Жакан 13:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Пасах майрамынын алды эле. Ыйса Өзүнүн бул дүйнөдөн кетип, Атасына бара турган убагы келип калганын билчү. Ал бул дүйнөдөгү Өзүнүн адамдарын сүйдү, аларды акырына чейин сүйдү.

2Кечки тамак убагы болчу. Шайтан буга чейин эле Шымон уулу Жүйүт Искариоттун жүрөгүнө Ыйсага чыккынчылык кылуу каалоосун салып койгон.

3Ыйса Атасынын бардык нерсени Өзүнө бергендигин, Өзүнүн Кудайдан келип, Ага кайра кайтып барарын билчү.

4Ыйса дасторкондон туруп, сырткы кийимин чечти да, белине сүлгү байлады.

5Андан кийин чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин бутун жууп, белиндеги сүлгү менен аарчый баштады.

6Шымон Петирдин жанына келгенде, ал Ага мындай деди: «Теңир, Сен менин бутумду жууйсуңбу?»

7Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин эмне кылып жатканымды сен азыр түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң».

8Петир Ага: «Мен бутумду Сага эч качан жуудуртпайм!» – деди. «Эгерде Мен сенин бутуңду жуубасам, анда сен Мени менен үлүштөш болбойсуң», – деп жооп берди Ыйса.

9Ошондо Шымон Петир Ага: «Теңир, андай болсо, бутумду гана эмес, колумду да, башымды да жуу!» – деди.

10Ыйса ага: «Жуулган адамдын бутун гана жууш керек, анткени ал таза. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес», – деди.

11Анткени Ыйса кимдин чыккынчылык кыларын билген, ошондуктан: «Баарыңар эмес», – деди.

12Ыйса шакирттеринин бутун жууп бүтүп, сырткы кийимин кийип, дасторконго кайра отургандан кийин, мындай деди: «Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү?

13Мени: “Устат”, “Теңир”, – дейсиңер. Мунуңар туура, анткени Мен чынында эле Ошолмун.

14Мен Теңир жана Устат болуп туруп, бутуңарды жуудум. Демек, силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек.

15Анткени Мен силерге үлгү көрсөттүм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.

16Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, кул өз кожоюнунан жогору эмес, жиберилген адам жиберүүчүдөн жогору эмес.

17Эгерде ушул билгениңерди аткарсаңар, анда бактылуусуңар.

18Баарыңар жөнүндө айтып жаткан жокмун, Мен Өзүм тандап алган адамдарымды билем. Бирок Ыйык Жазуудагы “Мени менен бир дасторкондо отурган адам Мага согончогун көтөрдү” деген сөз аткарылышы керек.

19Мен бул сөздү силерге аткарыла электе эле айтып жатам, аткарылгандан кийин, Ошол Мен экендигиме ишенип каласыңар.

20Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким Мен жиберген адамды кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ал эми Мени кабыл алган адам Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот».

21Бул сөздөрдү айткандан кийин, Ыйса кайгырып, мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мага чыккынчылык кылат».

22Шакирттери Ыйсанын ким жөнүндө айтып жатканын түшүнүшпөй, бири-бирин карашты.

23Шакирттеринин бири Ыйсанын төшүнө башын коюп отурган. Ыйса аны жакшы көрөр эле.

24Шымон Петир ага ким жөнүндө айтып жатканын сурачы дегендей белги берди.

25Ыйсанын төшүнө башын коюп отурган ал: «Теңир, ал ким?» – деп сурады.

26«Бир үзүм нанды табактагы ашка малгандан кийин, кимге берсем, ал – ошол», – деп жооп берди Ыйса. Анан Ал бир үзүм нанды табактагы ашка малды да, Шымондун уулу Жүйүт Искариотко сунду.

27Нанды алары менен, Жүйүттүн ичине шайтан кирди. Ошондо Ыйса Жүйүткө: «Кылайын дегениңди тезирээк кыл!» – деди.

28Дасторкондо отургандардын эч кимиси Ыйсанын ага эмне үчүн ушинтип айтканын түшүнгөн жок.

29Акча салынуучу куту Жүйүттө болгондуктан, кээ бирөөлөрү: «Ыйса ага: “Майрамга карата бизге керектүү нерселерди сатып кел” же “Жакырларга бир нерсе бер”, – деп жатат го», – деп ойлошту.

30Жүйүт нанды алары менен, сыртка чыгып кетти. Түнкү убак эле.

31Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Ыйса мындай деди: «Азыр Адам Уулу даңкталды. Ал аркылуу Кудай да даңкталды.

32Эгерде Кудай Ал аркылуу даңкталса, анда Кудай да Аны даңктайт, Аны жакын арада даңктайт.

33Балдарым! Эми Мен силер менен бир аз убакыт гана болом. Мени издейсиңер. Жүйүттөргө айткан сөзүмдү азыр силерге да айтам: “Мен бара турган жерге силер бара албайсыңар”.

34Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө!

35Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет».

36Шымон Петир Ыйсадан: «Теңир, Сен кайда барасың?» – деп сурады. Ыйса ага: «Мен бара жаткан жакка сен азыр Мени ээрчип бара албайсың, бирок Менин артымдан кийин барасың», – деп жооп берди.

37Петир Ага: «Теңир, эмне үчүн мен Сени азыр ээрчип бара албайм? Мен Сен үчүн жанымды берем», – деди.

38Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Мен үчүн жаныңды бересиңби? Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>