1Эже-сиңди Мариям менен Марта жашаган Бетания деген айылда Лазар деген бир адам ооруп жатты.
2Ыйсаны жыпар жыттуу май менен майлаган, Анын бутун чачы менен аарчыган ушул Мариям болчу. Ооруп жаткан Лазар анын бир тууганы эле.
3«Теңир, жакшы көргөн адамың ооруп жатат», – деп, эже-сиңди Ыйсага айттырып жиберишти.
4Ыйса муну укканда:
5Ыйса Мартаны, анын сиңдисин жана Лазарды жакшы көрчү.
6Ал Лазардын ооруп жатканын укса да, жүргөн жеринде дагы эки күн болду.
7Андан кийин шакирттерине мындай деди:
8Шакирттери Ага: «Устат, жүйүттөр жакында эле Сени таш бараңга алып өлтүргөнү жатышпады беле? Анан кайра ошол жакка барганы жатасыңбы?» – дешти.
9Ыйса аларга:
10
11Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, аларга:
12Шакирттери Ага: «Теңир! Уктап жатса, анда айыгат», – дешти.
13Ыйса Лазардын өлүп калганы жөнүндө айткан эле, шакирттери болсо анын жөн эле уктап жатканы жөнүндө айтып жатат деп ойлошту.
14Ошондо Ыйса ачык эле мындай деди:
15
16Ошондо Эгиз деген да ысымы бар Томас башка шакирттерге: «Жүргүлө, биз да аны менен бирге өлөлү», – деди.
17Ыйса келгенде, Лазардын көргө коюлганына төрт күн болгонун укту.
18Бетания менен Иерусалимдин ортосундагы аралык болжол менен он беш стадий болгондуктан,
19көптөгөн жүйүттөр Марта менен Мариямга көңүл айтууга келишкен эле.
20Марта Ыйсанын келе жатканын укканда, алдынан тосуп чыкты. Мариям болсо үйдө калды.
21Марта Ыйсага: «Теңир! Сен бул жерде болгондо, бир тууганым өлмөк эмес.
22Бирок мен азыр да билем, Сен Кудайдан эмне сурасаң да, Кудай Сага берет», – деди.
23Ыйса ага:
24Марта Ага: «Акыркы күнү, өлгөндөр тириле турган күнү тирилерин билем», – деди.
25Ыйса ага мындай деди:
26
27Марта Ага: «Ооба, Теңир. Дүйнөгө келе турган Кудай Уулу Машайак Сен экендигиңе ишенем», – деди.
28Муну айткандан кийин, ал үйүнө барды да, сиңдиси Мариямды тымызын чакырып алып: «Устат бул жерде. Ал сени чакырып жатат», – деди.
29Муну угары менен, Мариям шашылыш тура калып, Ыйсага жөнөдү.
30Ыйса айылга кире элек болчу, Ал Марта менен жолуккан жерде эле.
31Мариямга көңүл айтканы келгендер анын үйдөн шашылыш чыгып кеткенин көрүшкөндө, «Бир тууганын жоктоп ыйлаш үчүн, мүрзөгө кетти го», – деп ойлоп, артынан кошо жөнөштү.
32Мариям болсо Ыйса турган жерге келди да, Аны көргөндө, бутуна жыгылып: «Теңир, Сен бул жерде болгондо, бир тууганым өлмөк эмес», – деди.
33Мариямдын жана аны менен келген жүйүттөрдүн ыйлаганын көргөн Ыйсанын каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздады.
34
35Ыйса көзүнө жаш алды.
36Ошондо жүйүттөр: «Карагылачы, Лазарды Ал кандай жакшы көрчү!» – дешти.
37Кээ бирөөлөр болсо: «Бул сокурдун көзүн ачпады беле, анан ушуну өлүмдөн алып кала алган жокпу?» – дешти.
38Ыйса ичинен кайгырып, мүрзөгө басып келди. Ал оозу таш менен жабылган мүрзөлүк үңкүр эле.
39
40Ошондо Ыйса ага:
41Үңкүрдүн оозунан ташты алып салышкандан кийин, Ыйса асманды карап, мындай деди:
42
43Муну айткандан кийин, Ал бийик үн менен:
44Ошондо колу-буту кепинделген Лазар мүрзөдөн чыгып келди. Анын бети-башы да оролуу эле. Ыйса аларга:
45Мариямга келген жүйүттөрдүн көпчүлүгү Ыйсанын кылган ишин көрүшкөндө, Ага ишенип калышты.
46Ал эми кээ бирөөлөрү фарисейлерге барып, Ыйсанын эмне кылганын айтып беришти.
47Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер жогорку кеңешти чакырып, мындай дешти: «Эмне кылсак? Бул Адам көптөгөн кереметтерди көрсөтүп жатат.
48Эгерде Аны ушу бойдон тим койсок, баары Ага ишенип калат. Анан римдиктер келип, жерибизди да, элибизди да басып алышат».
49Алардын бири, ошол жылга башкы ыйык кызмат кылуучу болуп шайланган Кайапа мындай деди: «Силер эч нерсени билбейсиңер.
50Бүт эл жок болгондон көрө, эл үчүн бир адамдын өлгөнү силер үчүн жакшы болорун түшүнбөйсүңөр!»
51Муну ал оюнан чыгарып айткан жок: ошол жылы башкы ыйык кызмат кылуучу болгондуктан, Ыйсанын эл үчүн өлөрүн алдын ала айтты.
52Ал бир улут үчүн гана эмес, Кудайдын чачырап кеткен балдарын чогултуу үчүн да өлүшү керек болчу.
53Ошол күнү алар Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө чечим чыгарышты.
54Ошондон кийин Ыйса жүйүттөрдүн арасында ачык жүрбөй калды. Ал чөлгө жакын жердеги Эпрайым деген шаарга кетти. Ал жерде шакирттери менен болду.
55Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындап калгандыктан, өлкөнүн туш тарабынан көптөгөн адамдар майрам алдында тазалануу үчүн, Иерусалимге келишти.
56Алар Ыйсаны издешти. Ийбадатканада туруп алышып: «Кандай деп ойлойсуңар, Ал майрамга келет болду бекен?» – деп, өз ара сүйлөшүп жатышты.
57Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер болсо Ыйсаны кармаш үчүн, «Ыйсанын кайда экенин ким билсе, кабарлап койсун!» деген буйрук беришти.