Даниел 6:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Падышачылыкты башкарууга Дарий жүз жыйырма дубан башчы коюуну туура тапты.

2Ал эми алардын үстүнөн үч төрөнү койду, алардын бири Даниел эле. Дубан башчылар аларга эсеп берип турушмак. Ошондо падышага эч кандай оордук түшмөк эмес.

3Даниел башка төрөлөрдөн, дубан башчылардан жогору эле, анткени анда өзгөчө рух бар эле. Падыша аны бүт падышачылыктын үстүнөн коюуну ойлоду.

4Ошондо төрөлөр менен дубан башчылар падышачылыкты башкаруу иштери боюнча Даниелди айыпташ үчүн, шылтоо издей башташты. Бирок эч кандай шылтоо да, жаңылыштык да таба алышкан жок, анткени ал ишенимдүү болчу, анда кемчилик да, айып да жок эле.

5Анан бул адамдар: «Эгерде биз Даниелге каршы шылтоону анын өз Кудайынын мыйзамынан таппасак, ага каршы эч кандай шылтоо таба албайбыз», – дешти.

6Ошондо төрөлөр менен дубан башчылар падышага келип, мындай дешти: «Дарий падыша! Түбөлүк жаша!

7Ким отуз күндүн ичинде кайсы бир кудайга же сенден башка кишиге кайрылса, падыша, анда ал арстандар жаткан орго ташталсын деп, падыша ушундай мыйзам жана буйрук чыгарсын деп, падышачылыктын бардык төрөлөрү, жергиликтүү төрөлөрү, дубан башчылары, кеңеш берүүчүлөрү, аскер башчылары өз ара макулдашышты.

8Ошондуктан, падыша, бул мыйзам менен буйрукту бекемдеп, кол кой. Ал Мадай менен Персиянын мыйзамындай өзгөрүлгүс болсун, бузулбасын».

9Дарий падыша бул мыйзам менен буйрукка кол койду.

10Даниел болсо ушундай мыйзамга кол коюлганын билип, өз үйүнө кетти. Анын бөлмөсүнүн терезелери Иерусалимди карап турчу. Ал адаттагысындай эле күн сайын үч маал тизе бүгүп, Кудайына сыйынып, Аны даңазалай берди.

11Ошол учурда тиги кишилер аңдып, Даниелдин өз Кудайына сыйынып, Андан ырайым сурап жатканын көрүштү.

12Ошондо алар падышага келип, ага өзүнүн буйругу жөнүндө айтышты: «“Ким отуз күндүн ичинде кайсы бир кудайга жана падышадан башка кишиге кайрылса, падыша, ал арстандар жаткан орго ташталсын” деген мыйзамга кол койбодуң беле?» Падыша: «Бул сөз мадайлыктар менен персиялыктардын мыйзамындай өзгөрүлгүс», – деп жооп берди.

13Ошондо алар падышага: «Падыша, туткунда жүргөн Жүйүт уулдарынын бири Даниел сага да, сен кол койгон мыйзамга да көңүл бурбай, күнүнө үч маал өзүнүн Кудайына сыйынып жатат», – дешти.

14Падыша муну укканда, аябай кайгырып, жүрөгүндө Даниелди сактап калууну чечти, ал турсун, аны күн батканга чейин куткарып калууга катуу аракет кылды.

15Бирок тиги кишилер падышага келип: «Падыша, мадайлыктар менен персиялыктардын мыйзамы боюнча падыша бекиткен бир да мыйзам жана бир да буйрук өзгөртүлүшү мүмкүн эмес экенин эсиңден чыгарба», – дешти.

16Ошондо падыша буйрук кылды. Даниелди алып келип, арстандар жаткан орго ташташты. Падыша Даниелге: «Сен дайыма кызмат кылган Кудай Өзү сени куткарат!» – деди.

17Анан таш алып келип, ордун оозуна коюшту, Даниел жөнүндө чыккан буйрук өзгөрүлбөс үчүн, падыша ташка өзүнүн мөөрүн жана төрөлөрүнүн мөөрүн басты.

18Андан кийин падыша өзүнүн падыша сарайына барып, кечки тамакты ичпестен, уктаганы жатты, атүгүл, өзүнө тамак алып келүүнү да буйрук кылган жок, анын уйкусу качты.

19Эртеси падыша таң заардан туруп, арстандар жаткан орго шашыла жөнөдү.

20Ал орго жакын келип, аянычтуу үн менен Даниелди чакырып: «Даниел, тирүү Кудайдын кулу! Сен дайыма кызмат кылган Кудайың сени арстандардан куткара алдыбы?» – деди.

21Ошондо Даниел падышага мындай деп жооп берди: «Падыша! Түбөлүк жаша!

22Менин Кудайым Өзүнүн периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койду, ошондуктан алар мага эч кандай зыян келтиришкен жок, анткени мен Анын алдында таза болуп чыктым. Сенин алдыңда да, падыша, кылмыш кылган эмесмин».

23Ошондо падыша аябай кубанып, Даниелди ордон чыгарууну буйруду. Даниел ордон чыгарылды, анын денесинен эч кандай жаракат табышкан жок, анткени ал өз Кудайына ишенген эле.

24Анан падыша буйрук кылды, Даниелди айыптаган адамдарды алып келишип, арстандар жаткан орго алардын өздөрүн да, балдарын да, аялдарын да ташташты. Алар ордун түбүнө түшүп-түшө электе эле, арстандар чапчып алып, сөөктөрү менен кошо чайнап салышты.

25Ошондон кийин Дарий падыша бүт жер жүзүндө жашаган бардык элдерге, урууларга жана улуттарга мындай деп жазды: «Силердин тынчтыгыңар арта берсин!

26Мен мындай буйрук кылам: Менин падышачылыгымдын бардык аймагында жашагандардын баары Даниелдин Кудайынын алдында титиреп турушсун, Андан коркуп турушсун. Анткени Ал – тирүү жана түбөлүк бар болуп туруучу Кудай, Анын падышачылыгы кыйрагыс, Анын бийлиги чексиз.

27Ал куткарат жана сактайт, асманда да, жерде да кереметтерди жана жышаандарды көрсөтөт. Ал Даниелди арстандардын азуусунан куткарды».

28Ошентип, Даниел Дарийдин падышачылыгынын убагында да, персиялык Корештин падышачылыгынын убагында да ийгиликтерге жетти.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>