Жакан 12:1-50 KYB2004 - Bible AI

1Пасах майрамына алты күн калганда, Ыйса Бетанияга келди. Бул жерде Ал тирилткен Лазар жашачу.

2Ошол жерде Ага кечки тамак даярдашты. Марта кызмат кылып жүрдү. Лазар болсо Аны менен бирге бир дасторкондо отурду.

3Мариям нард деген өсүмдүктөн жасалган жыпар жыттуу, таза майдан бир фунт алып келип, Ыйсанын бутуна куйду, анан Анын буттарын чачы менен сүрттү. Үйдүн ичи жыпар жыттуу май жыттанып калды.

4Ыйсанын шакирттеринин бири, кийин Ага чыккынчылык кылган Шымон уулу Жүйүт Искариот мындай деди:

5«Бул майды үч жүз динарийге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берсе болот эле да».

6Ал муну жакырлар үчүн кам көргөндүктөн эмес, ууру болгондуктан айтты. Акча салынуучу куту анда болгондуктан, ал ага салынган акчадан уурдап алчу.

7Ошондо Ыйса мындай деди: «Мариямды жайына койгула! Ал муну Менин көргө коюлар күнүмө сактап жүргөн.

8Анткени Мен силердин жаныңарда дайыма эле боло бербейм, жакырлар болсо дайыма жаныңарда болот».

9Жүйүттөрдүн көбү Ыйсанын Бетанияда экенин угушуп, Ыйсаны гана эмес, Ал тирилткен Лазарды да көрүү үчүн, Бетанияга келишти.

10Башкы ыйык кызмат кылуучулар болсо Лазарды да өлтүрүү жөнүндө чечим чыгарышты.

11Анткени аны көрүү үчүн келген жүйүттөрдүн көбү Ыйсага ишенип калышкан эле.

12Кийинки күнү майрамга келген элдин көпчүлүгү Ыйсанын Иерусалимге келерин угушканда,

13дарактардын бутактарын алып: «Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан Келе Жатканга, Ысрайыл элинин Падышасына даңк!» – деп, Аны кыйкырып тосуп чыгышты.

14Ыйса бир кодикти таап минип алган эле. Бул жөнүндө Ыйык Жазууда:

15«Коркпо, Сион кызы! Сенин Падышаң кодик минип келе жатат!» – деп жазылган.

16Шакирттери муну адегенде түшүнүшкөн эмес. Бирок Ыйса даңкталгандан кийин, алар бул сөздөрдүн Ал жөнүндө жазылгандыгын, Ага ошондой кылынгандыгын эстешти.

17Ыйсанын жанында жүргөн эл Анын Лазарды мүрзөдөн чакырып, тирилткенин күбөлөндүрүп жатты.

18Ошондуктан Ыйсанын бул кереметти кылганын уккан эл Аны алдынан тосуп чыкты.

19Фарисейлер болсо: «Көрдүңөрбү, эч нерсе кыла албай калдыңар! Бүт дүйнө Анын артынан ээрчип кетти!» – деп, өз ара сүйлөшүп жатышты.

20Кудайга табынуу үчүн майрамга келгендердин арасында эллиндер да бар эле.

21Алар Галилеянын Бетсайида шаарынан болгон Филипке келишип: «Мырза, биз Ыйсаны көрсөк дедик эле», – дешти.

22Филип бул жөнүндө Андрейге барып айтты. Анан Андрей менен Филип экөө Ыйсага барып айтышты.

23Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Адам Уулунун даңкталар убактысы келип калды.

24Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде буудайдын даны жерге түшкөндөн кийин өлбөсө, бирөө бойдон гана калат. Эгерде өлсө, көп түшүм берет.

25Ким өз жанын сүйсө, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким бул дүйнөдө өз жанын жек көрсө, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат.

26Ким Мага кызмат кылгысы келсе, ал Мени ээрчисин. Мен кайсы жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Ким Мага кызмат кылса, аны Атам урматтайт».

27Анан Ыйса мындай деди: «Азыр жаным кыйналып турат. Эмне дейин? “Ата! Мени ушул сааттан куткара көр”, – дейинби? Бирок Мен ушул саат үчүн келгем.

28Ата! Өз ысымыңды даңкта!» Ошондо асмандан «Даңктадым, дагы да даңктайм» деген үн угулду.

29Ошол жердеги муну уккан адамдардын кээ бирөөлөрү: «Күн күркүрөдү», – дешсе, кээ бирөөлөрү: «Ага периште сүйлөдү», – дешти.

30Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Бул сөз Мен үчүн эмес, силер үчүн айтылды.

31Бул дүйнөнүн соттолор маалы келди. Эми бул дүйнөнүн төрөсү сыртка куулуп чыгарылат.

32Мен жерден көтөрүлүп кеткенден кийин, бардыгын Өзүмө тартам».

33Ыйса муну кандай өлүм менен өлөрүн билдирүү үчүн айтты.

34Эл болсо Ага мындай деди: «Ыйык Жазуудан укканыбызга караганда, Машайак түбөлүк жашайт. Анан Сен кандайча: “Адам Уулу жогору көтөрүлүп кетиши керек”, – дейсиң? Адам Уулу деген Ким?»

35Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Жарык дагы бир аз убакыт силер менен болот. Караңгыга калбаш үчүн, жарык барда жүргүлө. Караңгыда жүргөн адам кайда бара жатканын билбейт.

36Жарык силер менен болуп турганда, жарыкка ишенгиле, ошондо жарыктын балдары болосуңар». Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, ал жерден кетип, элдин көзүнөн далдаа болду.

37Ыйса көптөгөн кереметтерди көрсөтсө да, алар Ага ишенишкен жок.

38Ышайа пайгамбардын «Теңир! Бизден уккан кабарга ким ишенди? Теңирдин күчү кимге көрсөтүлдү?» деген сөздөрү аткарылышы үчүн ушундай болду.

39Ошондуктан алар ишене алышкан жок. Ышайа мындай деп да айткан:

40«Алардын көздөрү сокур, ал эми жүрөктөрү таш болуп калган. Ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, түшүнүшпөйт, айыгыш үчүн, Мага кайрылышпайт».

41Ышайа бул сөздөрдү Ыйсанын даңкын көрүп, Ал жөнүндө сүйлөгөндөн кийин айткан.

42Ошондой болсо да, жүйүт башчыларынын көбү Ыйсага ишенип калышты. Бирок синагогадан чыгарылып калбаш үчүн, ишенип калышканын фарисейлердин алдында ачык айтышкан жок.

43Анткени Кудайдын даңктаганына караганда, адамдын даңктаганын артык көрүштү.

44Ыйса үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Мага ишенген адам Мага эмес, Мени жиберген Кудайга ишенген болот.

45Мени көргөн адам Мени жиберген Кудайды көргөн болот.

46Мага ишенгендердин бирөө да караңгыга калбашы үчүн, Мен дүйнөгө жарык болуп келдим.

47Сөздөрүмдү угуп, бирок аларды аткарбаган адамды Мен соттобойм. Анткени Мен бул дүйнөнү соттоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келгем.

48Мени четке кагып, сөздөрүмдү кабыл албаган адам үчүн сот бар: Мен айткан сөздөр аны акыркы күнү соттойт.

49Анткени Мен Өз атымдан сүйлөгөн жокмун, Мени жиберген Атамдын осуяты боюнча сүйлөп жатам. Эмнени айтып, эмнени сүйлөө керектигин Мага Мени жиберген Атам осуят кылган.

50Анын осуяты болсо түбөлүк өмүр экенин билем. Демек, Атам Мага эмнени айтса, Мен ошону айтам».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>