Галатиялыктарга 4:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Бирок бул нерсени айткым келет: мурасчы бардык нерсенин кожоюну болсо да, бала кезинде кулдан эч айырмаланбайт,

2атасы белгилеген убакытка чейин кам көрүүчүлөрдүн жана үй башкаруучулардын көзөмөлү астында болот.

3Ошондой эле биз да «бала кезибизде» дүйнөдөгү алгачкы негиздерге кул болчубуз.

4Бирок өз убагы келгенде, Кудай Өз Уулун жиберди. Ал аялдан төрөлдү, мыйзамга баш ийди.

5Ал мыйзамдын бийлиги астындагыларды кун төлөп куткарды. Ал мыйзамдын бийлиги астындагылар Кудайдын балдары болушу үчүн ошондой кылды.

6Силер Кудайдын балдары болуп калгандыктан, Кудай силердин жүрөгүңөргө Өз Уулунун «“Абба!”, Ата!» деп чакырган Рухун жиберди.

7Демек, эми сен кул эмессиң, сен Анын баласысың. Эгерде баласы болсоң, анда Кудай сени Ыйса Машайак аркылуу мурасчы да кылды.

8Бирок ошол убакта силер Кудайды тааныбагандыктан, чыныгы Кудай эмес кудайлардын кулдары элеңер.

9Азыр болсо Кудайды таанып билгениңерден кийин, тагыраак айтканда, Кудай тарабынан таанылганыңардан кийин, кантип кайрадан алсыз жана жакыр алгачкы негиздерге кайрылып жатасыңар? Кайрадан аларга кул болгуңар келеби?

10Кээ бир күндөрдү, айларды, мезгилдерди, жылдарды ыйык тутуп жатасыңар!

11Мен силердин араңарда куру бекер эле эмгектендимби деп коркуп жатам.

12Бир туугандар, силерден өтүнөмүн: мендей болгула, анткени мен да силердей болчумун. Силер мени эч таарынткан эмессиңер.

13Өзүңөр билесиңер, мен биринчи жолу Жакшы Кабарды силерге алсыз абалымда тараткам,

14алсыз абалым силер үчүн азгырык болсо да, кемсинткен эмессиңер, жийиркенген эмессиңер, тескерисинче, мени Кудайдын периштеси катары, Машайак Ыйса катары кабыл алгансыңар.

15Силердин ошол убактагы кубанычыңар кайда? Мен өзүм күбөлөндүрө алам, мүмкүн болсо, ошондо силер мага көзүңөрдү оюп берүүгө да даяр элеңер.

16Эми мен чындыкты айтуу менен, силерге душман болуп калдымбы?

17Тигилер силерди таза ниет менен кызганып жатышкан жок, тескерисинче, силер аларды кызганышыңар үчүн, силерди бизден бөлүп кетүүнү каалап жатышат.

18Дайыма таза ниет менен кызганган жакшы, бирок мен араңарда болгондо эле эмес.

19Балдарым, силерден Машайак көрүнгөнгө чейин, мен силер үчүн кайрадан толгоо азабын тартамын.

20Азыр жаныңарга барып, үнүмдү өзгөртүп сүйлөгүм келип жатат, анткени мен силерге айран-таң калып жатам.

21Силер, мыйзамдын бийлиги астында болууну каалагандар, айткылачы мага, мыйзамда эмне айтылганын уккан жок белеңер?

22Анткени Ыйык Жазууда: «Ыбрайымдын эки уулу бар эле, бири күң аялынан, бири эркин аялынан», – деп жазылган.

23Бирок күң аялынан төрөлгөн уул кадимки балдардай, ал эми эркин аялынан төрөлгөн уул убада боюнча төрөлгөн.

24Мында каймана маани бар. Бул эки келишимди билдирет. Бири Синай тоосунда түзүлгөн, ал – балдарын кулчулук үчүн төрөгөн Ажар.

25Ажар Аравиядагы Синай тоосун билдирет. Ал азыркы күндөгү Иерусалимге туура келет, анткени Иерусалим өзүнүн балдары менен кулчулукта.

26Жогорку Иерусалим болсо эркин, ал баарыбыздын энебиз,

27анткени Ыйык Жазууда: «Кубан, баласы жок, төрөбөс аял! Кубанып кыйкыр, катуу үн сал, толгоо тартып кыйналбаган аял! Анткени күйөөсү бар аялга караганда күйөөсү таштап кеткен аялдын балдары көп», – деп жазылган.

28Бир туугандар, силер да Ыскакка окшоп, убада боюнча төрөлгөн балдарсыңар.

29Бирок ошол убакта кадимки балдардай төрөлгөн бала Рух боюнча төрөлгөн баланы кубалаган, азыр да ошондой.

30Бирок Ыйык Жазууда эмне деп айтылат? «Күң аялды баласы менен кууп чык, анткени күң аялдын баласы эркин аялдын баласы менен бирге мураскор болбойт».

31Ошондуктан, бир туугандар, биз «күң» аялдын балдары эмеспиз, «эркин» аялдын балдарыбыз.

rticle>