Галатиялыктарга 6:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Бир туугандар, кандайдыр бир күнөө жасап айыбы ачылган адамды, силер, Рухтун жетеги менен жашагандар, момундук менен оң жолго салгыла, бирок өзүңөр да азгырылып кетпеш үчүн, сак болгула.

2Бири-бириңердин кыйынчылыгыңарды көтөргүлө, ошентип, Машайактын мыйзамын аткарасыңар.

3Анткени, эгерде кимдир бирөө чынында эч ким эмес болуп туруп, өзүн жогору бааласа, ал өзүн өзү алдайт.

4Ар ким өзүнүн ишин текшерсин, ошондо ал башка бирөө тарабынан эмес, өзү тарабынан мактоого ээ болот,

5анткени ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт.

6Насаат алып жаткан адам колунда болгон нерсесин өзүнүн насаатчысы менен бөлүшсүн.

7Алданбагыла: Кудай шылдың болбойт, анткени адам эмнени сепсе, ошону орот.

8Себеби өзүнүн күнөөкөр табиятына сепкен адам күнөөкөр табиятынан чирий турган нерсени алат, ал эми Рухка сепкен адам Рухтан түбөлүк өмүрдү алат.

9Жакшылык кылып жатып кейибейли, анткени алсырап калбасак, өз учурунда жыйнап алабыз.

10Ошондуктан убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы.

11Карагылачы, мен өз колум менен, чоң тамгалар менен жазып жатам.

12Адамдык табияты боюнча беделдүү болгусу келгендердин бардыгы Машайактын айкаш жыгачы үчүн куугунтукка алынбоолору үчүн гана силерди сүннөткө отурууга мажбур кылып жатышат.

13Анткени сүннөткө отургузулгандардын өздөрү да мыйзамды аткарышпайт, бирок алар силердин денеңер менен мактаныш үчүн, силердин сүннөткө отургузулушуңарды каалап жатышат.

14Мен болсо Теңирибиз Ыйса Машайактын айкаш жыгачынан башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Мен бул дүйнө үчүн, бул дүйнө мен үчүн айкаш жыгачка кадалган.

15Анткени Машайак Ыйса жолунда сүннөткө отургузулуу же сүннөткө отургузулбоо маанилүү эмес, жаңы адам маанилүү.

16Ушул эреже боюнча жашагандардын бардыгына жана Кудайдын Ысрайыл элине Кудай тынчтыгын берип, ырайымын төгө берсин!

17Мындан ары эч ким мага кыйынчылык келтирбесин, анткени мен Теңир Ыйсанын жараатын өзүмдүн денемде алып жүрөм.

18Бир туугандар, биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы силердин рухуңар менен бирге болсун! Оомийин!

rticle>