Башталыш 9:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Ошондо Кудай Нухка жана анын уулдарына мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдап көбөйгүлө, жерге толгула.

2Жер бетиндеги жаныбарлар, асмандагы канаттуулар, деңиздеги балыктар, жер бетинде кыбыр эткендин баары силерден коркуп, титиреп турушсун. Аларды силерге бердим.

3Кыбыр эткен тирүү жандын бардыгы силерге азык болсун. Өсүмдүктү бергенимдей эле, силерге булардын бардыгын берип жатам.

4Бирок тирүү жанды мууздабай туруп жебегиле, анткени кан – анын жаны.

5Мен силердин каныңар үчүн – жаныңар үчүн жазалайм: адамдын канын төккөн мал болсо да, адам болсо да, бир тууганы болсо да, анын жазасын берем.

6Ким адамдын канын төксө, анын каны да адамдын колу менен төгүлөт, анткени адам Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган.

7Силер болсо укумдап-тукумдагыла, жер бетине тарагыла, көбөйгүлө».

8Кудай Нухка жана анын уулдарына мындай деди:

9«Эми Мен силер менен жана силерден кийинки укум-тукумуңар менен,

10силердин жаныңардагы бардык тирүү жандыктар: канаттуулар, малдар, бардык жер жаныбарлары, силер менен кошо кемеден чыккандар, бардык жаныбарлар менен келишим түзөм.

11Мындан ары эч бир тирүү жан топон суу менен кырылбайт деп, Мен силер менен келишим түзөм. Мындан ары жер бетиндегинин баарын жок кыла турган топон суу болбойт».

12Кудай дагы мындай деди: «Менин силер менен, бардык тирүү жандыктар менен укумдан-тукумга, түбөлүккө түзүп жаткан келишимимдин белгиси мындай:

13Мен булут бетине көк желе тартам, ал Мени менен жердин ортосундагы келишимдин белгиси болот.

14Мен жер бетине булут каптатканда, булут бетинде көк желе пайда болот.

15Ошондо силер менен, бардык тирүү жандыктар менен түзгөн Өзүмдүн келишимимди эстейм. Мындан ары бардык тирүү жандыктарды кырган топон суу болбойт.

16Булут бетинде көк желе пайда болгондо, Мен аны көрүп, жер бетиндеги бардык тирүү жандыктар менен түзгөн Өзүмдүн түбөлүк келишимимди эстейм».

17Ошентип, Кудай Нухка: «Жер бетиндеги бардык тирүү жандыктар менен түзгөн келишимимдин белгиси мына ушул», – деди.

18Кемеден чыккан Нухтун уулдары булар: Шем, Хам жана Жепет. Хам болсо Канаандын атасы болгон.

19Бул үчөө – Нухтун уулдары, алардан бүт жер жүзүндөгү адамдар тараган.

20Нух жер иштетип, жүзүмзар отургузду.

21Ал шарап жасап, андан ичип мас болуп, өз чатырында жылаңач жатты.

22Атасынын жылаңач жатканын Канаандын атасы Хам көрүп калып, сыртка чыгып, эки бир тууганына айтты.

23Шем менен Жепет болсо кийим-кечек алып, ийиндерине салып, арты менен барып, атасынын жылаңач денесин жабышты. Алар тескери карап тургандыктан, атасынын жылаңач этин көрүшкөн жок.

24Нух ичкен шарабынан соолугуп тургандан кийин, кенже уулунун эмне кылганын билип калып, мындай деди:

25«Канаанга каргыш тийсин! Ал өз бир туугандарынын алдында эң төмөнкү кул болсун».

26Анан дагы мындай деди: «Шемдин Кудай-Теңирине алкыш! Канаан анын (Шемдин) кулу болсун.

27Кудай Жепетти жайылтсын, ал Шемдин чатырларында жашасын. Канаан анын кулу болсун».

28Нух топон суудан кийин үч жүз элүү жыл жашады.

29Нух бардыгы болуп тогуз жүз элүү жыл жашап көз жумду.