1Мен, Небухаданасар, өз үйүмдө, падыша сарайымда тынч жашап, чоң ийгиликтерге жетиштим.
2Бирок мен мени коркуткан бир түш көрдүм. Төшөгүмдө жатып ойлогон ойлорум, көргөн көрүнүштөрүм тынчымды алды.
3Ошондо мага түштүн маанисин айтып беришсин деп, Бабылдын бардык акылмандарын алып келүүнү буйрук кылдым.
4Ошондо жашыруун сырларды билүүчүлөр, сыйкырчылар, каздимдер жана төлгөчүлөр келишти. Мен аларга түшүмдү айтып бердим, бирок алар мага анын маанисин түшүндүрүп бере алышкан жок.
5Акырында, мага кудайымдын атынан Белтешатсар деген ат коюлган, ичинде ыйык Кудайдын Руху бар Даниел келди. Мен ага түшүмдү айтып бердим.
6“Белтешатсар, акылмандардын башчысы! Сенде ыйык Кудайдын Руху бар экенин, эч кандай жашыруун сыр сен үчүн кыйын эмес экенин билем, мага көргөн түшүмдү жана анын маанисин айтып бер.
7Төшөгүмдө жатканда көргөн көрүнүштөр мындай эле: түшүмдө жер ортосунда өтө бийик бир дарак турганын көрдүм.
8Ал дарак чоң жана бекем эле, анын бийиктиги асманга жетип, бүт жер жүзүнүн учу-кыйырына чейин көрүнүп турду.
9Анын жалбырактары кооз, жемиши мол эле. Анда бардыгы үчүн азык бар эле. Анын түбүнө талаа жырткычтары көлөкөлөп, бутактарына канаттуулар уялашат экен, андан бардык тирүү жандар тамактанып турушат экен.
10Мен төшөгүмдө жатканда көргөн көрүнүштө муну көрдүм: асмандан Уктабай Карап Туруучу, Ыйык, түшүп келди.
11Ал катуу кыйкырып, мындай деди: «Бул даракты кыйып салгыла, бутактарын бутап салгыла, жалбырактарын күбүп салгыла, жемиштерин чачып жибергиле. Анын түбүндөгү жырткычтар, бутактарындагы канаттуулар кетсин.
12Бирок анын негизги тамырын жерде калтыргыла, ага темир жана жез кишен салынсын, талаа чөптөрүнүн арасында асман шүүдүрүмү менен сугарылсын. Ал жаныбарлар менен бирге талаа чөптөрүн жесин.
13Андан адамдын жүрөгү алынып, жырткычтын жүрөгү салынсын, анын үстүнөн жети мезгил өтсүн.
14Бул Уктабай Карап Туруучулардын буйругу менен чечилди, Ыйыктардын өкүмү менен белгиленди. Ошондуктан жер жүзүндө жашагандардын баары адамзат падышачылыктарынын үстүнөн Баарынан Жогору Турган бийлик кыларын, падышачылыкты Өзү кимге кааласа, ошого берерин жана ага кемсинтилген адамды коёрун билишсин»”.
15Мен, Небухаданасар падыша, ушундай түш көрдүм. Ал эми сен, Белтешатсар, анын маанисин түшүндүрүп бер, анткени менин падышачылыгымдагы акылмандардын ичинен эч ким анын маанисин түшүндүрүп бере алган жок, бирок сен түшүндүрүп бере аласың, анткени сенде ыйык Кудайдын Руху бар».
16Ошондо Белтешатсар деген да ысымы бар Даниел бир саатка жакын таң калып турду, ойлору тынчын алды. Падыша ага: «Белтешатсар! Бул түш жана анын мааниси сенин тынчыңды албасын», – деди. Белтешатсар мындай деп жооп берди: «Мырзам! Бул түш сени жек көргөндөрдүн түшүнө кирсе гана! Мунун мааниси душмандарыңа болсо гана!
17Сен көргөн чоң жана бекем, бийиктиги асманга жеткен, жердин учу-кыйырына көрүнүп турган,
18жалбырактары кооз, жемиши мол, бардыгы үчүн азыгы бар, түбүндө талаа жырткычтары жашаган, бутактарында асман канаттуулары уялаган дарак –
19бул атак-даңкка ээ болгон, күч-кубаттуу, атак-даңкың алыска кетип, асманга чейин жеткен, бийлигиң жердин учу-кыйырына жеткен падыша сенсиң.
20Ал эми падышанын асмандан түшүп келе жаткан Уктабай Карап Туруучуну, Ыйыкты, көрүп, Анын: “Даракты кыйып салгыла, аны жок кылгыла, анын жердеги негизги тамырын гана калтыргыла, ага темир жана жез кишен салынсын, талаа чөптөрүнүн арасында асман шүүдүрүмү менен сугарылсын, анын үстүнөн белгиленген жети мезгил өткөнчө, ал талаа жырткычтары менен болсун”, – деп айтканын укканы,
21падыша, анын мааниси, Бардыгынан Жогору Тургандын мырзам падышага чыгарган өкүмү мындай:
22Сени адамдардан бөлүп салышат, сен талаа жырткычтары менен жашайсың, сени өгүзгө окшотуп чөп менен багышат, асман шүүдүрүмү менен сугарыласың, адамзат падышачылыгына Бардыгынан Жогору Турган бийлик кыларын жана аны кимге кааласа, ошого берерин сен түшүнгөнчө, сенин үстүңөн жети мезгил өтөт.
23Ал эми дарактын негизги тамырын калтырууга буйрук берилгени муну билдирет: сен асман бийлигин таанып билгенден кийин, падышачылыгың өзүңдө калат.
24Ошондуктан, падыша, сага берген кеңешимди кабыл ал: күнөөлөрүңдү адилеттүүлүк кылуу менен, мыйзамсыздыгыңды кембагалдарга боорукердик кылуу менен жуу, ошондо сенин тынчтыгың уланат».
25Ушунун бардыгы Небухаданасар падышанын башына келди.
26Он эки ай өткөндөн кийин, Бабылдагы падыша сарайында ары-бери басып жүргөн падыша мындай деди:
27«Падыша шаары болсун деп, даңкым үчүн өз кудуретим менен курган улуу Бабыл ушул эмеспи!»
28Падыша бул сөздү айтып бүтө электе эле, асмандан үн угулду: «Сага айтылып жатат, Небухаданасар падыша, сенден падышачылык бийлик алынды!
29Сени адамдардан бөлүп салышат, талаа жырткычтары менен жашайсың, сени өгүзгө окшотуп чөп менен багышат, адамзат падышачылыгына Бардыгынан Жогору Турган бийлик кыларын, аны кимге кааласа, ошого берерин сен түшүнгөнчө, сенин үстүңөн жети мезгил өтөт!»
30Небухаданасар жөнүндө айтылган бул сөз ошол замат орундалды, аны адамдардан бөлүп салышты, ал өгүзгө окшоп чөп жеди, анын денеси асман шүүдүрүмү менен сугарылып турду, чачтары арстандыкындай, тырмактары куштукундай болуп өстү.
31«Бул күндөр өткөндөн кийин, мен, Небухаданасар, асманды карадым, ошол учурда акыл-эсим өзүмө кайтып келди. Ошондо мен Бардыгынан Жогору Турганды даңктадым, Түбөлүк Жашоочуну даңазаладым. Анын бийлиги – түбөлүк бийлик, падышачылыгы – кылымдан кылымга!
32Жерде жашагандын бардыгы эч нерсеге арзыбайт. Ал асман кошуундарында да, жерде жашагандардын арасында да Өз эркин ишке ашырат. Анын колуна каршы чыгып, Ага: “Сен эмне кылдың?” – деп айта ала турган эч ким жок.
33Ошол учурда менин акыл-эсим өзүмө кайтып келди, өз падышачылыгымдын даңкы үчүн өз улуулугум жана мурунку көрүнүшүм кайтып келди. Ошондо кеңешчилерим менен төрөлөрүм мени издеп табышты, мен падышачылык тагыма кайрадан отургузулдум, атак-даңкым мурдагыдан да артты.
34Азыр мен, Небухаданасар, Асмандагы Падышаны даңктаймын, мактаймын, даңазалаймын. Анын бардык иштери – чындык, жолдору адилет, текеберлерди моюн сундурууга Анын күчү жетет».