1Персия падышасы Корештин падышачылыгынын үчүнчү жылында Белтешатсар деген да ысымы бар Даниел бир аян алды. Бул аян чындык эле жана чоң күчкө ээ эле. Ал бул аянды түшүндү, бул көрүнүштү баамдады.
2Бул күндөрү мен, Даниел, үч жума кайгыга баттым.
3Yч жума өткөнчө, даамдуу тамак жебедим, эт менен шарапты оозума албадым, жыпар жыттуу майлар менен майланган жокмун.
4Ал эми биринчи айдын жыйырма төртүнчү күнү мен Тигир деген чоң дарыянын жээгинде элем.
5Башымды көтөрүп, зыгыр кездемеден кийим кийген, белин Упаздын алтыны менен курчаган бир кишини көрдүм.
6Анын денеси топаз ташындай, жүзү чагылгандай, көздөрү күйүп турган чырактай, колдору менен буттарынын көрүнүшү жалтылдаган жездей, үнү топ адамдын үнүндөй экен.
7Мен, Даниел, бул көрүнүштү жалгыз мен көрдүм, менин жанымдагы кишилер бул көрүнүштү көрүшкөн жок. Бирок аларды чоң коркунуч басты, алар жашыныш үчүн качып кетишти.
8Мен жалгыз калып, бул улуу көрүнүштү карап турдум, бирок күч-кубаттан тайдым, өңүм абдан бузулду, шайым кетти.
9Анан мен анын үнүн уктум. Анын үнүн укканымда, өзүмдү жоготуп, жүзтөмөндөп жыгылдым, жерде бетим менен жаттым.
10Бирок ал мага колун тийгизип, мени тиземе тургузуп, алаканым менен жер таянтып койду.
11Анан ал мага: «Даниел, эң сүйүктүү адам! Сага айта турган сөздөрдү түшүн, түз тур, анткени азыр мен сага жиберилдим», – деди. Ал мага бул сөздөрдү айтканда, мен титиреп, ордуман турдум.
12Бирок ал мага мындай деди: «Коркпо, Даниел, жүрөгүңдү акылмандыкка жетүүгө жана Кудайыңдын алдында өзүңдү моюн сундурууга бурган күндөн тартып эле сенин сөздөрүң угулган. Ошондо эле мен сенин сөздөрүң боюнча келмекмин,
13бирок Персия падышачылыгынын төрөсү мага жыйырма бир күн каршы турду. Башкы төрөлөрдүн бири Михаел мага жардам бериш үчүн келгенге чейин, мен ошол жерде, Персия падышаларынын жанында кармалып калдым.
14Азыр болсо сага акыркы күндөрү сенин элиң эмне болорун билдиргени келдим, анткени көрүнүш акыркы күндөргө тиешелүү».
15Ал мага ушундай сөздөрдү айтып жатканда, мен жүзтөмөндөп жыгылып, сүйлөй албай калдым.
16Бирок ошондо адам баласына окшогон бирөө оозума колун тийгизди. Мен оозумду ачып, сүйлөй баштадым, анан алдымда турганга мындай дедим: «Мырзам! Бул көрүнүштөн менин ички дүйнөм аңтарылып кетти, алсырап калдым.
17Мырзам, мен, сенин кулуң, сендей мырзам менен кантип сүйлөшө алат? Анткени менде күч жок, демим чыкпай калды».
18Ошондо адам баласына окшогон ал кайрадан колун тийгизип, мага күч берди.
19Анан мындай деди: «Коркпо, эң сүйүктүү адам! Сага тынчтык болсун. Кайраттан, кайраттан!» Ал мени менен сүйлөшүп жатканда, мен күчүмө кирип: «Сүйлөй бер, мырзам, анткени сен мага күч бердиң», – дедим.
20Ошондо ал мындай деди: «Мен сага эмне үчүн келгенимди билесиңби? Азыр мен Персия төрөсү менен салгылашканы жөнөйм. Мен кеткенде, Грециянын төрөсү келет.
21Ошондой болсо да мен сага чыныгы жазууда эмне жазылганын билдирем. Аларга каршы салгылашта мага силердин төрөңөр Михаелден башка жардам бере турган эч ким жок.