Даниел 3:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Небухаданасар падыша бийиктиги алтымыш чыканак, туурасы алты чыканак болгон алтын буркан жасап, аны Бабыл өлкөсүндөгү Дур талаасына койду.

2Анан Небухаданасар падыша орноткон буркандын салтанаттуу ачылышына келишсин деп, падыша Небухаданасар жергиликтүү төрөлөрдү, жогорку бийликтегилерди, аскер башчыларды, жогорку сотторду, казына кармоочуларды, мыйзам чыгаруучуларды, сотторду жана бүт дубан башчыларын чогултканга киши жиберди.

3Жергиликтүү төрөлөр, жогорку бийликтегилер, аскер башчылар, жогорку соттор, казына кармоочулар, мыйзам чыгаруучулар, соттор жана бүт дубан башчылары падыша Небухаданасар орноткон буркандын ачылышына чогулуп, Небухаданасар орноткон буркандын алдында турушту.

4Ошондо жар салуучу катуу үн менен мындай деп жарыя кылды: «Элдер, уруулар жана улуттар, силерге жарыя кылынат:

5Сурнайдын, чоордун, лиранын, арфанын, гуслинин, волынканын жана башка ар кандай музыкалык аспаптардын үнүн угарыңар менен, Небухаданасар падыша орноткон алтын бурканга таазим кылгыла.

6Ким жыгылып таазим кылбаса, ал ошол замат жалындап күйүп турган мешке ыргытылат».

7Ошондуктан бардык элдер, уруулар жана улуттар сурнайдын, чоордун, лиранын, арфанын, гуслинин жана башка ар кандай музыкалык аспаптардын үнүн угушары менен, Небухаданасар падыша орноткон алтын бурканга таазим кылышты.

8Дал ушул убакта каздимдерден бир нече киши келип, жүйүттөрдү жамандашты.

9Алар Небухаданасар падышага мындай дешти: «Падыша, түбөлүк жаша!

10Падыша, сен сурнайдын, чоордун, лиранын, арфанын, гуслинин, волынканын жана башка ар кандай музыкалык аспаптардын үнүн уккан ар бир адам алтын бурканга жыгылып таазим кылсын,

11ким жыгылып таазим кылбаса, ал жалындап күйүп турган мешке ыргытылсын деген буйрук бергенсиң.

12Падыша, сенин буйругуңа баш ийбеген адамдар бар. Алар – Бабыл өлкөсүнүн иштерин башкарууга өзүң койгон Шадрах, Мейшах жана Абет-Него деген Жүйүт эркектери. Алар сенин кудайларыңа кызмат кылбай, өзүң орноткон алтын бурканга табынбай жатышат».

13Ошондо Небухаданасар ачууланып, каарданып, Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону алып келүүнү буйрук кылды. Аларды падышага алып келишти.

14Небухаданасар аларга мындай деди: «Шадрах, Мейшах, Абет-Него, менин кудайларыма кызмат кылбай, мен орноткон алтын бурканга таазим кылбай жатканыңар чынбы?

15Ушул убакыттан тартып, эгерде силер даяр болсоңор, сурнайдын, чоордун, лиранын, арфанын, гуслинин, волынканын жана башка ар кандай музыкалык аспаптардын үнүн угарыңар менен жыгылып, мен жасаган бурканга табынгыла. Эгерде табынбасаңар, анда ошол замат жалындап күйүп турган мешке ыргытыласыңар, ошондо силерди менин колумдан кайсы Кудай куткарат?»

16Ошондо Шадрах, Мейшах жана Абет-Него Небухаданасар падышага мындай дешти: «Сенин бул сурооңо жооп берүүнүн зарылчылыгы жок.

17Биз кызмат кылып жаткан Кудайыбыз бизди жалындап күйүп турган мештен куткара алат, падыша, Ал сенин колуңдан да куткарат.

18Андай болбогон учурда да, падыша, сага маалым болсун, биз сенин кудайларыңа кызмат кылбайбыз, сен орноткон алтын бурканга табынбайбыз».

19Ошондо Небухаданасар катуу каарданып, Шадрахка, Мейшахка жана Абет-Негого каардана карады. Анан ал мешти демейдегиден жети эсе катуу жагууну буйрук кылды.

20Анан өзүнүн аскерлеринин эң күчтүүлөрүнө Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону байлап, жалындап күйүп турган мешке ыргытууну буйрук кылды.

21Ошондо алар бул үчөөнү байлап, ички-тышкы кийимдери, башындагы чалмалары менен жалындап күйүп турган мешке ыргытышты.

22Падышанын катуу буйругу боюнча мештеги от алоолонто жагылгандыктан, Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону ыргыткан адамдар оттун жалынынан өлүштү.

23Ал эми Шадрах, Мейшах жана Абет-Него үчөө байланган бойдон жалындап күйүп турган мештеги отко кулашты.

24Небухаданасар падыша таң калып, шашылыш тура калып, төрөлөрүнөн: «Биз отко байланган үч адамды ыргыттык беле?» – деп сурады. Алар падышага: «Ооба, падыша!» – деп жооп беришти.

25Буга ал: «Мен байланбаган төрт адамды көрүп турам, алар оттун ичинде басып жүрүшөт, эч кандай зыян тартышпаптыр. Төртүнчүсү Кудайдын Уулуна окшош экен», – деди.

26Ошондо Небухаданасар жалындап күйүп турган мештин оозуна келип: «Шадрах, Мейшах, Абет-Него, баарынан жогору турган Кудайдын кулдары! Мештен чыккыла, бери келгиле!» – деди. Ошондо Шадрах, Мейшах жана Абет-Него от ичинен чыгышты.

27Жергиликтүү төрөлөр, жогорку бийликтегилер, аскер башчылар, падыша кеңешчилери чогулуп, аларды карап чыгып, алардын денесине от зыян келтирбегенин, башындагы чачтары күйбөгөнүн, кийимдери өзгөрбөгөнүн, ал турсун, алардан оттун жыты да келбегенин көрүштү.

28Ошондо Небухаданасар мындай деди: «Шадрахтын, Мейшахтын жана Абет-Негонун Кудайына даңк! Ал Өзүнүн периштесин жиберип, Өзүнө таянган, падышанын буйругуна баш ийбеген, өздөрүнүн Кудайынан башка кудайга кызмат кылбаш үчүн, табынбаш үчүн, денелерин отко берген Өзүнүн кулдарын куткарып алды.

29Ошондуктан мен мындай буйрук берем: Бардык элдердин, уруулардын жана улуттардын ичинен ким Шадрахтын, Мейшахтын жана Абет-Негонун Кудайына акарат келтирсе, аны бөлө чаап, үйүн урандыга айландырышат, анткени ушинтип куткара алган башка Кудай жок».

30Ошондон кийин падыша Бабыл өлкөсүндө Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону жогорку кызматка койду.

31Небухаданасар падыша жер жүзүндө жашаган бардык элдерге, урууларга жана улуттарга мындай деди: «Силерде тынчтык көбөйсүн!

32Баарынан жогору турган Кудайдын мага көрсөткөн жышаандары менен кереметтерин силерге жарыя кылууну туура таптым.

33Анын жышаандары кандай улуу! Анын кереметтери кандай кудуреттүү! Анын падышачылыгы – түбөлүк падышачылык, Анын бийлиги кылымдан кылымга!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>