бетине тарап, тукумдап көбөйүшсүн».
18Ошентип, Нух менен бирге уулдары, аялы жана уулдарынын аялдары кемеден чыгышты.
19Бардык жаныбарлар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарлар, бардык канаттуулар, жер бетинде кыбыр эткен бардык тирүү жандыктар түр-түрү менен кемеден чыгышты.
20Ошондо Нух Теңирге курмандык чалынуучу жай куруп, ар кандай адал малдан, ар кандай адал канаттуудан алып келип, курмандык чалынуучу жайдын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалды.
21Теңир жагымдуу жытты искеди да, жүрөгүндө мындай деди: «Мындан ары адам үчүн жерди каргабайм, анткени адамдын ойлору жаш чагынан эле жаман. Мындан ары бардык тирүү жандарды топон суу менен кырбайм.
22Мындан ары жерде жашоо болуп турганда, эгүү-себүү менен оруу-жыюу, суук менен ысык, жай менен кыш, күн менен түн токтобойт».