1Ошол учурда өз элиңдин уулдары үчүн турган улуу төрө Михаел келет. Адам жаралгандан ушул мезгилге чейин болуп көрбөгөн оор мезгил келет. Бирок ошол учурда сенин элиңдин ичинен китепте жазылгандардын баары куткарылат.
2Топуракта уктап жаткандардын көбү ойгонот, бири түбөлүк жашаш үчүн, бири уятка калып, түбөлүк кордолуш үчүн ойгонот.
3Акылдуулар асман чырактарындай жаркырашат, көп адамдарды чындыкка бургандар кылымдан кылымга, түбөлүккө жылдыздай жаркырашат.
4Ал эми сен, Даниел, акыркы мезгилге чейин бул сөздөрдү жашырып кой, бул китепке мөөр басып кой. Аны көптөр окушат, билим көбөйөт».
5Ошондо мен, Даниел, карасам, башка эки адам туруптур, бири дарыянын берки жээгинде, экинчиси дарыянын наркы жээгинде.
6Алардын бири дарыянын үстүндө турган, зыгыр кездемеден кийим кийген адамдан: «Бул укмуштуу окуялардын акыры качан болот?» – деп сурады.
7Ошондо мен дарыянын үстүндө турган, зыгыр кездемеден кийим кийген адамдын оң колу менен сол колун асманга көтөрүп, Түбөлүк Жашоочунун ысымы менен мындай деп ант бергенин уктум: «Ушунун баары бир мезгилдин, мезгилдердин жана жарым мезгилдин акырында, ыйык элдин күчү таптакыр майтарылгандан кийин болот».
8Мен муну уктум, бирок түшүнгөн жокмун, ошондуктан: «Мырзам! Андан кийин эмне болот?» – деп сурадым.
9Ал мындай деп жооп берди: «Бар, Даниел, анткени бул сөздөр акыркы мезгилге чейин жашырылган, аларга мөөр басылган.
10Көптөр тазаланышат, агарышат жана кайрадан эритилишет. Мыйзамсыздар болсо мыйзамсыздык кылышат, муну мыйзамсыздардын эч кимиси түшүнбөйт, ал эми акылдуулар түшүнүшөт.
11Күн сайын чалынуучу курмандыктар токтотулуп, кыйратуучу жийиркенич орнотулгандан кийин, бир миң эки жүз токсон күн өтөт.
12Бир миң үч жүз отуз беш күн чыдап күткөн адам бактылуу.
13Сен болсо өмүрүңдүн акырына чейин барып, тынч ал, бирок акыркы күнү өзүңдүн үлүшүңдү алыш үчүн тирилесиң».