1Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон.
2Сөз эң башында Кудайда болгон.
3Бардыгы Ал аркылуу башталган, эмне башталса да, Ансыз башталган эмес.
4Анда өмүр болгон, ал өмүр адамдар үчүн жарык болгон.
5Жарык караңгыда жаркырап турат, караңгылык жарыкты каптаган жок.
6Кудай жиберген бир адам болгон, анын ысымы Жакан эле.
7Ал күбөлөндүрүү үчүн келген. Баары ал аркылуу ишенип калыш үчүн, ал Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген.
8Ал Жарык эмес болчу, бирок Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген.
9Бул дүйнөгө келген ар бир адамды жарык кылуучу чыныгы Жарык бар эле.
10Ал бул дүйнөдө болгон, дүйнө Ал аркылуу жаралган, бирок бул дүйнө Аны тааныган жок.
11Ал Өз элине келди, бирок Өз эли Аны кабыл алган жок.
12Ал эми Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди.
13Алар кандан эмес, дененин каалоосу менен эмес, эркектин каалоосу менен эмес, Кудайдан төрөлүштү.
14Сөз адам болуп, биз менен жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле.
15Жакан Ал жөнүндө бийик үн менен мындай деп күбөлөндүрдү: «“Менден кийин Келе Жаткан менин алдыма чыкты, анткени Ал менден мурун эле бар болчу”, – деп, мен ушул Адам жөнүндө айткам».
16Андагы толуктуктан бардыгыбыз ырайым үстүнө ырайым кабыл алдык.
17Анткени мыйзам Муса аркылуу берилди, ал эми ырайым менен чындык Ыйса Машайак аркылуу пайда болду.
18Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес. Аны бизге Атанын ичиндеги жалгыз Уул көрсөттү.
19Жүйүттөр Иерусалимден ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди жиберип, «Сен кимсиң?» – деп суратышканда, Жакан аларга:
20«Мен Машайак эмесмин», – деп күбөлөндүрдү. Ал жооп берүүдөн баш тарткан жок, ачык эле айтты.
21Ошондо алар: «Анда сен кимсиң, Илияссыңбы?» – деп сурашты. «Жок», – деди ал. «Пайгамбарсыңбы?» – деп сурашканда, ал: «Жок», – деп жооп берди.
22«Деги сен кимсиң? Бизди жибергендерге жооп бергидей бололу: өзүң жөнүндө эмне дейсиң?» – дешти алар.
23Ошондо Жакан мындай деди: «Ышайа пайгамбар: “"Теңирге жолду түздөгүлө", – деп, ээн талаада бир үн жар салат”, – деп айткан. Ошол үн менмин».
24Жиберилген адамдар фарисейлерден эле.
25Алар Жакандан: «Эгерде Сен Машайак да, Илияс да, пайгамбар да эмес болсоң, анда эмне үчүн сууга чөмүлдүрүп жатасың?» – деп сурашты.
26Жакан аларга: «Мен сууга чөмүлдүрүп жатам. Бирок араңарда силер тааныбаган Бирөө турат.
27Ал менден кийин келип, менин алдыма турду. Мен Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын», – деп жооп берди.
28Бул Иордан дарыясынын чыгыш тарабындагы Битабара айылында, Жакан сууга чөмүлдүрүп жаткан жерде болду.
29Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп: «Бул – Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат.
30“Менден кийин келген Адам менин алдыма турду, анткени Ал менден мурун эле бар болчу”, – деп, мен ушул Адам жөнүндө айткам.
31Мен Аны таанычу эмесмин. Бирок Ысрайыл эли Аны билип калсын деп, сууга чөмүлдүрүү үчүн келгем», – деди.
32Жакан күбөлөндүрүүсүн мындай деп улантты: «Рухтун асмандан көгүчкөн сыяктуу түшүп, Анын үстүндө турганын көрдүм.
33Мен Аны таанычу эмесмин. Бирок адамдарды сууга чөмүлдүртүү үчүн мени жиберген Кудай мага: “Рухтун кимдин үстүнө түшүп, Анда болуп турганын көрсөң, Ыйык Рухка чөмүлдүрүүчү Ошол”, – деген.
34Мен көрдүм да: “Бул – Кудайдын Уулу”, – деп күбөлөндүрдүм».
35Эртеси күнү да Жакан өзүнүн эки шакирти менен турган эле.
36Ал өтүп бара жаткан Ыйсаны көргөндө: «Мына, Кудайдын курмандык Козусу!» – деди.
37Жакандан бул сөздөрдү укканда, эки шакирт тең Ыйсаны ээрчип жөнөштү.
38Ыйса артына бурулуп, алардын ээрчип келе жатканын көрүп:
39
40Жакандан угуп, Ыйсанын артынан ээрчиген эки адамдын бири Шымон Петирдин бир тууганы Андрей эле.
41Ал адегенде агасы Шымонду таап, ага: «Биз Машайакты таптык», – деди.
42Андрей бир тууганы Шымонду Ыйсага алып келди. Ыйса аны карап:
43Эртеси күнү Ыйса Галилеяга бармакчы болду. Филипти таап:
44Филип болсо Андрей менен Петир жашаган Бетсайида шаарынан эле.
45Филип Натанаелди таап, ага: «Мусанын “Тоорат” китебинде, ошондой эле “Пайгамбарлар” китебинде жазылган Машайакты таптык, Ал – назареттик Жусуптун Уулу Ыйса», – деди.
46Бирок Натанаел ага: «Назареттен жакшы нерсе чыкмак беле?» – деп койду. Ошондо Филип ага: «Барып, өзүң көр», – деди.
47Ыйса келе жаткан Натанаелди көрүп:
48Натанаел Андан: «Мени кайдан билесиң?» – деп сурады. Ыйса ага:
49Ошондо Натанаел: «Устат, Сен Кудайдын Уулусуң! Сен Ысрайыл элинин Падышасысың!» – деди.
50Ыйса ага:
51Дагы мындай деди: