1Акылсыз галатиялыктар, айкаш жыгачка кадалган Ыйса Машайак силердин көз алдыңарга тартылгыдай сүрөттөлүп берилбеди беле, ким силерди чындыкка баш ийбөөгө азгырды?
2Силерден бул нерсени гана билгим келет: силер Рухту мыйзамды аткаруу аркылуу алдыңар беле же айтылган сөзгө ишенүү аркылуу алдыңар беле?
3Силер ушунчалык акылсызсыңарбы? Рух менен баштап, эми адамдык аракеттер менен бүтүрүп жатасыңарбы?
4Башыңардан өткөргөнүңөрдүн баары пайдасыз болуп калдыбы? Чын эле, пайдасыз болдубу?
5Мыйзамды аткаргандыгыңар үчүн Кудай силерге Ыйык Рухту берип, араңарда кереметтерди көрсөтүп жатабы? Же айтылган сөзгө ишенгендигиңер үчүн ошентип жатабы?
6Бизге белгилүү: «Ыбрайым Кудайга ишенди, ишеними ага адилдик катары эсептелинди».
7Ошентип, ишенгендер гана Ыбрайымдын балдары экенин билип койгула.
8Ыйык Жазуу да Кудайдын бутпарастарды ишеними аркылуу актай тургандыгы жөнүндө алдын ала билгендиктен, Ыбрайымга: «Бүт элдер сен аркылуу бата алышат», – деп, алдын ала жарыялаган.
9Ошентип, ишенгендер ишенимдүү Ыбрайым менен бирге бата алышат.
10Ал эми мыйзамга таянгандардын бардыгы каргыш астында. Анткени Ыйык Жазууда: «Тооратта жазылган мыйзамдын бардыгын дайыма аткарбаган адамга каргыш!» – деп жазылган.
11Мыйзам аркылуу Кудай алдында эч кимдин акталбастыгы белгилүү. Анткени «Адил адам ишеними аркылуу тирүү болот».
12Мыйзам болсо ишенимге негизделген эмес, тескерисинче, «Мыйзамды аткарган адам ал аркылуу тирүү болот».
13Ыбрайымга берилген бата Ыйса Машайак аркылуу бутпарастарга да берилиши үчүн жана биз ишеним аркылуу убадаланган Рухту алышыбыз үчүн,
14Машайак биздин ордубузга каргышка калып, бизди мыйзамдын каргышынан кун төлөп куткарып алды. Анткени Ыйык Жазууда: «Жыгачка асылган ар бир адам каргышка калган», – деп жазылган.
15Бир туугандар, жашоодон бир мисал келтирейин: адам тарабынан бекитилген мурас кагазын эч ким жокко чыгара да, ага эч нерсе кошумчалай да албайт.
16Бирок убадалар Ыбрайымга жана анын урпагына берилген. Кудай Ыбрайымга көптүк түрдө: «Сенин урпактарыңа», – деп айткан эмес, «Сенин урпагыңа», – деп, бирөө жөнүндө, башкача айтканда, Машайак жөнүндө айткан.
17Мен бул нерсени айткым келет: төрт жүз отуз жылдан кийин келген мыйзам Кудай тарабынан алдын ала бекитилген келишимди жокко чыгарбайт, демек, убада өз күчүн жоготпойт.
18Анткени мураска мыйзамдын негизинде ээ болууга болсо, анда убаданын зарылчылыгы жок болмок. Бирок Кудай аны Ыбрайымга убаданын негизинде белек кылган.
19Андай болсо мыйзам эмне үчүн берилген? Ал кийинчерээк, кылмыштардын айынан, Урпак келгенге чейин берилген. Кудайдын убадасы ошол Урпакка байланыштуу. Мыйзам периштелер аркылуу бир арачынын колу менен берилген.
20Бирок жалгыз бирөөгө арачынын кереги жок, Кудай болсо бирөө.
21Демек, мыйзам Кудайдын убадаларына каршыбы? Албетте, жок! Эгерде өмүр бере турган мыйзам берилген болсо, анда мыйзам аркылуу акталууга болор эле.
22Бирок Ыйык Жазуу бүткүл адамзат күнөөнүн туткунунда экендигин жарыялайт. Демек, убадаланган нерсе ишенгендерге Ыйса Машайакка болгон ишенимдери аркылуу берилет.
23Ишеним келгенге чейин, ишеним айкын болгонго чейин, биз мыйзамдын сакчылыгы астында туткундалган болчубуз.
24Ошентип, ишеним аркылуу акталышыбыз үчүн, мыйзам биз үчүн Машайакка жетелеп келүүчү болду.
25Ал эми ишеним келгенде, жетелөөчүнүн көзөмөлүнөн бошондук.
26Анткени силер, бардыгыңар, Машайак Ыйсага болгон ишенимиңер аркылуу Кудайдын балдарысыңар.
27Анткени силер, бардыгыңар, Машайактын урматына чөмүлдүрүлүп, Машайактын бейнесин кийдиңер.
28Мындан ары силердин араңарда жүйүт да, эллин да, кул да, эркин адам да, эркек да, аял да жок, анткени бардыгыңар Машайак Ыйсанын ичинде бирсиңер.
29Эгерде силер Машайактыкы болсоңор, анда силер Ыбрайымдын урпактарысыңар, убада боюнча мурасчыларсыңар.