1Бабыл падышасы Белшатсардын падышачылыгынын биринчи жылында Даниел төшөгүндө жатып, түш жана пайгамбарчылык көрүнүштөрдү көрдү. Ошондо ал түшүн баяндап жазды.
2Даниел сөзүн баштап, мындай деди: «Түндө мен мындай көрүнүш көрдүм: асмандын төрт шамалы улуу деңизди толкундатып жатты.
3Анан деңизден бири экинчисине окшобогон төрт чоң жырткыч чыкты.
4Биринчиси арстанга окшош, бирок анын бүркүттүкүндөй канаттары бар экен. Мен анын канаттары жулунгуча, өзү жерден көтөрүлүп, адамга окшоп бутуна тургуча карап турдум. Ага адамдын жүрөгү берилди.
5Экинчи жырткыч аюуга окшош экен, ал бир капталы менен турду, оозунда, тиштеринин арасында үч азуусу бар экен. Ага мындай деп айтылды: “Тур, көп эт же!”
6Андан кийин илбирске окшогон жырткычты көрдүм, анын жонунда куштун төрт канаты бар экен, ал жырткычтын төрт башы бар экен. Ага бийлик берилди.
7Ошондон кийин мен түнкү көрүнүштөрдө өтө коркунучтуу, үрөйдү учурган, абдан күчтүү төртүнчү жырткычты көрдүм. Анын чоң темир тиштери бар экен. Ал жеп-жутуп, кыйратып, калганын буттары менен тебелеп жатты. Ал мурунку жырткычтардан айырмаланып турду, анын он мүйүзү бар эле.
8Мен ал мүйүздөрдү карап турдум, ошондо алардын арасынан анча чоң эмес дагы бир мүйүз чыкты, мурунку мүйүздөрдүн үчөө анын алдында түбү менен жулунду, ал мүйүздүн адамдын көздөрүндөй болгон көздөрү, текебер сүйлөгөн оозу бар экен.
9Акырында, мен тактылар коюлганын көрдүм, ага Күндөрү Байыркы олтурду. Анын кийими кардай аппак, башындагы чачтары таза жүндөй экен; Анын тактысы оттун жалынындай, дөңгөлөктөрү жалындап күйгөн оттой экен.
10Күйүп турган бир оттуу дарыя чыгып, Анын алдында агып жатты. Миңдеген адамдар Ага кызмат кылып жатышты, түмөндөгөн адамдар Анын алдында турушту. Соттор отурушту, китептер ачылды.
11Ошол учурда мен текеберденип сүйлөгөн мүйүздүн сөздөрү үчүн жырткыч өлтүрүлүп, денеси жанчылып, отко ташталганын көрдүм.
12Башка жырткычтар да бийликтен ажыратылды, бирок алардын өмүрү белгиленген бир убакытка, бир мөөнөткө чейин узартылды.
13Мен түнкү көрүнүштөрдө адам Уулуна окшогон бирөөнүн асман булуттары менен келе жатканын көрдүм. Ал Күндөрү Байыркыга келди, Аны Күндөрү Байыркынын алдына алып келишти.
14Ошондо бардык элдер, уруулар жана улуттар Ага кызмат кылышы үчүн, Ага бийлик, даңк жана падышачылык берилди. Анын бийлиги – өтүп кетпей турган түбөлүктүү бийлик, Анын падышачылыгы – кулагыс падышачылык.
15Мен, Даниел, коркуп кеттим, көргөн көрүнүштөрүм тынчымды алды.
16Ошондо мен алдыда тургандардын бирине жакын барып, бул көрүнүштөрдүн бардыгынын чыныгы мааниси жөнүндө сурадым. Ал мага айтылгандардын маанисин түшүндүрүп берди:
17“Бул төрт чоң жырткыч жерден төрт падыша чыгарын билдирет.
18Андан кийин падышачылыкты Бардыгынан Жогору Тургандын ыйыктары кабыл алып, түбөлүккө, кылымдан кылымга падышачылык кылышат”.
19Ошондо мен баарынан айырмаланып турган, эң коркунучтуу, темир тиштүү, жез тырмактуу, жеп-жуткан, кыйраткан, ал эми калгандарын буттары менен тебелеп-тепсеген төртүнчү жырткыч жөнүндө,
20анын башындагы он мүйүз жөнүндө, түшүп калган мурунку үч мүйүздүн ордуна чыккан, көздөрү жана текебер сүйлөгөн оозу бар, башкалардан чоң көрүнгөн мүйүз жөнүндө так түшүндүрмө берүүсүн кааладым.
21Мен ал мүйүздүн ыйыктар менен салгылашканын,
22Күндөрү Байыркы келип, сот иши Бардыгынан Жогору Тургандын ыйыктарына берилгенге чейин, падышачылыкты ыйыктар ээлей турган убакыт келгенге чейин, аларды жеңгенин көрдүм.
23Бул тууралуу ал мындай деди: “Төртүнчү жырткыч – жер үстүндөгү төртүнчү падышачылык, ал бүт падышачылыктардан айырмаланып, бүт жер жүзүн жеп-жутуп, тебелеп-тепсеп кыйратат.
24Ал эми он мүйүз бул падышачылыктан он падыша чыгарын билдирет. Алардан кийин мурдагылардан айырмаланган башка бир падышачылык чыгат, ал үч падышачылыкты багынтып алат.
25Ал Бардыгынан Жогору Турганга каршы сөздөрдү айтып, Бардыгынан Жогору Тургандын ыйыктарын эзет. Ал турсун, алардын майрамдары менен мыйзамдарын өзгөртүүнү ойлойт, алар бир мезгилге, мезгилдерге жана жарым мезгилге чейин анын колуна берилет.
26Андан кийин соттор чогулушат, аны бийликтен ажыратышат, аны биротоло кыйратып жок кылышат.
27Падышачылык да, бийлик да, асман астындагы падышачылык улуулугу да падышачылыгы түбөлүк болгон Бардыгынан Жогору Тургандын ыйык элине берилет, бардык падышалар Ага кызмат кылышат, Ага баш ийишет”».
28Сөздүн аягы ушул. Мен, Даниел, өзүмдүн ойлорумдан аябай тынчым кетти, өңүм бузулду, бирок бул сөздү жүрөгүмө сактадым.