Даниел 8:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Белшатсардын падышачылыгынын үчүнчү жылында мен, Даниел, мурунку көрүнүштөн башка көрүнүш көрдүм.

2Мен ал көрүнүштү көрүп жатканда, Эйлам дубанындагы борбор шаар Шушанда элем, мен ал көрүнүштө Улай дарыясынын жээгинде жүрүптүрмүн.

3Башымды көтөрүп, дарыянын жээгинде бир кочкор турганын көрдүм. Анын эки мүйүзү бар экен, эки мүйүзү тең узун экен, бирок бир мүйүзү экинчисинен узунураак экен, узуну кыскасынан кийин көтөрүлдү.

4Мен ал кочкордун батышты, түндүктү, түштүктү сүзгүлөп жатканын көрдүм, эч бир жырткыч ага каршы тура алган жок, андан эч ким кутула алган жок. Ал эмнени кааласа, ошону кылып жатты, текеберденип турду.

5Мен муну көңүл коюп карап турдум, ошондо батыштан бир теке бүт жер жүзүн ээлеп келе жатты, бирок буту жерге тийген жок. Ал текенин көздөрүнүн ортосунда бир чоң мүйүзү бар экен.

6Ал мен дарыянын жээгинде турганда көргөн эки мүйүздүү кочкордун жанына келип, ага катуу каары менен атырылды.

7Мен анын кочкорго жакын келип, ага аябай каарданып, аны сүзүп, эки мүйүзүн сындырганын көрдүм. Ага туруштук бергенге кочкордун күчү жеткен жок, теке аны жерге кулатып, тебелеп салды, кочкорду андан куткарып алганга эч ким чыккан жок.

8Ошондо теке аябай күчкө толду, бирок күчүнө киргенде, чоң мүйүзү сынып, анын ордуна асмандын төрт шамалын караган төрт мүйүз чыкты.

9Алардын биринен түштүктү, чыгышты жана эң сонун өлкөнү карай аябай өскөн, анча чоң эмес бир мүйүз өсүп чыкты.

10Ал асман кошуунуна чейин көтөрүлүп, ошол кошуундун жана жылдыздардын бир бөлүгүн жерге кулатып, тебелеп-тепсеп салды.

11Ал турсун, ал ошол кошуундун Жол башчысына чейин көтөрүлдү. Андан күн сайын чалынуучу курмандык тартылып алынды, Анын ыйык жайы турган жер булганды.

12Асман кошууну мыйзамсыздык үчүн күн сайын чалынуучу курмандык менен бирге анын колуна салынып берилди. Ал чындыкты жерге кулатып, ар кандай иш-аракеттерди кылып, ийгиликке ээ болуп жатты.

13Ошондо мен бир ыйыктын сүйлөп жатканын уктум. Ал ыйык «Ыйык жай менен кошуундардын тебеленип-тепселенүүсү жөнүндөгү, күн сайын чалынуучу курмандык жөнүндөгү жана ээн калтыруучу мыйзамсыздык жөнүндөгү бул көрүнүш канча убакытка созулат?» деген суроо берген бирөөгө мындай деп жооп берди:

14Ал мага: «Бул эки миң үч жүз кечке жана таңга созулат, ошондон кийин ыйык жай тазаланат», – деди.

15Анан мындай болду: мен, Даниел, бул көрүнүштү көрүп, анын маанисин издеп жатканымда, менин алдыма адамга окшош бирөө туруп калды.

16Анан мен Улай дарыясынын ортосунан адамдын үнүн уктум, ал: «Жебирейил! Ага бул көрүнүштүн маанисин түшүндүрүп бер», – деди.

17Ошондо ал мен турган жерге келди, ал келгенде, мен коркуп кетип, жүзтөмөндөп жыгылдым, ал мага: «Адам уулу, бул көрүнүш акыркы мезгилге таандык экенин билип ал», – деди.

18Ал мени менен сүйлөшүп жатканда, мен эч нерсе сезбей, жерде жүзтөмөндөп жаттым. Бирок ал мага колун тийгизип, мени кайра ордума тургузуп, мындай деди:

19«Мына, мен сага каар төгүлгөн күндөрдүн акыркы күндөрүндө эмне болорун билдирип жатам, анткени бул белгиленген мезгилдин акырына тиешелүү.

20Сен көргөн эки мүйүздүү кочкор – Мадай жана Персия падышалары.

21Ал эми түктүү теке – Грециянын падышасы, анын эки көзүнүн ортосундагы чоң мүйүз болсо – анын биринчи падышасы.

22Анын сынганы, анын ордуна башка төрт мүйүз чыкканы бул элден төрт падышачылык чыгарын, бирок ал падышанын күчү менен эмес экенин билдирет.

23Алардын падышачылыгынын акырында, мыйзамсыздар өздөрүнүн мыйзамсыздыктарынын чегине жеткенде, абийирсиз, өтө айлакер падыша келет.

24Анын күчү бекемделет, бирок өз күчү менен эмес. Ал таң каларлык кыйратуу иштерин жүргүзөт, ийгиликке жетет, ар кандай иш-аракеттерди кылат, күчтүүлөрдү жана ыйык элди кырат.

25Ал акылы менен, эки жүздүүлүгү менен ийгиликке ээ болот, ал жүрөгүндө көтөрүлөт, тынчтык өкүм сүрүп турганда, көптөрдү өлтүрөт, эгедерлердин Эгедерине каршы көтөрүлөт. Бирок ал колдун жардамысыз кыйратылат.

26Кеч менен таң жөнүндө айтылган көрүнүш чындык, бирок сен бул көрүнүштү ичиңе сакта, анткени ал акыркы күндөргө тиешелүү».

27Ошондо мен, Даниел, алсырап, бир нече күн оорудум. Андан кийин туруп, падышанын иштерин аткара баштадым. Мен бул көрүнүшкө таң калдым, аны түшүнгөн жокмун.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>