Даниел 2:1-49 KYB2004 - Bible AI

1Небухаданасар өзүнүн падышачылыгынын экинчи жылында түш көрдү. Ошондо анын тынчы кетти, түшү эсинен чыгып кетти.

2Ошондо падыша өзүнүн түшүн айттырыш үчүн, жашыруун сырларды билүүчүлөрдү, төлгөчүлөрдү, сыйкырчыларды жана каздимдерди чакырууну буйруду. Алар келип, падыша алдында турушту.

3Падыша аларга: «Мен түш көрдүм, бул түштүн маанисин билгим келип, тынчым кетип жатат», – деди.

4Каздимдер падышага арамей тилинде: «Падыша! Түбөлүк жаша! Түшүңдү кулдарыңа айт, ошондо биз анын маанисин түшүндүрүп беребиз», – дешти.

5Падыша каздимдерге мындай деп жооп кылды: «Мен айткан сөз өзгөрүлбөйт: эгерде силер мага түштү жана анын маанисин айтып бербесеңер, анда силерди бөлө чаап, үйүңөрдү урандыга айландырышат.

6Эгерде түштү жана анын маанисин айтып берсеңер, анда менден белек жана сыйлык аласыңар, силерге чоң сый көрсөтүлөт. Ошондуктан мага түштү жана анын маанисин айтып бергиле».

7Алар экинчи жолу: «Падыша өзүнүн кулдарына түшүн айтсын, ошондо биз анын маанисин түшүндүрүп беребиз», – деп жооп беришти.

8Ошондо падыша аларга: «Менин сөзүмдүн өзгөрүлбөстүгүн билгендиктен, убакытты уткуңар келип жатканын билип эле турам.

9Мага түштү айтпай жатканыңардын себеби – бир жаман оюңар бар: убакытты өткөрүп, мага жалганды, калпты айтканы жатасыңар. Түшүмдү айтып бергиле, ошондо мен силердин анын маанисин да айтып бере аларыңарды билем», – деди.

10Каздимдер падышага мындай деп жооп беришти: «Бул ишти падышага ачып бере ала турган адам жер жүзүндө жок, ошондуктан улуу жана кудуреттүү болгон бир да падыша буга окшогон ишти бир да жашыруун сырларды билүүчүдөн, бир да сыйкырчыдан, бир да төлгөчүдөн жана бир да каздимден талап кылган эмес.

11Падыша талап кылып жаткан бул иш ушунчалык кыйын болгондуктан, аны падышага адамдар менен жашабаган кудайлардан башка эч ким ачып бере албайт».

12Буга падыша аябай каарданып, аябай ачууланып, Бабылдын бардык акылмандарын кырып салууну буйрук кылды.

13Акылмандарды өлтүрүү жөнүндөгү бул буйрук чыкканда, Даниелди жана анын жолдошторун да өлтүрүү үчүн издешти.

14Ошондо Даниел Бабыл акылмандарын өлтүргөнү чыккан падыша сакчыларынын башчысы Ариохко акылмандык жана билгичтик менен кайрылды.

15Ал падышанын башкы кызматчысы Ариохтон: «Эмне үчүн падыша ушундай катуу буйрук чыгарды?» – деп сурады. Ариох Даниелге бардык ишти айтып берди.

16Даниел падышага кирип, түштүн маанисин билүүгө убакыт сурады.

17Анан Даниел үйүнө келип, өзүнүн жолдоштору Хананияга, Мишаелге жана Азарияга болгон ишти айтып берди.

18Бабылдын башка акылмандары менен кошо өлүп калбаш үчүн, асмандагы Кудай ырайым кылып, бул сырды ачып берүүсүн өтүнгүлө деп, Даниел жолдошторуна кайрылды.

19Ошондо бул жашыруун сыр Даниелге түнкү көрүнүштө ачылды, Даниел асмандагы Кудайды даңктады.

20Даниел мындай деди: «Теңирдин ысымы кылымдан кылымга даңкталсын, анткени акылмандык менен күч Ага таандык.

21Ал мезгилдер менен жылдарды өзгөртөт, падышаларды кулатат, падышаларды коёт, акылдууларга акылмандык, түшүнө ала тургандарга билим берет.

22Ал терең жана жашыруун сырларды ачат, караңгылыкта эмне бар экенин билет, жарык Аны менен жашайт.

23Ата-бабаларымдын Кудайы, Сен мага акылмандык жана күч бергениң үчүн, биз Сенден эмне жөнүндө сурасак, ошону мага ачып бергениң үчүн, Сени даңктайм жана даңазалайм, анткени Сен бизге падышанын ишин ачып бердиң».

24Ошондон кийин Даниел падышадан Бабылдын акылмандарын өлтүрүү жөнүндө буйрук алган Ариохко келип: «Бабылдын акылмандарын өлтүрбө. Мени падышага алып бар, мен ага түштүн маанисин ачып берем», – деди.

25Ошондо Ариох Даниелди падышага дароо алып келип, ага: «Мен Жүйүттүн туткунда жүргөн уулдарынын ичинен падышага түштүн маанисин ачып бере ала турган бир адамды таптым», – деди.

26Падыша Белтешатсар деген да ысымы бар Даниелден: «Сен мага мен көргөн түштү жана анын маанисин айтып бере аласыңбы?» – деп сурады.

27Даниел падышага мындай деп жооп берди: «Падыша сурап жаткан сырды падышага акылмандар да, көз боёочулар да, жашыруун сырларды билүүчүлөр да, төлгөчүлөр да ачып бере алышпайт.

28Бирок асманда жашыруун сырларды ача турган Кудай бар. Ал акыркы күндөрдө эмне болорун Небухаданасар падышага ачып берди. Сен көргөн түш – төшөгүңдө жатып көргөн көрүнүш мындай:

29сен, падыша, төшөгүңдө жатып, мындан ары эмне болот деп ойлодуң. Ошондо сырларды Ачуучу эмне боло тургандыгын сага көрсөттү.

30Бирок бул сыр мага жер жүзүндө жашаган бардык адамдардан акылдуу болгондугум үчүн ачылган жок. Бул сыр мага падышага түшүнүк бериш үчүн, сен өзүңдүн жүрөгүңдөгү ойлоруңду билишиң үчүн ачылды.

31Сен, падышам, мындай көрүнүш көрдүң: алдыңда бир чоң буркан турганын көрдүң, ал буркан эбегейсиз чоң эле. Ал аябай жаркырап, сенин алдыңда турду, анын көрүнүшү коркунучтуу эле.

32Ал буркандын башы таза алтындан, көкүрөгү менен колдору күмүштөн, курсагы менен сандары жезден эле.

33Анын шыйрактары темирден, тамандарынын бир бөлүгү темирден, бир бөлүгү чоподон эле.

34Сен карап турганда, колдун жардамысыз эле тоодон бир чоң таш учуп келип, бурканга, анын темир жана чопо буттарына бир тийип, аларды талкалап салды.

35Ошондо темир, чопо, жез, күмүш жана алтындын баары талкаланып, жайкы кырмандагы топондой болуп калды, аларды шамал учуруп кетти, алардын изи да калган жок. Бурканды талкалаган таш болсо чоң тоого айланып, бүт жерди ээледи.

36Сен ушундай түш көрдүң! Падыша алдында анын маанисин да айтып беребиз.

37Сен, падыша, падышалардын падышасысың. Асмандагы Кудай сага падышачылык, бийлик, күч-кубат жана атак-даңк берген.

38Кайсы жерде гана жашабасын, бардык адамдарды, жердеги жаныбарлар менен асмандагы канаттууларды Ал сенин колуңа берип, сени алардын баарынын үстүнөн падыша койгон, алтындан жасалган ошол баш сенсиң!

39Сенден кийин сенин падышачылыгыңдан төмөн болгон башка падышачылык келет, андан кийин бүт жер жүзүнө үстөмдүк кыла турган үчүнчү падышачылык – жез падышачылыгы келет.

40Төртүнчү падышачылык болсо темирдей катуу болот. Анткени темир бардыгын талкалап бүлүнткөндөй эле, ал да бардыгын кыйратуучу темирдей болуп талкалап бүлүнтөт.

41Сен көргөн буттар жана бир бөлүгү чопо, бир бөлүгү темир болгон буттардын манжалары падышачылыктын бөлүнөрүн билдирет, ал падышачылыкта темирдин анча-мынча күчү калат, анткени сен чопо менен аралашкан темирди көрдүң.

42Буттардын манжаларынын бир бөлүгү чоподон, бир бөлүгү темирден тургандыгы падышачылыктын жарымы бекем, жарымы борпоң болорун билдирет.

43Ал эми чопо менен аралашкан темирди көргөнүң алардын адам тукуму аркылуу аралашарын билдирет, бирок темир чопо менен аралашпагандай эле, алар бири-бири менен бирикпейт.

44Ошол падышачылыктардын убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты орнотот, ал падышачылык башка элге берилбейт. Ал бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат.

45Тоодон таш колдун жардамысыз эле учуп келип, темирди, жезди, чопону, күмүштү жана алтынды талкалаганын көрдүң. Кудуреттүү Кудай мындан ары эмне болорун падышага билдирди. Бул түш чындык, анын чечмелениши туура!»

46Ошондо Небухаданасар падыша жүзтөмөндөп жыгылып, Даниелге таазим кылып, ага белектерди жана жыпар жыттуу заттарды алып келгиле деп буйрук кылды.

47Анан падыша Даниелге: «Чыны менен эле, силердин Кудайыңар – кудайлардын Кудайы, сен бул жашыруун сырды ача алгандан кийин, силердин Кудайыңар – жашыруун сырларды ачкан падышалардын Эгедери!» – деди.

48Ошондо падыша Даниелди жогорку кызматка койду, ага көптөгөн чоң белектерди берди, аны Бабылдын бардык дубандарына башчы, Бабылдын бардык акылмандарына эң башкы башчы кылып койду.

49Бирок Даниел падышадан өтүнгөндүктөн, ал Бабыл өлкөсүнүн иштерин башкарууга Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону койду. Даниел болсо падыша сарайында калды.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>