Галатиялыктарга 2:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Он төрт жылдан кийин Титти жаныма алып, Барнаба менен чогуу кайрадан Иерусалимге бардым.

2Мен ал жакка Кудай ачып бергендиктен бардым. Бекер эле эмгектенбегенимди жана бекер эле эмгектенип жатпаганымды билиш үчүн, бутпарастардын арасында таратып жаткан Жакшы Кабар жөнүндө өзгөчө кадырлуу адамдарга айтып бердим.

3Бирок алар мени менен жүргөн Титти да, эллин болгонуна карабастан, сүннөткө отурууга мажбурлашкан жок,

4ал эми биздин Машайак Ыйса аркылуу ээ болгон эркиндигибиз жөнүндө астыртан билип алып, бизди кулга айландырыш үчүн,

5Жыйынга жашыруун түрдө кирген жалган «бир туугандарга» бир азга да макул болгон жокпуз, көнгөн жокпуз. Жакшы Кабардагы чындык силерде сакталыш үчүн ошенттик.

6Кээ бирөөлөр тарабынан кадырлуу деп эсептелгендер (алардын качан, кантип кадырлуу болушкандыгы мен үчүн мааниге ээ эмес, анткени Кудайда бет карамалык жок) мага эч кандай кошумча нерсе жүктөшкөн жок.

7Бирок Петирге сүннөткө отургузулгандарга Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылгандай эле, мага сүннөткө отургузулбагандарга Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылганын билишти.

8Анткени Петирдин сүннөткө отургузулгандардын арасындагы элчилик кызматын колдоп жаткан Кудай менин да бутпарастардын арасындагы элчилик кызматымды колдоп жатат.

9Жыйындын кадыр-барктуу тиректери деп эсептелген Жакып, Кейфа жана Жакан Кудайдын мага көрсөткөн ырайымы жөнүндө билишип, мага жана Барнабага биргелешип иштөө үчүн кол сунушту. Ошентип, биз бутпарастарга бара турган болдук, алар болсо сүннөткө отургузулгандарга бара турган болушту.

10Бирок алар бизден жакырларды эстен чыгарбообузду өтүнүштү, мен бул ишти бүт күчүм менен аткарууга аракеттендим.

11Петир Антийохеяга келгенде, мен ага ачык эле каршы чыктым, анткени анын кылганы туура эмес эле.

12Жакып жиберген кишилер келгенге чейин, Петир бутпарастар менен чогуу тамактанып жүргөн. Бирок ошол сүннөткө отургузулгандар келгенде, Петир коркуп, сүннөткө отургузулбагандардан четтеп, алыстай баштаган.

13Кээ бир жүйүттөр да ага окшоп эки жүздүүлүк кылышкан, атүгүл, Барнаба да аларга азгырылып, эки жүздүүлүк кылган.

14Бирок мен алардын Жакшы Кабардагы чындыкка ылайык жашашпагандыгын көргөнүмдө, бардыгынын көзүнчө Петирге: «Эгерде сен жүйүт болуп туруп, жүйүттөрдөй эмес, бутпарастардай жашап жатсаң, анда эмнеге бутпарастарды жүйүттөрдөй жашоого мажбурлап жатасың?» – деп айттым.

15Биз жүйүт болуп төрөлгөнбүз, күнөөкөр бутпарастар эмеспиз.

16Бирок адам мыйзамды аткаруу менен эмес, Ыйса Машайакка болгон ишеними аркылуу гана акталарын билебиз. Ошондуктан биз да мыйзамды аткаруу менен эмес, Машайакка ишенүү аркылуу акталыш үчүн, Машайак Ыйсага ишенип калдык. Анткени мыйзамды аткаруу менен эч бир адам акталбайт.

17Эгерде Машайак аркылуу акталууга умтулуп жүргөн биз өзүбүз да күнөөкөр болуп чыксак, анда Машайак күнөөнүн кызматчысы болуп калабы? Албетте, жок!

18Эгерде мен өзүм талкалаганды кайра куруп жатсам, анда өзүмдү өзүм кылмышкер кылып жатам.

19Себеби мен Кудай үчүн жашайын деп, мыйзам аркылуу мыйзам үчүн өлгөм. Мен Машайак менен кошо айкаш жыгачка кадалгам.

20Азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машайак жашап жатат. Ал эми азыркы денедеги жашоомду айта турган болсом, мени сүйгөн жана менин ордума Өзүн курмандык кылган Кудай Уулуна болгон ишеним менен жашап жатам.

21Мен Кудайдын ырайымын четке какпайм. Эгерде мыйзам аркылуу акталсак, анда Машайак бекер эле өлдү.

rticle>