Даниел 11:1-45 KYB2004 - Bible AI

1Падышачылыгынын биринчи жылынан тартып, мен мадайлык Дарийдин таянычы жана тиреги болдум.

2Азыр сага чындыкты билдирейин: Персиядан дагы үч падыша чыгат. Төртүнчүсү эбегейсиз байлыгы менен баарынан ашып түшкөн падыша болот. Ал байлыгы менен күч алганда, бардыгын Греция падышачылыгына каршы көтөрөт.

3Андан кийин күч-кубаттуу бир падыша чыгат, ал зор күчү менен бийлик жүргүзөт, өз эрки менен иш кылат.

4Бирок ал падыша чыкканда, анын падышачылыгы кыйрап, төрт бөлүккө бөлүнөт, падышачылык анын тукумуна өтпөйт, бийлик мурунку күчүн жоготот, анткени анын падышачылыгы бөлүнүп кетет, падышачылык алардан башкаларга өтөт.

5Анан түштүк падышасы күч алат, бирок аны өзүнүн төрөлөрүнүн бири жеңип чыгып, бийлик жүргүзө баштайт, анын бийлиги зор болот.

6Бирок бир нече жылдан кийин алар бири-бирине жакындашат, өз ара тынчтык мамилесин түзүш үчүн, түштүк падышасынын кызы түндүк падышасына келет. Бирок түштүк падышасынын кызы күчүн жоготот, анын тукуму да туруштук бере албайт, ал өзү да, анын жандоочулары да, анын баласы да, ошол учурда ага жардам бергендер да чыккынчылык менен өлтүрүлүшөт.

7Бирок анын тукумунан бир адам чыгып, аскерлерге келип, түндүк падышасынын чептүү шаарына кирип, салгылашып, жеңет.

8Ал турсун, алардын кудайларын, алардын жасалма кудайларын, кымбат баалуу алтын-күмүш идиштерин Мисирге алып кетет. Ал бир нече жыл түндүк падышасынан жогору турат.

9Ал түштүк падышасынын падышачылыгына чабуул коёт, бирок өз жерине кайтып келет.

10Андан кийин анын уулдары куралданып, көп сандаган аскер жыйнашат. Алардын бири ыкчам келип, кыяндай каптап өтөт, кайра келе жатканда, түштүк падышачылыгы менен анын чептүү шаарына чейин салгылашып жүрүп отурат.

11Түштүк падышасы каарданып, түндүк падышасы менен салгылашканы чыгып, сансыз аскерин коёт, бирок аскер түштүк падышасынын колуна салынып берилет.

12Түштүк падышасынын аскерлери кайраттанат, падышанын жүрөгү көтөрүлөт. Ал миңдеген аскерлерди сулатат, бирок күч-кубаттуу бойдон калбайт.

13Анткени түндүк падышасы кайрылып келип, мурунку аскерге караганда көп аскер коёт; бир нече жылдан кийин сансыз аскер менен, көп байлык менен келет.

14Ошол учурда түштүк падышасына көптөр каршы чыгышат, көрүнүш аткарылышы үчүн, сенин элиңдин козголоңчул уулдары да ага каршы көтөрүлүшөт, бирок кулап калышат.

15Ошондо түндүк падышасы келип, жал куруп, чептүү шаарды ээлеп алат. Түштүк падышачылыгы да, анын тандалма аскерлери да туруштук бере алышпайт, каршы турууга күчтөрү жетпей калат.

16Ким ага каршы чыкса, анын эрки менен иш-аракет кылат, эч ким ага туруштук бере албайт. Даңктуу жерге өзүнүн кошуунун коёт, ал жер анын колунан жабыр тартат.

17Өз падышачылыгынын бүт күчү менен, өзүнүн адилдери менен басып кирүүнү ойлоп, аны жүзөгө ашырат. Аны өлтүрүш үчүн, ага өзүнүн кызын аялдыкка берет, бирок бул ою ишке ашпайт, ал андан пайда таппайт.

18Андан кийин жүзүн аралдарга буруп, алардын көбүн ээлеп алат. Бирок кайсы бир жол башчы анын шылдыңын токтотот, ал тургай, шылдыңын өз башына салат.

19Андан кийин ал өз жүзүн өз жериндеги чептерге бурат, бирок мүдүрүлүп жыгылып, жок болот.

20Анын ордуна башка падыша келет, ал даңктуу падышачылыкты аралап чыгууга салык жыйноочуну жиберет, бирок ал да козголоңсуз эле, согушсуз эле бир аз күндөн кийин өлөт.

21Анын ордуна жек көрүндү падыша келет, ага падышачылык урмат-сый көрсөтүшпөйт, бирок ал чуусуз келип, падышачылыкты айла-амал менен ээлеп алат.

22Ал селдей каптаган сан жеткис аскерди селдей каптап кыйратат, атүгүл, келишимдин башчысын да кыйратат.

23Анткени ал аны менен келишим түзгөндөн кийин, алдамчылык менен иш жүргүзөт, анан чыгып, аз сандагы эл менен жеңишке ээ болот.

24Ал өлкөнүн тынч жаткан түшүмдүү жерлерине кирип, ата-бабалары да кылбаган иштерди кылат. Олжону, талап-тоноп алган мал-мүлктү, байлыкты өзүнүн кишилерине чачып жок кылат, чептерди да кыйратууну ойлойт, бирок ал ою белгилүү бир убакытка чейин эле ишке ашат.

25Андан кийин өз күчүн жана өз рухун козгоп, көп сандаган аскерлери менен түштүк падышасына каршы чыгат. Түштүк падышасы көп сандаган, аныкынан күчтүү аскерлери менен согушка чыгат, бирок туруштук бере албайт, анткени ага каршы айла-амал уюштурулат.

26Атүгүл, аны менен дасторкондо чогуу отургандар да аны өлтүрүүнү ойлошот, анын аскери талкаланат, өлтүрүлгөндөр көп болот.

27Бул эки падышанын тең жүрөктөрүндө арам ой болот, бир дасторкондо отуруп, жалган сүйлөшөт, бирок ийгиликке жетишпейт, анткени алардын акыры бир убакытка белгиленген.

28Ал өз жерине өтө көп байлык менен, ыйык келишимге карата жаман ой менен жөнөйт, ал аны аткарып, өз жерине кайтат.

29Белгиленген убакытта ал кайрадан түштүк падышачылыгына барат, бирок акыркы жортуулу мурункудай болбойт.

30Анткени ага каршы Китим кемелери келет; анын шаабайы сууп, артка кетет, ыйык келишимге каарданып, өзүнүн оюн ишке ашырат, ыйык келишимден баш тарткандар менен кайрадан келишим түзөт.

31Ал аскерлеринин бир бөлүгүн коюп, чепти, ыйык жайды булгайт, күн сайын чалынуучу курмандыкты токтотуп, кыйратуучу жийиркеничти орнотот.

32Келишимге каршы мыйзамсыздык кылгандарды ал кошоматтык менен өзүнө тартып алат. Бирок өз Кудайын урматтаган адамдар күч алып, каршылык көрсөтүшөт.

33Элдин ичиндеги акылдуу адамдар кылычтан жана оттон, туткундан жана талап-тоноодон бир нече убакыт азап тартышарына карабастан, көптөрдү акылына келтиришет.

34Азап тартып жатышканда, аларга бир аз жардам болот, аларга көптөр кошулушат, бирок анткордук менен.

35Акылдуу адамдардын ичинен кээ бирлери акыркы күн келгенге чейин сыналыш үчүн, күнөөдөн тазаланыш үчүн, агарыш үчүн азап тартышат, анткени белгиленген мөөнөткө чейин дагы убакыт бар.

36Ал падыша өзү каалагандай иш жүргүзөт, менменсинип, өзүн бардык кудайлардан жогору коёт, кудайлардын Кудайы жөнүндө жаман сөздөрдү сүйлөйт, каар төгүлгөнгө чейин, ал ийгиликке жетет, анткени алдын ала эмне белгиленсе, ошол ишке ашат.

37Ал өз ата-бабаларынын кудайлары жөнүндө да, аялдардын каалоосу жөнүндө да ойлобойт, эч бир кудайды сыйлабайт, анткени өзүн бардыгынан жогору коёт.

38Бирок анын ордуна күчтүн кудайына урмат көрсөтөт, ата-бабалары билбеген ал кудайга алтын-күмүштөр менен, асыл таштар менен, ар кандай кымбат баалуу буюмдар менен урмат көрсөтөт.

39Чоочун кудайдын урматына бекем чеп тургузат: аны кабыл алгандардын даражасын көтөрүп, көп элдин үстүнө бийликке коёт, жерди сыйлык катары бөлүп берет.

40Мезгилдин акырында аны менен түштүк падышасы салгылашат, түндүк падышасы майдан арабалары, атчан аскерлери жана көп сандаган кемелери менен ага каршы бороондой көтөрүлүп келип, өлкөлөргө кол салып, аларды ташкындай каптап, тебелеп-тепсеп өтүп кетет.

41Анан ал эң жакшы жерге кирет, көптөгөн өлкөлөр жабыр тартат, анын колунан Эдом, Маап жана Амон уулдарынын чоң бөлүгү гана кутулат.

42Ал өзүнүн колун ар кайсы өлкөлөргө каршы сунат. Мисир жери да кутулбайт.

43Ал Мисирдин казынадагы алтын-күмүшүн, бардык байлыгын ээлеп алат. Анын артынан луптуктар менен эфиопиялыктар ээрчишет.

44Бирок чыгыштан жана түндүктөн угулган кабарлар анын тынчын алат, ошондо ал катуу каарданып, көп элдерди кырып жок кылуу үчүн чыгат.

45Анан ал өзүнүн падыша чатырларын деңиз менен даңктуу ыйык жай турган тоонун ортосуна тигет. Бирок анын акыры келет, ага эч ким жардам бербейт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>