Даниел 1:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүт падышасы Жайакимдин падышачылыгынын үчүнчү жылында Бабыл падышасы Небухаданасар Иерусалимге келип, аны курчап алды.

2Ошондо Теңир анын колуна Кудай үйүнүн идиштеринин бир бөлүгүн жана Жүйүт падышасы Жайакимди берди. Небухаданасар аларды Шинар жерине, өз кудайынын үйүнө жөнөттү. Ал идиштерди өз кудайынын казынасына киргизди.

3Анан падыша эбнухтардын башчысы Ашпеназга Ысрайыл уулдарынын ичинен, падыша жана төрө тукумунан,

4денесинде эч кандай кемчилиги жок, келишимдүү, ар тараптуу билими бар, илимди түшүнө билген, зээндүү, падыша сарайында кызмат кылууга жарактуу өспүрүмдөрдү алып келүүнү, аларга каздим тилин жана жазуусун үйрөтүүнү буйруду.

5Падыша аларга күн сайын өз дасторконундагы тамактан жана өзү ичип жүргөн шараптан берип турууну дайындады, аларды үч жыл окутууну буйруду, үч жыл өткөндөн кийин алар падыша алдына келүүгө тийиш эле.

6Алардын арасында Жүйүт уулдары Даниел, Ханания, Мишаел жана Азария бар эле.

7Эбнухтардын башчысы аларга башка ат койду: Даниелге Белтешатсар, Хананияга Шадрах, Мишаелге Мейшах жана Азарияга Абет-Него.

8Даниел өз жүрөгүндө падыша дасторконундагы тамак менен, падыша ичкен шарап менен булганбоону чечип койду. Ошондуктан ал булганбаш үчүн, эбнухтардын башчысынан уруксат сурады.

9Кудай эбнухтардын башчысына Даниелге карата ырайым жана сүйүү берди.

10Эбнухтардын башчысы Даниелге: «Мен өзүмдүн мырзам падышадан корком, силерге тамак менен шарапты падыша өзү дайындаган. Өзүңөр курактуу өспүрүмдөрдөн айырмаланып, өңүңөрдүн азыңкы экенин падыша көрсө, анда мен падыша алдында айыптуу болуп калам», – деди.

11Ошондо Даниелдин, Хананиянын, Мишаелдин жана Азариянын үстүнөн эбнухтардын башчысы көзөмөлдөөчү кылып койгон Амелсарга Даниел мындай деди:

12«Кулдарыңа байкоо жүргүз: он күн бою бизге жегенге жашылча, ичкенге суу берип турушсун.

13Ошондон кийин биздин өңүбүздү жана падыша тамагынан тамактанган өспүрүмдөрдүн өңүн көр, анан кулдарыңа өзүңдүн көргөнүңө жараша кыл».

14Амелсар алардын бул айтканына макул болуп, аларга он күн байкоо жүргүздү.

15Он күн өткөндөн кийин алар падыша дасторконунан тамактанган бардык өспүрүмдөргө караганда келишимдүү, келбеттүү болуп калышты.

16Ошондо Амелсар аларга дайындалган тамак менен шараптын ордуна аларга жашылча берип турду.

17Кудай ал төрт өспүрүмгө ар кандай китептерди жана акылмандыкты түшүнө билүү үчүн билим жана акыл берди. Даниелге болсо, андан тышкары, ар кандай көрүнүштөрдү жана түштөрдү түшүнө билүү жөндөмдүүлүгүн берди.

18Белгиленген жылдар өткөндөн кийин, падыша аларды алып келүүнү буйруду, эбнухтардын башчысы аларды Небухаданасардын алдына алып келди.

19Падыша алар менен сүйлөштү. Бардык өспүрүмдөрдүн ичинен Даниелге, Хананияга, Мишаелге жана Азарияга тең келген эч ким болгон жок. Ошондон тартып алар падыша алдында кызмат кыла башташты.

20Падыша акылмандык талап кылынган нерселер боюнча алардан эмнени гана сурабасын, алар терең акылмандык көрсөтүштү. Ошондо падыша алардын өзүнүн бүт падышачылыгындагы жашыруун сырларды билүүчүлөр менен сыйкырчылардан он эсе жогору турарын билди.

21Даниел ал жерде падыша Корештин падышачылыгынын биринчи жылына чейин болду.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>