Даниел 5:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Белшатсар падыша өзүнүн миңдеген төрөлөрүнө чоң той өткөрүп, миңдеген адамдардын алдында шарап ичип отурду.

2Ал шарап ичип алып, атасы Небухаданасар Иерусалимдеги ийбадатканадан падыша, падышанын төрөлөрү, аялдары жана күңдөрү шарап ичиши үчүн алып чыккан алтын-күмүш идиштерди алып келүүнү буйруду.

3Ошондо Иерусалимдеги Кудай үйүнүн ыйык бөлмөсүнөн алынган алтын идиштерди алып келишти. Падыша, анын төрөлөрү, аялдары жана күңдөрү ал идиштер менен шарап ичип жатышты.

4Шарап ичип алып, алтындан жана күмүштөн, жезден жана темирден, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларды даңктап жатышты.

5Так ошол саатта адам колу чыгып, падыша сарайындагы, чырактандын маңдайындагы акталган дубалга жазды. Падыша дубалга жазып жаткан колдун манжасын көрдү.

6Ошондо падышанын өңү бузулуп кетти. Ойлору тынчын алды, белинин муундары бошоду, тизелери титиреп, бири-бирине урунду.

7Сыйкырчыларды, каздимдерди жана төлгөчүлөрдү алып келгиле деп, падыша катуу кыйкырды. Анан падыша Бабылдын даанышмандарына: «Ким бул жазууну окуп, мага анын маанисин түшүндүрүп берсе, ага кочкул кызыл чапан кийгизилет, мойнуна алтын чынжыр тагылат, падышачылыкта үчүнчү өкүмдар болот», – деди.

8Ошондо падышанын бардык акылмандары киришти, бирок жазылган сөздөрдү окуй албай коюшту жана алардын маанисин падышага түшүндүрүп бере албай коюшту.

9Белшатсар падыша аябай тынчсызданды, анын өңү бузулду, анын төрөлөрүнүн да тынчы кетти.

10Падышанын энеси падышанын жана анын төрөлөрүнүн сөздөрүн угуп, той болуп жаткан үйгө кирди. Падышанын энеси сөз баштап, мындай деди: «Падыша, түбөлүк жаша! Ойлоруң тынчыңды албасын, өңүң да бузулбасын.

11Сенин падышачылыгыңда ыйык Кудайдын руху бар бир адам бар. Атаңдын убагында ал адамда жарык, акыл, кудайлардын акылмандыгындай акылмандык бар экени билинген. Ошондо Небухаданасар падыша, сенин атаң, аны жашыруун сырларды билүүчүлөрдүн, сыйкырчылардын, каздимдердин жана төлгөчүлөрдүн башчысы кылып койгон, аны атаң, падыша, өзү койгон.

12Анткени ал адамда, падыша өзү Белтешатсар деп ат койгон Даниелде, өзгөчө рух, билим жана түштөрдү чечмелей ала турган, табышмактарды таба ала турган, жашыруун сырларды ача ала турган акылмандык бар болуп чыккан. Ошондуктан Даниелди чакырып келишсин, ал жазуунун маанисин түшүндүрүп берет».

13Ошондо Даниелди падышанын алдына алып келишти. Падыша Даниелге мындай деди: «Менин атам, падыша, Жүйүт жеринен алып келген, туткунда жүргөн Жүйүт уулдарынын бири Даниел деген сенсиңби?

14Мен сен жөнүндө, сенде Кудайдын руху, жарык, акыл жана бийик акылмандык бар экенин уктум.

15Мына, бул жазууну окуп, маанисин чечмелеп бериш үчүн, мага акылмандар менен сыйкырчыларды алып келишти. Бирок алар мага анын маанисин түшүндүрүп бере алышкан жок.

16Сени чечмелеп бере алат, жашыруун сырларды ача алат деп уктум. Эгерде бул жазууну окуй алсаң жана анын маанисин чечмелеп бере алсаң, анда кочкул кызыл чапан киесиң, мойнуңа алтын чынжыр тагылат, падышачылыкта үчүнчү өкүмдар болосуң».

17Ошондо Даниел падышага мындай деп жооп берди: «Белектериң өзүңдө калсын, жогорку кызматты башкага бер. Дубалдагы жазууну болсо окуп берем жана маанисин чечмелеп берем.

18Падыша! Бардыгынан жогору турган Кудай атаң Небухаданасарга падышачылыкты, улуулукту, урмат-сыйды жана атак-даңкты берген.

19Кудай берген улуулуктун алдында андан бардык элдер, уруулар жана улуттар титиреп, коркуп турушкан: ал каалаганын өлтүргөн, каалаганын тирүү калтырган, каалаганын жогору көтөргөн, каалаганын баскан.

20Бирок анын жүрөгү текеберденип кеткенде, руху катаалданып, тоотпос болуп калганда, ал өзүнүн падышачылык тактысынан кулатылды, атак-даңкынан ажыратылды,

21адамдардан бөлүндү, жүрөгү жырткычтыкындай болуп калды, жапайы эшектер менен жашады. Аны өгүзгө окшотуп чөп менен багышты, денеси асман шүүдүрүмү менен сугарылды. Адамзат падышачылыгынын үстүнөн бардыгынан жогору турган Кудай бийлик кыларын, Өзү кимди кааласа, ошону коёорун ал түшүнгөнгө чейин ушундай болду.

22Сен да, анын уулу Белшатсар, ушунун баарын билсең да, жүрөгүңдү жоошуткан жоксуң.

23Тескерисинче, асмандагы Теңирге каршы чыктың, сага Анын үйүндөгү идиштерди алып келишти, сен, сенин төрөлөрүң, аялдарың жана күңдөрүң ал идиштер менен шарап ичишти. Көрбөгөн, укпаган, түшүнбөгөн, алтындан, күмүштөн, жезден, темирден, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларды даңктадың. Өмүрүң, бардык жолдоруң колунда турган Кудайды болсо даңктаган жоксуң.

24Мына ошон үчүн Андан колдун манжалары жиберилип, бул жазуу жазылды.

25Анда мындай деп жазылган: “МЕНЕ, МЕНЕ, ТЕКЕЛ, УПАРСИН”.

26Сөздөрдүн мааниси мындай: “МЕНЕ” – Кудай сенин падышачылык кылган күндөрүңдү эсептеп чыгып, ага чекит койду.

27“ТЕКЕЛ” – сен таразага тартылып, өтө жеңил болуп чыктың.

28“ПАРАС” – сенин падышачылыгың бөлүнүп, мадайлыктар менен персиялыктарга берилди».

29Ошондо Белшатсардын буйругу боюнча Даниелге кочкул кызыл чапан кийгизишти, мойнуна алтын чынжыр тагышты жана аны падышачылыкта үчүнчү өкүмдар кылып жарыялашты.

30Ошол эле түнү Каздим падышасы Белшатсар өлтүрүлдү.

31Падышачылыкка алтымыш эки жаштагы мадайлык Дарий келди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>