1Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким кой короого эшиктен кирбей, башка жагынан кирсе, ал – ууру жана каракчы.
2Ал эми ким эшиктен кирсе, ал – койчу.
3Кароолчу ага эшикти ачып берет. Койлор анын үнүн угушат, ал өзүнүн койлорун атынан чакырат, аларды тышка чыгарат.
4Ал өзүнүн койлорун тышка чыгаргандан кийин, алардын алдында басат, ал эми койлору анын артынан ээрчишет, анткени алар анын үнүн таанышат.
5Чоочун кишини ээрчишпейт, андан качышат, анткени анын үнүн таанышпайт».
6Ыйса айтып берген бул үлгү-насаат аңгеменин маанисин алар түшүнүшкөн жок.
7Ошондо Ыйса аларга дагы мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен койлор кире турган эшикмин.
8Менден мурун келгендердин баары – ууру жана каракчы. Бирок койлор аларды угушкан жок.
9Мен эшикмин. Ким Мен аркылуу кирсе, ал куткарылат. Кирет, чыгат жана жайыт табат.
10Ууру уурдоо, өлтүрүү жана жок кылуу үчүн гана келет. Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим.
11Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн өз жанын берет.
12Жалчы болсо койчу эмес, анткени койлор аныкы эмес. Ал карышкырдын келе жатканын көргөндө, койлорду таштай качат. Карышкыр койлорго тийип, аларды туш тарапка чачыратат.
13Жалчы болсо качып кетет, анткени ал – жалчы, койлорго кайдыгер мамиле кылат.
14Мен жакшы Кайтаруучумун. Мен Өзүмдүн койлорумду билем,
15Атам Мени, Мен Атамды билгендей эле, койлорум да Мени билет. Койлорум үчүн Мен Өз жанымды берем.
16Менин бул короодогу койлордон башка да койлорум бар. Мен аларды да алып келүүм керек. Алар да Менин үнүмдү угушат, ошондо бир короо кой, бир койчу болот.
17Мен Өз жанымды беремин, ошон үчүн Атам Мени жакшы көрөт. Мен Өз жанымды кайра алуу үчүн беремин.
18Менден аны эч ким тартып албайт, Мен аны Өзүм берем. Аны берүүгө жана кайра алууга бийлигим бар. Бул осуятты Мен Атамдан алгам».
19Ушул сөздөн улам жүйүттөрдүн ортосунда талаш чыкты.
20Алардын көпчүлүгү: «Анын ичинде жин бар, акылы ордунда эмес, Аны эмнеге угуп жатасыңар?» – дешти.
21Кээ бирөөлөрү: «Бул жин тийген адамдын сөзү эмес! Жин сокурлардын көзүн ача алмак беле?» – дешти.
22Ошол убакта Иерусалимде ийбадаткананы ыйыктоо майрамы болуп жаткан. Кыш мезгили эле.
23Ыйса ийбадаткананын чыгыш тарабындагы Сулайман үйүнүн кире беришинде басып жүргөндө,
24жүйүттөр Аны курчап алып: «Качанкыга чейин башыбызды маң кыласың? Машайак болсоң, айтпайсыңбы ачыгын!» – дешти.
25Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мен силерге айттым, бирок силер ишенбей жатасыңар. Атамдын атынан кылып жаткан иштерим Мен жөнүндө күбөлөндүрүп жатпайбы.
26Бирок силер ишенбей жатасыңар, анткени Менин койлорум эмессиңер. Мен муну силерге айткам.
27Менин койлорум Менин үнүмдү угушат. Мен аларды тааныйм, алар Мени ээрчишет.
28Мен аларга түбөлүк өмүр берем, алар эч качан өлүшпөйт. Аларды Менин колумдан эч ким тартып ала албайт.
29Аларды Мага берген Атам баарынан чоң. Аларды Атамдын колунан эч ким тартып ала албайт.
30Мен жана Атам бирбиз».
31Ошондо Аны таш бараңга алуу үчүн, жүйүттөр бул жолу да жерден таш алышты.
32Ыйса аларга: «Мен силердин көз алдыңарда Атамдын атынан көп жакшы иштерди кылдым. Алардын кайсынысы үчүн Мени таш бараңга алгыңар келип жатат?» – деди.
33Жүйүттөр Ага: «Жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акарат келтиргендигиң үчүн, адам болуп туруп, Өзүңдү Кудай кылып жаткандыгың үчүн, таш бараңга алганы жатабыз», – деп жооп беришти.
34Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мыйзамыңарда: Мен силерге: “Силер кудайларсыңар”, – дедим», – деп жазылган эмеспи?
35Кудайдын Сөзү кимдерге берилсе, ошолорду Ал кудайлар деп атап жатса (Ыйык Жазуу Өз күчүн жоготпойт),
36Атам тарабынан дайындалып, бул дүйнөгө жиберилген Мен: “Кудайдын Уулумун”, – дегеним үчүн, “Кудайга акарат келтирип жатасың”, – дейсиңерби?
37Эгерде Мен Атамдын иштерин кылбай жатсам, анда Мага ишенбей эле койгула.
38Эгерде кылып жатсам, Мага ишенбесеңер да, кылган иштериме ишенгиле. Ошондо Атанын Менин ичимде, Мен Атанын ичинде экенимди билип, ишенип каласыңар».
39Ошондо алар Ыйсаны кайрадан кармап алмакчы болушту, бирок Ал карматкан жок.
40Ыйса кайрадан Иордан дарыясынын наркы өйүзүнө – мурун Жакан элди сууга чөмүлдүрүп жүргөн жерге барып, ошол жерде калып калды.
41Ага көп адамдар келишип: «Жакан эч кандай керемет көрсөткөн эмес, бирок анын бул Адам жөнүндө айткандарынын баары чындык экен», – дешти.
42Ошентип, ал жерден Ага көптөгөн адамдар ишенип калышты.