Галатиялыктарга 1:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Адамдар тарабынан да эмес, адам аркылуу да эмес, Ыйса Машайак аркылуу жана Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудай Ата аркылуу элчи болуп дайындалган мен – Пабылдан,

2ошондой эле менин жанымдагы бардык бир туугандардан Галатиядагы Жыйындарга салам!

3Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

4Машайак бизди бул жаман дүйнөдөн куткарыш үчүн, Кудайыбыздын жана Атабыздын каалоосу боюнча биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өзүн курмандык кылган.

5Ал түбөлүктөн түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин.

6Силерди Машайактын ырайымы менен чакырып алган Кудайдан жүз буруп, тез эле башка «Жакшы Кабарга» өтүп кетип жатканыңарга таң калып жатам.

7Чындыгында, башка Жакшы Кабар жок, бирок силердин тынчыңарды алган жана Машайактын Жакшы Кабарын бурмалоону каалаган адамдар бар.

8Бирок бизби же асмандан келген периштеби, башында силерге өзүбүз тараткан Жакшы Кабарга каршы келген «Жакшы Кабарды» таратса, ага анафема.

9Мурун айтканыбызды мен азыр да кайталаймын: эгерде кимдир бирөө силерге өзүңөр мурун кабыл алгандан башка «Жакшы Кабар» таратса, ага анафема.

10Азыр мен адамдарга жагууну ойлоп жатамбы же Кудайга жагууну ойлоп жатамбы? Же силер мени адамдарга жагууга аракеттенип жатат деп ойлоп жатасыңарбы? Эгерде мен дагы эле адамдарга жагынып жүрсөм, анда Машайактын кулу болмок эмесмин.

11Бир туугандар, муну билишиңерди каалайм: мен таратып жаткан Жакшы Кабар адамдын оюнан чыгарылган эмес.

12Анткени мен аны адамдан кабыл алган эмесмин, адамдан үйрөнгөн эмесмин. Аны мен Ыйса Машайактын аяны аркылуу кабыл алгам.

13Силер менин жүйүт динин туткан кезимдеги мурунку жашоом жөнүндө: Кудайдын Жыйынын ырайымсыздык менен куугунтуктап, аны жок кылууга аракеттенгенимди,

14ата-бабаларымдын салттарын өзгөчө кызганчаактык менен сактаганымдан улам, жүйүт динин тутууда өзүм менен тең чамалаш болгон уруулаштарымдын бир тобуна караганда көбүрөөк ийгиликке жетишкенимди уккансыңар.

15Бирок мени энемдин курсагында жатканда эле тандап алып, Өзүнүн ырайымы менен чакырып алган Кудай

16бутпарастарга Уулу жөнүндө жар салышым үчүн, мага Өзүнүн Уулун ачып берүүнү ылайык тапты, ошондо мен эч кимден кеңеш сураган жокмун.

17Иерусалимге, менден мурун чакырылган элчилерге барбастан, Аравияга кеттим, андан кийин кайра Дамаскка кайтып келдим.

18Үч жылдан кийин Петир менен таанышуу үчүн Иерусалимге барып, аныкында он беш күн болдум.

19Теңир Ыйсанын бир тууганы Жакыптан башка элчилерди көргөн жокмун.

20Силерге жазып жаткандарым – чындык, буга Кудай күбө.

21Андан кийин Сирия, Киликия өлкөлөрүнө бардым.

22Машайактын Жүйүт аймагындагы Жыйындары мени таанышчу эмес.

23Бирок алар «Бир учурда бизди куугунтуктаган адам мурун өзү жок кылууга аракеттенген ишеним жөнүндө азыр жар салып жүрөт» деген сөздү гана угушуп,

24мен үчүн Кудайды даңкташты.

rticle>