1Машайак бизге тартуулаган эркиндикте жашагыла, кайрадан кулчулуктун моюнтуругун кийбегиле.
2Мен, Пабыл, силерге муну айтамын: эгерде силер сүннөткө отургузула турган болсоңор, анда Машайактан силерге эч кандай пайда жок.
3Сүннөткө отургузулган ар бир адамга дагы муну билдиремин: ал бүт мыйзамды аткарууга милдеттүү.
4Мыйзам аркылуу акталууну каалагандар, силер Машайактан четтеп, ырайымдан ажырап калдыңар.
5Ал эми биз өзүбүз үмүттөнгөн, ишенимдин негизинде келе турган адилдикти рухубуз менен күтүп жатабыз.
6Себеби Машайак Ыйса жолунда сүннөткө отургузулуу да, сүннөткө отургузулбоо да маанилүү эмес, өзүн сүйүү аркылуу көрсөткөн ишеним маанилүү.
7Силер жакшы эле чуркап бара жаттыңар эле, силердин чындыкка баш ийүүңөргө ким тоскоолдук кылды?
8Бул ынандыруу силерди Чакырып алгандан эмес.
9Бир аз ачыткы бүт камырды ачытат.
10Силер башкача ойлобойсуңар деп, мен толук ишенемин, бул ишенимим Теңирден. Ал эми силерди адаштырган адам, ал ким болбосун, жазага тартылат.
11Бир туугандар, эгерде мен дагы деле сүннөт жөнүндө жар салып жатсам, эмне үчүн мени куугунтуктап жатышат? Андай болсо айкаш жыгачтын азгырыгы токтойт эле да!
12Силерди адаштыргандар өздөрүн бычып салышса кана!
13Бир туугандар, силер эркиндикке чакырылгансыңар, бирок эркиндигиңер күнөөкөр табиятыңарды канааттандырууга негиз болуп бербесин, тескерисинче, бири-бириңерге сүйүү менен кызмат кылгыла.
14Анткени бүт мыйзам «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» деген бир сөз менен жыйынтыкталат.
15Бирок бири-бириңер менен тиштешип, бири-бириңерди жеп жатсаңар, абайлагыла, бири-бириңерди жеп-жутуп койбогула!
16Мен болсо муну айтамын: Ыйык Рухтун жетеги менен жашагыла, ошондо денеңердин күнөөлүү каалоолорун аткарбайсыңар.
17Анткени күнөөкөр табияттын каалоолору Рухка, Рухтун каалоолору болсо күнөөкөр табиятка каршы. Алар бири-бирине каршы, ошондуктан силер өзүңөр каалаганды жасабайсыңар.
18Эгерде силер Рухтун жетеги менен жашап жатсаңар, анда мыйзамдын бийлиги астында эмессиңер.
19Күнөөкөр табияттын иштери болсо белгилүү, алар: ойноштук кылуу, нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик,
20бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуулануу, уруш-талаш, келишпестик, жалган окутуу,
21жек көрүү, киши өлтүрүү, аракечтик, шапар тебүү жана башка ушул сыяктуулар. Силерге мурда эскерткенимдей эле, дагы да эскертемин: мындай кылуучулар Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт.
22Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк,
23момундук, өзүн өзү токтото билүү, буларга каршы мыйзам жок.
24Машайак Ыйсага тиешелүү болгондор өздөрүнүн күнөөкөр табиятын кумардануулары жана күнөөлүү каалоолору менен бирге айкаш жыгачка кадашкан.
25Эгерде биз Рух аркылуу өмүргө ээ болсок, анда Рухтун жетеги менен жашайлы.
26Менменсинбейли, бири-бирибизди кыжырдантпайлы, көрө албастык кылбайлы.